(Кыргыз) Сөз VS иш. Садыр Жапаровдун сөз эркиндиги боюнча убадалары жана билдирүүлөрү

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Садыр Жапаров дээрлик үч жыл мурун, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын Президенти болуп шайланган болчу. Андан бери мамлекет башчы бир нече жолу сөз эркиндиги темасына кайрылып, ал боюнча өз оюн билдирген.

Factcheck.kg’нин редакциясы анын убадаларын жана билдирүүлөрүн жана иш жүзүндөгү абалды эске салууну чечти.

2021-жыл. Сурактар, журналисттерге карата кылмыш иштер, бейөкмөт уюмдарына каршы митингдер

Ал сөз эркиндиги жөнүндө алгачкы билдирүүсүн президенттин милдетин аткаруучу болуп турган кезинде эле 2020-жылдын 6-ноябрында жасаган болчу. Жапаров «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн журналисттер менен бейформал жолугушуу учурунда өзү да карикатураларды жакшы көрөрүн жана ал үчүн эч кимге доомат койбой турганын билдирген.

«Интернеттеги карикатура үчүн эч ким куугунтукка алынбай турганына убада берем, кааласаңар, кол алышалы», – деп убадалаган Жапаров.

Садыр Жапаров бир аздан соң 2020-жылдын 14-декабрында президенттин м.а. болуп турган кезинде пресс-конференция берип жатып журналисттер үчүн эшиги дайым ачык экенин айткан.

«Мен силердин жардамыңарга муктажмын. Эгер силер фактынын негизинде калыс иликтөөлөрдү жасай турган болсоңор, ал көз жаздымда калбайт, күнөлүүлөр жазасын алат» – деп билдирген Садыр Жапаров.

Президент болуп шайланган күндүн эртеси, 2021-жылдын 11-январындагы пресс-конференция учурунда «Сын айткан маалымат каражаттарын кысымга албайсызбы?» деген суроого: «Жок, андай болбойт» деп жооп кайтарган.

«Сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын. Сөзсүз түрдө коргойм. Эгерде сиздерге кандайдыр бир куугунтук болуп аткан болсо болушам. Бирок мен сиздерден көптөн-көп суранам. Менин сөзүм болобу же башка саясатчыбы, өкмөт мүчөлөрүбү, сөздөрүн кыркып алып, өзүңөрдүн комментарийиңер менен башка жакка сүйрөбөй, эки тараптуу кылып калыс пикириңиздерди жазып турсаңыздар, анда эч кандай куугунтук да болбойт. Сиздерден да жоопкерчиликти суранат элем. Калыс алып барыш керек».

Убадаларына карабай, бир нече айдан кийин журналисттер суракка алына баштаган, аларга кол салуу учурлары катталган, ошондой эле кылмыш иштери козголуп, бейөкмөт уюмдарына каршы митинг уюштурулган.

2021-жылдын май айында Жогорку Кеңеште «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору талкуулана баштаган. Бул мыйзам долбоор сөз эркиндигин чектегендиктен ал кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн, бирок «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдар кабыл алынган. Мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөр бардык бейөкмөт уюмдарды иш алып баруусуна байланыштуу бардык отчетторду – бухгалтердик документтерди, эсептерди жана уюмдардын мүлкүн, кызматкерлердин жеке маалыматтарын жарыялоону милдеттендирди, ал эми «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам бийликтин пикириндеги жалган маалыматты жарыялаган каалаган сайтты соттун чечимиси жок эле бөгөттөөгө мүмкүнчүлүк берди.

2021-жылдын соңунда журналисттер профилдик мекемелер алардын суроо-талаптарына жооп бербей жаткандарын айтып чыгышты. Жыйынтыгында мамлекет башчынын аппаратынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин айлык акылары да, «Кумторго» байланыштуу бардык маалыматтар да «коммерциялык сырга» айланды. УКМК депутат Алиярбек Абжалиевге, экс-мэр Азиз Суракматовго, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айтмаматовго карата козголгон кылмыш иштеринин учурдагы абалы тууралуу суроо-талаптарга жооп берген эмес.

2022-жыл. Журналисттерди кысымга алуу, камакка алуу

Башкы прокруратуранын маалыматы боюнча, 2010-жылдан 2022-жылга чейин журналисттерге жана ЖМКларга карата он үч кылмыш иши козголгон. Жарымынан көбү акыркы эки жылда козголгон деп билдирет «ПолитКлиника».

Садыр Жапаров 2022-жылы Кыргызстанда сөз эркиндиги бар жана өлкөбүз демократияны куруу жолунда баратат деп бир нече жолу билдирген.

Бирок журналисттерди куугунтуктоо улана берген. Иликтөөчү журналист Болот Темиров УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик мекеменин мазутун сатып 30 млн сомдон ашык киреше тапкандыгы тууралуу материалын жарыялагандан кийин журналист камакка алынган болчу. Аны кармоо учурунда баңгизат табылган имиш.

