(Кыргыз) Садыр Жапаров кудасын «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директору кылып дайындадыбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

21 -октябрда президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Турусбек Түмөнбаевди Мамлекттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кылып дайындады. Социалдык тармактарда Түмөнбаев Жапаровдун эжелеринин бирине тууган болору айтылууда. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Турусбек Түмөнбаевдин бир тууганы Акылбек Түмөнбаев Эсеп палатасында аудитор болуп эмгектенет. Ал парламенттик шайлоодо “Ата Мекен” партиясы менен депутаттыкка аттанган жана өз баракчасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине берген интервьюсу менен бөлүшкөн.  Түмөнбаевдин айтымында анын Таалайбек аттуу агасы каза болгон. 

Эсеп палатасынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. 

“Тизме” порталы да Турусбек жана Акылбек Түмөнбаевдер Кең-Суу айылына караштуу №3074-шайлоо участкаларында катталгандары тууралуу кабар берет. 

Ал ортодо Таалайбек Түмөнбаевдин Бермет жана Айжамал аттуу кыздарынын баракчаларын “Одноклассники” социалдык тармагынан  таптык. Белгилей кетсек, Бермет Түмөнбаеванын профилинде Садыр Жапаров “таяке” (дядя) деп белгиленген.

Жапаровдун бир тууган карындашы Салтанат Жапарова Бермет Түмөнбаеванын сүрөтүнө комментарий калтырганын көрсө болот. 

2012-жылдын 22-ноябрында Айжамал Түмөнбаева өз баракчасына эжеси Дааркүлдүн үлпөт тоюндагы сүрөттөрүн жүктөгөн. 

 2019-жылдын 2-декабрында Айжамал Instagram баракчасында апасынын сүрөтү менен бөлүштү.  

Ал эми Бермет менен Айжамал Түмөнбаеванын энесинин аты ким? Аныктап көрөлү.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун 2 эжеси жана 3 карындашы бар. Эжелери Райкүл Жапарова 1966 – жылы, Акат Жапарова  1963- жылы туулган. 

Райкүл Жапарова 2020-жылдын 27-майында өлкөдөн чыгып кеткени маалым.  “Кактус.Медиа” басылмасы анын Польшадан жарандык аларын кабарлаган.  Ал эми “Тизме” порталында Жапарова тууралуу маалымат табылган жок.

Садыр Жапаровдун дагы бир эжеси Жапарова Акат Нуркожоевна Түп районуна караштуу Кең-Суу айылындагы №3074-шайлоо участкогунда катталган.  

Ошол эле участокто Таалайбек Түмөнбаевдин Бермет жана Нурбек аттуу уул-кызы каттоодон өткөнүн көрсө болот.  

Түмөнбаевдин дагы бир кызы Айжамал Түмөнбаева буга чейин №3074- участогунда каттоодо эле.

Жыйынтыгында Садыр Жапаровдун Турусбек Түмөнбаев менен байланышын аныктадык:

Жыйынтык: Айжамал Түмөнбаева, Бермет Түмөнбаева жана Нурбек Түмөнбаев – Акат Жапарова менен Таалайбек Түмөнбаевдин балдары. Таалайбек Түмөнбаев — “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директоруна дайындалган Турусбек Түмөнбаевдин бир тууганы. Демек, “Унаанын” жаңы жетекчиси Садыр Жапаровго куда болот.