(Кыргыз) Фактчек. Кой менен чочко аргындаштырылганбы?

(Русский) В соцсетях распространятся видео о якобы генно-модифицированных овцах/свиньях. Мы проверили, существуют ли они на самом деле.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда бир көргөндө суроо жараткан жаныбарлардын видеосу кеңири тарады. Видеонун автору көрөрмандарга “Бул жарым-жартылай койбу же чочкобу?” деген суроо узаткан.

 

 

Көптөгөн соцтармак колдонуучулары жасалма гендик мутация болгонуна ишенип, видео вирустай тараган. Жайылган сайын тасманын темасы өзгөрүүгө дуушар болуп, анын алдында көптөгөн комментарийлер чогулган.

Айрым комментаторлор мындай эт адамдын генин бузат деп, андан баш тартууну сунуштаган.

 

Тасма Facebook,  ВКонтакте жана  YouTube социалдык тармактарына жайылып кеткен.

Биз бул видеонун чын же төгүн экенин аныктап, анын “каарманын” изилдеп көрөлү.

Тасманын скриншоту аркылуу издөө салсак, бир нече булак пайда болду.

Алар канчалык көп болсо, чындыкка жетүү ошончолук татаал, себеби ар бир булактын мүнөздөмөсү да ар түрдүү. Мисалы, бул видео төмөндөгүдөй мүнөздөлөт: “Великобританиядагы генетикалык өзгөрүүгө дуушар болгон организм,  Ромалдкерк  чарбаларынын жетишкендиги”.

Тасманын кылдаттык менен изилдеп чыгып, андан мотаждалган кадр тапкан жокпуз. Андыктан кошумча маалымат алуу үчүн айрым бөлүктөргө кайрылсак.

Видео башталганда жогоруда илинген баннер жана плакаттарга көңүл бурабыз.

Алардын сапаты начар болгонуна карабай, баштапкы текст  JEWITT BELTEX деп оңой окулат.

Аталган текст аркылуу издөө салсак, баары белгилүү болуп чыга келет.

Көптөгөн булактардын шилтемеси пайда болду. Анын ичинде  Facebook социалдык тармагындагы расмий баракча да чыкты.

Баракчада жазылган маалыматка ылайык, табышмактуу жаныбарлар генетикалык мутант эмес эле, Белтекс тукумундагы кой экени аныкталды: «Биз асыл тукум жана коммерциялык селекционерлер үчүн Beltex жана Blue Texel тукумундагы сапаттуу койлорду көбөйтүүнү көздөйбүз   («We aim produce top quality Beltex and Blue Texel sheep for pedigree and commercial breeders»).

Ал эми роликтеги BELTEX CRACKERS FEMALE SALE деген жазуусу бар баннер аркылуу, тасма 2017-жылдын декабрь айында Белтекс тукумдуу койлорго арналган жарманке өткөрүлгөн кезде тартылганын аныктайбыз.

Андан соң бул тукум тууралуу маалыматты адистештирилген сайттардан издеп көрөбүз.

Украиналык “Алгачкы селекция чарбасы” сайтынан ( «Первая селекционная ферма»)  төмөндөгүдөй маалымат алса болот. «Белтекс (Beltex) – кыска жүндүү жана эттүү койлордун тукуму. Анын аталышы   – бельгиялык тексель (бельгийский тексель) дегенден келип чыккан жана Бельгияда тандоо жолу менен”тексель” тукумунан  атайлап жасалган.

Мындан тышкары  АгроПортал сайтында Белтекс  дүйнөдөгү эң атактуу 10 тукумдун катарында турганын билсе болот.

Жыйынтык:

– Тасма монтаждалган эмес, ал чын эле BELTEX CRACKERS FEMALE SALE жарманкесинде 2017-жылдын декабрь айында тартылган.

– Видеодо БЕЛТЕКС тукумдуу, этүү койлор тартылган. Асыл тукум 80-жылдары Голландиядан селекция жолу менен чыгарылган жана Рим империясынан тарта белгилүү болгон  ТЕКСЕЛЬ тукумунан алынган.