Андан соң ал УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын аты аталган дагы бир иликтөө жарыялаган. Ошондон соң журналистке «документтерди жасалмалаган» жана «чек араны мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган. 28-сентябрда өткөн сот журналистти «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» жана «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери боюнча актап, «Документтерди жасалмалоо» эпизоддору боюнча күнөөлүү деп тапкан. Болот Темиров 2022-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык соттун чечими менен соттук отурумдан дароо эле мамлекеттин эсебинен өлкөнүн сыртына чыгарылган болчу.

Ошол эле жылы Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиев Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчисинин постун телеканалдын коомдук тармактагы баракчасына кайра жарыялап, улут аралык кастыкты козутту деген айып менен камакка алынган. Сот аны күнөөлүү деп таап беш жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган, бирок ага үч жылдык пробациялык жаза берүү менен бошоткон.

2022-жылдын 23-24-октябрында укук коргоо органдары Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 20 саясатчыны жана активистти «массалык башаламандыкты уюштурууга даярданган» деген айып менен камакка алган.

2022-жылдагы дагы бир чоң окуя «Азаттык Медианын» сайтын бөгөттөө болду. Ал «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынышы менен мүмкүн болду. Маданият жана маалымат министрлиги 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт боюнча даярдалган «Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар» аталышындагы видео материал үчүн сайтты 2 айга бөгөттөгөн. Андан кийин Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы редакциянын банктык эсебин бөгөттөп салган. «Азаттыкка» байланыштуу иш жарым жыл каралып, редакция материалды сайттан алып салгандан кийин сайт кайра иштей баштаган.

Андан сырткары ушул эле мыйзам менен ResPublica гезитинин сайты бөгөттөлүп, 24.kg сайтын бөгөттөө аракети болгон.

Сөз эркиндигинин абалына «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзам долбоору да таасир этиши мүмкүн. Кыргызстан президентинин администрациясы 2022-жылдын октябрында сөз, маалымат жана ЖМК эркиндигине укуктарды кыйла чектеген ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Документ кабыл алынса бир жыл аралыгындагы эки мыйзам бузуу үчүн каалаган ЖМКны жапканга мүмкүнчүлүк түзүлөт, ошондой эле мыйзам долбоору жарандардын жеке жашоосуна кийлигишкенге тыюу салат. Ушуга байланыштуу журналисттик иликтөөлөргө тыюу салынышы ыктымалдыгы жаралат. Учурда мыйзам долбоордун бешинчи редакциясы даярдалды, бирок аны Акыйкатчы институту жана «Медиа Полиси Институту» КФ катуу сынга алышты.

2023-жыл. Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде төмөндөдү, журналисттерди жана маалымат каражаттарын куугунтуктоо уланууда

Кыргызстан 2023-жылы Пресса эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде 50 пунктка төмөн түштү. Учурда ал 180 орундун ичинен 122-орунда. Ал эми Садыр Жапаров сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо ал үчүн эң маанилүү экенин билдирди.

Бирок бийлик бүгүнкү күнгө чейин сөз эркиндигин дагы эле чектеп келет. Маселен, Маданият жана маалымат министрлиги 2023-жылдын сентябрында УКМКнын кайрылуусуна байланыштуу Kloop.kg редакциясынан камактагы саясатчы Равшан Жээнбековду №1 тергөө абагындагы кыйноо тууралуу материалды алып салууну талап кылган, бирок басылма каршы экенин билдиргенде, сайттын кыргыз тилдүү баракчасын бөгөттөп салган.

Андан бир аз мурдараак Бишкек прокуратурасы УКМК «азыркы бийликтин саясатын кескин сынга алган» контентти тапкандыктан «Клооп Медиа» коомдук фондусун жабуу тууралуу доо арыз менен сотко кайрылган. Кыргызстандын медиа коомчулугу бул «өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөө» болуп эсептелерин билдирген.

Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окутууда кабыл алынган. Аталган мыйзам долбоору чет элдик агенттер жөнүндө орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү болуп эсептелет жана «чет элдик өкүл» деген түшүнүктү киргизүүнү караштырат. БУУ Кыргызстандын бийлигин бул мыйзам долбоорду кабыл албоого чакырды. Анын пикиринде, мыйзам долбоору өтө кооптуу болуп эсептелет, ал жарандык коомдун ишмердүүлүгүнө катуу таасир тийгизип, сөз эркиндигине байланыштуу фундаменталдуу укуктардын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдардын ишине активдүү катышкандыгы же аларга колдоо көрсөткүндүгү үчүн адамды 10 жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган.

Тыянак: мамлекет башчынын убадалары менен билдирүүлөрү бийликтин аракеттерине дал келбей, айырмаланып турат. Аны менен катар Кыргызстандын басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингдеги орду уламдан-улам төмөндөп баратат. Бир гана 2023-жылы ал 50 пунктка төмөндөгөн.