(Кыргыз) Франциядагы эң эски имарат деген чынбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Facebook социалдык тармагында эски имараттын сүрөтү жарыяланып, ал Франция көчөлөрүнүн биринде жайгашканы жана 700 жылдык тарыхы бар экени айтылат. 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Google издөө системасын колдонуп, сүрөттө La Maison de Jeanne аттуу имарат экенин аныктайбыз. Имараттын Facebook социалдык тармагында жеке баракчасы бар жана ал Франциянын түштүгүндөгү Окситания регионунда Аверон аймагында жайгашкан.

Учурда бул имараттын сырткы келбети өзгөртүлгөн.

Ал эми Google Street View тиркемесинин жардамы менен анын 2012-жылдагы сүрөтүн аныктайбыз.

Neozone сайтындагы маалыматка ылайык, 2019-жылы бул имаратка дендрохронологиялык анализ жүргүзүлүп, бул үчүн үйдүн конструкциясынан 20га жакын жыгач алынып, андан соң лабораторияда текшерилген. Ошентип, имарат 14-кылымга таандык экени аныкталды. 

Бирок,  La Maison de Jeanne Франциядагы эң эски имарат эмес. Өлкөдө “Альбидеги Фенассе мейманканасы” 1 Rue Des Foissants жана Rue Saint-Étienne көчөлөрүнүн кесилишинде, Альбидеги Тарн департаментинде жайгашкан. Бул имарат 12-кылымга таандык.

Жыйынтык: жалган. La Maison de Jeanne Франциядагы эң эски имарат эмес.