(Кыргыз) Чек ара чырынан “хайп” кармаган “Панорама” сайты

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстан менен Таджикстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунан (ОДКБ) эки жума мурун чыккандыгы тууралуу Сергей Шойгу билдирди. Мындай маалымат социалдык тармактарда желдей тарады.

Окурмандарыбыз билдирүүнү текшерүү өтүнүчү менен бизге кайрылды.

Белгилей кетсек, “жаңылыктын” автору “Панорама” аттуу сатиралык сайт. Бирок бул сайттын өзүндө тиешелүү маалыматты таба алган жокпуз.

Издөө аркылуу маалымат Бишкек убактысы боюнча саат 19.07де “Панораманын” “Твиттердеги” баракчасында жарыяланганын аныктадык.

Эске салсак, Factcheck.kg окурмандарга “Панорама”  сайты жаңылыктарды ойлоп таап, тамаша иретинде жарыяларын буга чейин бир нече ирет  эскертип келген. Андыктан маалыматтын булагы дал ушул сайт болгон учурда ага маани бербей коюу маанилүү.

Жыйынтык: Фейк. Жаңылыкты  “Панорама” аттуу сатиралык маалымат агенттиги ойлоп тапкан.

Factcheck.kg аталган ресурстун маалыматты берүү ыкмасына караманча каршы. Адам өмүрүн алып, тагдырларды талкалаган чек ара жаңжалын өз пайдасына колдонуп, чыр-чатактын андан ары өсүшүнө шарт түзгөн сайттын мындай учурда фейк таратканы кооптуу жана кесиптик этиканын одоно бузулушуна алып келет.