(Кыргыз) Коронавирустан сакайгандардын үчтөн бири кайрадан ооруканадабы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Covid-19дан айыккандардын үчтөн бири беш айдын ичинде кайрадан ооруканага түшүүдө. Бул тууралуу маалымат изилдөөлөргө таянуу менен бир нече сайттарда жана социалдык тармактарда пайда болду.

Factcheck.kg окуянын чоо-жайын териштирди. 

Орус тилдүү маалымат агенттиктери bbc.com сайтындагы макаланы алгачкы булак катары көрсөткөн.  Аталган сайтта коронавирус менен ооруп, айыккандардын дээрлик үчтөн бири ар түрдүү оорулардан улам кайрадан ооруканага кайрылгандары тууралуу маалымат жарыяланган. Макалада Лестер университетинин Улуттук статистика бюросу менен бирге жүргүзгөн изилдөөсү тууралуу айтылат.

Бул изилдөөдө коронавирустун оор түрүнө чалдыккан адамдардын ичинен 29,4%ы 140 күндө кайрадан дарыгерге кайрылгандыгы тууралуу айтылат. Ал эми 12,3%ы кайтыш болгон. Изилдөөгө орто эсеп менен 65 жаш курактагы 47 780 адам катышкан. Окумуштуулардын айтымында бейтаптардын айыккандан кийинки ден соолугунун начарлашынын себеби – бул узакка созулган ковид.

Башкача айтканда, бул ковиддин кайрадан жанданышы эмес, узакка чейин созулушу. Бейтапта ар түрдүү симптомдор байкалат. Айрым учурда муунуу, өнөкөт чарчоо, жыттын жана даамдын жоголушу сыяктуу чыдамсыз ыңгайсыздык жаратат. Мындан тышкары, ички органдардын иштөөсүнүн начарлашы, жүрөк, боор жана бөйрөк ооруларынын козголушу жана диабеттин өрчүшү ж.б. учурлар да болот. 

Лестер университетинин профессору Камлеш Кумлинин айтымында бул Британияда эң ири изилдөө. Ал бейтаптар сакайып, үйүнө кайткан соң, узак симптомдор пайда болорун, бейтаптар кайрадан ооруканага келерин, жана алардын ичинен айрымдары кайтыш болорун белгилеген. 

“Эң негизгиси, изилдөө “узак ковидге” даярдануу керектигин көрсөтүү. Ооруканадан чыгарылган бейтаптардын абалын көзөмөлдөө — бул эбегейсиз чоң тапшырма. Саламаттык сактоо кызматы чектен ашып иштеп атканына карабай, мониторингди да колгоо алуу керек”, — деп билдирген ал.

Эске салсак, бул изилдөө аягына чейин жүргүзүлүп бүтө элек, ал препринт серверинде жайгаштырылган жана учурда алдын ала тыянак чыгаруу эрте.

Жыйынтык: далилденген жок. 

Изилдөө эксперттердин элегинен өтө элек, учурда окумуштуулар статистикага жана пациенттердин сурамжылоосуна  таянууда.