(Кыргыз) Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздаганга мамлекет канча каражат бөлөт?

Былтыр 5-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мектептерде санариптик трансформациялоону баштай тургандарын билдирген. Ошондой эле Жапаров өлкөнүн бардык мугалимдерин ноутбуктар менен камсыздоо керектигин, алар шаарларда, айылдарда эң билимдүүлөрдөн, алдынкылардан болушу зарылдыгын айткан. Анын айтымында, мамлекет мугалимдерден кийин окуучуларга да ноутбук берүүнү пландап жатат. Министрлер кабинети бул ишке канча каражат бөлгөнүн жана бул каражатка кандай ноутбуктарды сатып алса болорун бул материалда айтап беребиз.
Быйыл 7-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусундагы коллегияга катышып, анда билим берүү тармагына байланыштуу маселени көтөргөн. Байсалов Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү тутумун киргизүү керектигин айтып, мамлекет ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздай тургандыгын тастыктаган.
14-февралда Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева мугалимдерге ноутбуктарды сатып бериш үчүн Министрлер кабинети 1.5 млрд сом бөлгөнүн билдирген. 1-сентябрга чейин бардык мугалимдер аны ала турганын убадалаган.
«Техника биринчи кезекте STEM-предметтер (физика, химия, биология, математика, информатика, англис тили) боюнча мугалимдерге берилет», — деди Самыкбаева.
Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы жалпы билим берүүчү мектептерде дээрлик 90 миң мугалим иштеген. Ошондо ар бир ноутбуктун баасы 16 700 сом болушу керек болот. Эгер Кыргызстандагы жаңы ноутбуктардын баасын караштырсак, бул суммага Lenovo компаниясынын эң арзан ноутбуктарын гана сатып алса болот.

Эдил Байсаловдун айтымында, мугалимдерге ноутбуктарды Кытайдан сатып алуу пландаштырылууда. Ага ишенсек, 900-1500 доллар (≈80.5-134 миң сом) турган компьютерлерди 200-250 долларга (≈18-22 миң сом) сатып алса болот экен. Мамлекет кытай компаниялары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы тууралуу мурда Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева дагы айткан болчу.
Бирок ноутбуктун модели, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан компания тууралуу эч ир маалымат берилген эмес.
Жогоруда келтирилген сандарга таянып Factcheck.kg’нин журналисттери 80-134 миң сом турган ноутбуктардын айрым моделдерин таап чыгышты. Бул баага Asus, Dell, Gigabyte, MacBook ж.б. ноутбуктарын сатып алса болот.
Ошондой эле биз кытайда өндүрүлгөн товарларды, анын ичинде ноутбуктарды да дүңүнөн сатып алса боло турган Made-in-China сайтын таптык. VGKE моделиндеги ноутбукту 193 долларга (≈17 миң сом) сатып алса болот экен.
Сайттан ошондой эле 160 доллардын (≈14 миң сом) айланасында турган ноутбуктарды тапса болот.
Бирок белгилей кетүүчү жагдай, бул сайттагы товардын баштапкы баасы дүңүнөн, көп санда сатып алуудагы баадан ашып кетсе 100-150 долларга (9-13.5 миң сом) кымбатыраак, Министрлер кабинети болсо 650-1300 долларга (58-116 миң сом) түшүрүп сатып алгысы келет.
Тыянак:
Мамлекет мугалимдерге ноутбуктарды сатып бериш үчүн бюджеттен 1.5 млрд сом бөлгөн жана ноутбуктарды дүң баада Кытайдан сатып алууну пландаштырууда. Билим берүү министрлиги сентябрга чейин бардык мугалимдер ноутбуктар менен камсыз болот деп билдирет.