(Кыргыз) Орусия адам укугун коргоо боюнча конвенцияны жокко чыгардыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

TikTok тармагында Орусияда адам укугун коргоо боюнча конвенция жокко чыгарылды деген видео таркатылууда.

“Орусия Федерациясынын жарандары Орусиядан башка жерде өз укуктарын коргой алышпайт. Бирок Орусияда да өз укуктарын коргой албагандыктан, адам укуксуз болуп калат”, – деп айтылат видеодо.

Роликтин автору өз сөзүн булакка шилтемелер менен же кайсы бир тактоочу маалыматтар менен тастыктаган эмес, ушуга байланыштуу пикир калтыруучу жерде анын сөзүнүн аныктыгы боюнча чоң талаш-тартыш жаралды. Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салгандан кийин анын Европа Кеңешиндеги (мындан ары ЕК) мүчөлүгү убактылуу токтотулган болчу. Убактылуу токтотуп туруу процедурасын Украина жана Польша демилгелешкен. Мурдараак ЕКтин Министрлер комитети Орусиянын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчил түзүлүштөрдү көз карандысыз мамлекет катары тааныганын жана Украинага кол салганын сынга алган болчу.

15-мартта Орусия өзү ЕКтен чыга тургандыгын жарыялап, 2022-жылдын 16-сентябрынан тарта Орусия расмий түрдө анын мүчөсү болбой калды. Бул тууралуу тийиштүү резолюцияда айтылат.

Орусия ЕКтен чыгаары менен анын жарандары өз укуктарын Адам укуктары боюнча Европа сотунда (мындан ары АУЕС) коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Орусия Федерациясынын жарандарында Женевада жайгашкан БУУнун адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу мүмкүнчүлүгү гана калды. Бирок, эксперттер билдиргендей, БУУнун чечими кеңеш мүнөзүндө гана болот, ал АУЕСтин чечиминдей саясий күчкө ээ эмес.

ЕК менен келишимге ылайык Орусия кабыл алган Конвенция балдарды зордук-зомбулуктан жана сексуалдык эксплуатациядан коргоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо сыяктуу коомдук жашоонун бардык өңүттөрүн камтыйт болчу.

АУЕСтин маалыматы боюнча, 2018-жылдан 2021-жылга чейин негизги адам укуктарынын бузулгандыгына байланыштуу доо арыздардын жана бийлик уттурган иштердин саны боюнча Орусия алдыңкы орундарда турат эле.

“Өлүм жазасын кайтаруу”

Орусия ЕКтен чыга тургандыгы тууралуу расмий билдирүү кылганга чейин эле Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев коомдук тармактагы баракчасында пост жазган. Экс-президенттин айтымында, Орусияда бир катар мыйзамдарды кабыл алуу боюнча “жакшы” мүмкүнчүлүктөр пайда болот, мисалы, өлүм жазасын кайтарса болот.

“Андан сырткары, өлкөдө өзгөчө оор кылмыштардын алдын алуу боюнча бир катар маанилүү институттарды калыбына келтирүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң коркунучтуу кылмышкерлер үчүн өлүм жазасы сыяктуу, баса, өлүм жазасы АКШда жана Кытайда активдүү колдонулуп келет”, – деп жазган Медведев өзүнүн «ВКонтакте» тармагындагы расмий баракчасында.

АУЕСтин функциясы

Адам укуктары боюнча Европа соту – бийлик тараптан укуктары бузулган жарандар адилеттүү соттук териштирүүгө жете алган көз карандысыз соттук механизм.

Өзүнүн чечиминде АУЕС жоопкер мамлекет тарабынан Конвенция бузулган деп таба алат. АУЕСтин токтомдорун мүчө мамлекеттер аткарууга милдеттүү жана да бул токтомдор өкмөттөрдү мыйзамдарды, административдик жана соттук практиканы өзгөртүүгө мажбурлайт.

Тыянак: жарым-жартылай чындык. Орусия чындап эле Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын (АУЕК) катышуучусу болууну токтотту, бирок орусиялык жарандар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрыла алышат, анын чечимдери кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ.