(Кыргыз) АКШ Рамзан Кадыровду санкциялык тизмектен чыгарып салдыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Чечнянын башчысы Рамзан Кадыров АКШнын санкциялык тизмегинен чыгарылды. Бул тууралуу орусиялык URA.ru ЖМКсы билдирди. Ал билдиргендей, бул тууралуу маалымат АКШнын Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган.

Айткандарын тастыктоо иретинде авторлор документтен төмөнкү үзүндүнү келтиришет:

“Тизмекке төмөнкү алып таштоолор киргизилди <…> КАДЫРОВ Рамзан Ахматович”, – деп билдирет сайт. OFAC уюму Specially Designated Nationals List (SDN) жактардын кара тизмегин жарыялап келет. Кадыров ушул тизмектен чыгарылган. Бирок Рамзан Кадыров бул барактагы “өзгөртүүлөр тизмегине” да киргизилген”, – деп айтылат жаңылыкта.

Factcheck.kg редакциясы бул жаңылыктын аныктыгын текшерип көрдү.

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 14-ноябрда чынында эле өзгөчө белгиленген жана блоктолгон адамдардын тизмегине өзгөртүүлөр киргизилген.

Эсерте кетсек, OFAC (Office of Foreign Assets Control же АКШ Каржы министрлигинин чет элдик активдерге көзөмөл жүргүзүү башкармалыгы, ред. түш.) алып барган тизмекке АКШнын сырткы саясатына же улуттук коопсуздук максаттарына коркунуч жараткан же ага тоскоолдук кылган ишмердүүлүккө тиешеси бар деп АКШ өкмөтү эсептеген тараптар киргизилет. OFAC тарабынан башкарылуучу ар кандай санкциялык программаларга байланыштуу жеке адамдар, юридикалык жактар, соттор, кызмат адамдары жана уюмдар тизмекке киргизилиши мүмкүн.

Мекеменин документинде Рамзан Кадыров тууралуу “Кадыров Рамзан Ахмадович” деген транскрипциядагы маалыматтар алынып, “Кадыров Рамзан Ахматович” деген транскрипциядагы маалыматтар киргизилгени айтылат. Башкача айтканда, документте саясатчынын атасынын ысмынын жазылышына гана өзгөртүүлөр киргизилген, ушул нерсе жаңылык жазууга негиз болгон.

Ошондой эле, учурда колдонуудагы санкциялык тизмектин Sanctions List Search  сайтында Рамзан Кадыров тууралуу маалыматты тапса болот. Маалыматтар базасында санкцияга байланыштуу актуалдуу маалыматтар камтылган:

Америкалык каржы министрлигинин билдирүүсү боюнча, Рамзан Кадыров Чечнянын жарандарын Украинадагы согушка мобилизация кылган.

“Эл алдында өзүн Путиндин “жоокеримин” деп атаган Кадыров Орусиянын Украинага кол салуусундагы ролу үчүн “генерал-лейтенант” деген аскердик наамга чейин көтөрүлгөн. Кадыровго таандык чечендердин аскердик бөлүктөрү орус аскерлери мыкаачылык кылып, үйлөрдү талкалаган Бучада жайгашкан болчу. Орусиянын аскердик аракеттерине катышуу үчүн адамдарды ал спорттук мушташ клубдары аркылуу жалдайт, бул ага жана анын бөлүктөрүнө Украинадагы согушун улантууга мүмкүндүк берет”, – деп айтылат мекеменин документинде.

Ошол эле кезде, Кадыров Владимир Путин менен жакындыгын колдонуп, чоң байлыкты топтогонго жетише алган. Ал Бириккен Арабдар Эмиратында үй, жеке менчик зоопарк, кымбат баалуу автоунааларды сатып алган.

Ошондой эле АКШнын бийликтери анын бир катар жакын туугандарына карата чараларды көргөн:

  • Медни Мусаевна Кадырова (Медни) — Кадыровдун аялдарынын бири.
  • Фатима Шайхиевна Хазуева (Фатима) — Кадыровдун аялдарынын бири.
  • Аминат Ахмадова (Аминат) — Кадыровдун аялдарынын бири.
  • Айшат Рамзановна Кадырова (Айшат) — Кадыровдун бойго жеткен кыздарынын улуусу, Чечняда маданият тармагында алектенет.
  • Карина Рамзановна Кадырова (Карина) — Кадыровдун бойго жеткен кыздарынын бири, Чечнядагы окуу жайдын жетекчиси.
  • Табарик Рамзановна Кадырова (Табарик) — Кадыровдун бойго жеткен кыздарынын бири.

Тыянак: көз жазгыруу. АКШнын Каржы министрлиги чынында эле Рамзан Кадыров тууралуу “Кадыров Рамзан Ахмадович” деген транскрипциядагы маалыматтарды алып салган, бирок “Кадыров Рамзан Ахматович” деген транскрипциядагы маалыматтарды киргизген. Бирок орусиялык басылма маалыматтардын алынып салынганына гана басым кылып, аны материалдын аталышына алып чыккан.