(Кыргыз) “Россия-24” каналынын фейк тууралуу сюжети фейк болуп чыкты

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 7-апрелде “Россия-24” каналында “согуштук аракеттерден театр жасашты” деген аталыштагы сюжет жарык көргөн. Анда “Батыш орус мамлекетине каршы фейктерди кантип даярдап жатканы” айтылат. 

Эфирде алып баруучу “аскердик кийимчен эки украиналык кийинчерээк сөөк катары өткөрүп берүү үчүн манекенди скотч менен ороп жатышат. Бул таң калыштуу эмес – мындай манекендер тартылган ондогон фейктер Украинанын телеграм каналдарында дайыма пайда болот” деп билдирген. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Чынында манекендин катышуусундагы тасма Всеволожск шаарында сериал тартылган учурдан алынган кадрлар. Бул тууралуу алгач тартуучу топтун мүчөсү Надежда Колобаева билдирүү жасаган:

“Бул биз 20-мартта Всеволожск шаарында сериал тартуу учурунда каармандын терезеден кулаганын тарткандагы кадрыбыз. Ал эми бул болсо бизге трюкту тартууга жардам берген Альбертик (манекендин аты – ред.)”.

Буга далил катары Колобаева ушул эле учур башка ракурстан тартылган кадрларды жарыялаган. Анда “Россия-24” каналы жарыялаган тасмадагыдай эле мырзаны баш кийиминен жана саатынан тааныса болот. Колобаева жарыялаган видеодо бул мырза жардамчы манекенди тасмага даярдап жаткан. 

Мындан тышкары, “Россия-24” жарыялаган видеодо аскер кийимчен бир гана адамды көрүүгө болгондуктан, “эки адам тууралуу” маалымат дагы чындыкка дал келберин  белгилейбиз.

 kiev.vgorode.ua сайтынын журналисттери эки тасманын тартылган жерлерин текшерип, бир даректи таап чыгышкан. Чынында эле эки тасма тең Всеволожск шаарындагы Ленинград көчөсү 7 дареги боюнча тартылган. Эки роликти кылдат карап чыкканда, үйдүн жасалгасы жана подъезд дагы окшош экени байкалат. 

Ал эми Яндекс аба ырайы тиркемеси 20-мартта Всеволожск шаарында күн бүркөк болгонун маалымдайт. Бул кубулушту тасмадан дагы байкайбыз.  

Жыйынтык: жалган. “Россия-24” каналынын журналисттери фейк тууралуу сюжетинде телесериал тартуу учурунда алынган тасмаларды колдонушкан.