(Кыргыз) АКШ чындап эле Орусиянын пландарынан коркобу? Орусиянын гипер ылдамдыктагы ракеталары тууралуу жаңылыктарда эмне деген маалымат тарап жатат? Текшеребиз

USA, Alaska, Barrow, August 2018. A barge which brings fuel for the upcoming winter is almost trapped by ice, although the sea ice melted months ago: the ice is from a large ice shelf from the northpole broke of and drifted south. The coast at and around Barrow is eroding away rapidly, this is being speeded up by the early dissapearence and late arrival of the sea ice, which was always a natural barrier when storms would occur. Kadir van Lohuizen / NOOR for Carmignac Fondation

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Фотосүрөт: KADIR VAN LOHUIZEN/NOOR

Акыркы күндөрү орус ЖМКларында “АКШ Орусиянын пландарынан коркот” жана АКШ: Орустар жакшы иштешти деген аталыштарда жаңылыктар массалык түрдө жайылууда.  Мында журналисттер  Трой Буффард аттуу америкалык эксперттин Америкада “орустардын гипердабыш ылдамдыктагы ракеталарынан коркуп жатканы” тууралуу пикирин келтиришүүдө.  Аляскада жайгашкан коопсуздук жана арктикалык туруктуулук Борборунун директору мындай оюн Le Mondeнин журналистине берген интервьюсунда билдирген.Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү:

Буффардын орустар колдонгон “цитаталары

“РИА-Новости”, Царьград, News.ru жана башка сайттар өз макалаларында Трой Буффарддын АКШны орустардын гипердабыш ылдамдыктагы ракеталарын жасаган программасы кооптондураары боюнча цитаталарынын үзүндүлөрүн  колдонушкан.

“Стратегиялык жактан орустар жакшы иштешти. Алардын пландары коркунучтуу», – деп ушундай типтеги ракеталар тууралуу Буффарддын сөздөрүн РИА «Новости» өз макаласында ушинтип келтирген.

Орусия жана Кытайдын  куралдануусунда турган бул ракеталар саатына 6000 чакырымдан ашык ылдамдыкта, чакан бийиктикте учуп, багытын да өзгөртө алат. “Ракеталарды  тосуп токтотууга болбойт, жалпысынан эле бул такыр мүмкүн эмес”, – деп Буффарддын айткандарын “РИА-Новости” жазып чыккан.

“Биздин (ред.- америкалык, “РИА-Новости”) жээк күзөттө эки муз жаргыч бар, аскер деңиз күчтөрүндө бирөө да жок, ал эми орустарда элүү беш бар, анын ичинен бешөө атомдук. Бизде эч нерсе жок”, – деди Буффард.

Ал эми Le Monde эмне деп жазган?

Биз Le Monde басылмасынын “Аляска – Орусия менен күрөштө АКШнын форпосту” аттуу макаласынын толук версиясын “Иносми” сайтында орус тилинде таап чыгып Буффарддын сөздөрү контексттен алынып колдонулганын аныктадык.

Мисалга материалдагы эксперттин цитатасы келтирилген бир абзацын толук карап көрөлү:

Америкалыктардын гипердабыш ылдамдыктагы ракеталарды чыгаруу жагынан Кытай жана орусиялыктардан артта калгандыгын эске алганда, бул тема бир караганда экинчи орунда тургандай сезилет. Алар саатына 6000 чакырымдан ашык ылдамдыкта, чакан бийиктикте учуп, багытын да өзгөртө алат. Кыскача айтканда, бул куралды токтотууга мүмкүн эмес. Трой Буффар бул туурасында төмөнкүлөрдү белгиледи: “Ракеталарды  тосуп токтотууга болбойт, жалпысынан эле бул такыр мүмкүн эмес“.  – Алардын пландары коркунучтуу, бул биздин коргонуу маселебизди кайрадан карап чыгуу керектигин ойлондурат.  Стратегиялык жактан орустар жакшы иштешти, алар ушул ракеталары менен биздин коргонуубузду алсыз кылышты.  Пентагон 13-июлда Нью-Мексико чөлүндө үн ылдамдыгынан беш эсе ылдамдыкка жете алган Lockheed Martin өндүрүшүндөгү  эки ракетанын ийгиликтүү учурулгандыгын жарыялады. Бул маанилүү стратегиялык маселе Аляскада эмес, Вашингтондо чечилет.

Мындан тышкары эксперт маекте билдиргендей, “Украинадагы чыр-чатактын жүрүшүндө Орусия менен АКШ Беринг кысыгынын эки тарабында бири-бирин байкап турушат. Эки тарап тең америкалыктарга караганда орустар үчүн ал стратегиялык жактан чоң мааниге ээ экендигин билишет, анткени Москва экинчи фронтту ачып,  аймактык суулар теориялык жактан кепилденген күндө да эки океанга чыгуу жолун жоготуп алышы мүмкүн.

“Орустар Беринг кысыгында көйгөйлөрдүн жаралышын каалашпайт, бул алардын Арктикага дарбазасы”, — деп жыйынтыктайт өз сөзүн Трой Буффард.

Жыйынтык: манипуляция жана пропаганда. Орус ЖМКлары Трой Буффарддын сөздөрүнүн маанисин өзгөртүш үчүн контексттен чыгарып алып колдонушкан. Буффар америкалыктардын кытайлардан жана орустардан гипердабыш ылдамдыктагы ракеталарды чыгаруу жагынан артта калганы тууралуу чындап эле айткан. Бирок бул проблема чечилчү маселе экендигин билдирген. АКШнын коргонуусундагы алсыздыкты жабуу үчүн Пентагон жаңы гиперылдамдыктагы ракеталарды иштеп чыкты.