(Кыргыз) Көчөгө белгисиз зат чачылган тасма Кыргызстанда тартылган эмес

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда ири унаа түнкүсүн көчөгө, айрыкча бак-дарактарга белгисиз заттарды чачып аткандагы тасма тараган.  2020-жылдын 6-июлунда журналист Турат Акимов “Фейсбук” баракчасына бул тасма менен бөлүшүп, ал кай жерде тартылганы тууралуу кабар берген эмес. Бирок, көпчүлүк колдонуучу Бишкекте болгон окуя деп кабыл алып, тиешелүү пикир калтырганын көрсө болот.  Акимов бийлик элге коронавирусту атайлап жугузуп аткандай өңүттө коментарий калтырган.

Тасмадагы объектилер аркылуу ал кай жерде тартылганын аныктоо мүмкүн болгон жок. Кадралардан өлкө, шаар же көчө аттары тууралуу маалымат ала алган жокпуз.  Тасмадагы унаанын номерин көрүү аракетибиз да оңунан чыккан жок.

Видеодон mara_97.7 аттуу TikTok колдонуучусунун ысымын көрсө болот. Бирок, анын баракчасынан бул тасма табылган жок. Демек, колдонуучу роликти өчүрүп салган деген тыянак чыгарабыз. Анын башка постторуна көз чаптырып, Казакстанда жашарын биле алдык.

Яндекс аркылуу тасманын скриншоту менен издөө салсак,  видео 26-июнда «Одноклассники» сайтына жүктөлгөнүн көрө алдык. Бирок, анда жогоруда айтылган TikTok логотиби жок болуп чыкты.

Анда тасма Алматыдагы Карасай Батыр жана Верещагин көчөлөрүнүн кесилишинде тартылганы тууралуу маалымат бар. Мындан тышкары, автор жагымсыз жыт тууралуу айтып өткөн.

Автор көчөгө чачылган зат тууралуу маалыматты унаанын айдоочусунан тактабастан, өзүнүн жеке пикири менен бөлүшүп, башка колдонуучуларды дүрбөлөңгө салган.

Google карта аркылуу тиешелүү объектилерди же үйлөрдү табуу мүмкүн болгон жок. Себеби, окуя болуп  өткөн Карасай Батыр жана Верещагин көчөлөрүнүн кесилишиндеги тиешелүү сүрөттөр Google картага түшүрүлгөн эмес.

Ушул эле тасма 26-июнда Lyublyu Tebya аттуу колдонуучу тарабынан «Мамлекет бизди эмне менен ууландырып атат? Коронавируспу же андан да начар вируспу?» деген аталышта жүктөлгөн.

Роликтин башка булактары табылган жок.

Алматыдагы белгисиз заттарды чачыратуунун эки варианты бар: же дезинфекция иштери, же зыяндуу курт-кумурскаларга каршы дары чачуу иштери болушу мүмкүн.

“Алматыдыга дезинфекция” деп издөө салып, көптөгөн казакстандык маалымат агенттиктердин шилтемелерине туш болобуз.  Алардын дээрлик баарында дезинфекция иштери күндүзгү маалда жолдордо, тротуарларда, жөө жүргүнчүлөр өткөн жерлерде жана коомдук жайларда жүрүп атканын көрсө болот.

Ал эми “түнкүсүн алматы көчөлөрүнө чачыратуу” ( “ночное опрыскивание улиц алматы”) деп издесек, шаарды жашылдандыруу жана анын экологиялык абалын жакшыртуу максатында түнкүсүн жана таң эртең курт-кумурскаларга каршы зат чачыратуу иштери жүргөнүнө күбө болсо болот.  Бул тууралуу 2020-жылдын 5-майында Almaty.tv  каналы шаардык башкармага шилтеме берип маалымдаган.

Тазалоо иштери сертификатталган биологиялык жана айрым учурларда Казакстан Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген, коркунучу төмөн болгон (P-4) класстагы химиялык препараттар менен жүргүзүлөт.

Түнкү тазалоо иштери 4 этапта жүргүзүлөт:
– эрте жазда шаар тургундардын даректери боюнча;
– июндун биринчи декадасынан үчүнчү декадасына чейин;
– июль айынын экинчи декадасынан үчүнчүсүнө чейин;
– августтун биринчи-экинчи декадаларында.

Тазалоо иштеринин экинчи этабы тасма тартылган датага, 26-июнга дал келет.

Жыйынтык: ролик Кыргызстанда тартылган эмес. Ал алгач интернетте 26-июнда жарыяланган. Автордун айтымында түнкү чачыратуу Алматыда болуп өткөн. Ал эми шаардык башкарма бул иш-чараны бак-дарактарды зыяндуу курт-кумурскалардан сактап калуу аракети деп сүрөттөйт.