(Кыргыз) Турмушка чыгып, көз жумду. Йемендеги 8 жашар кыздын тагдыры тууралуу макаланы текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 

40 жашар адамга турмушка чыккан соң, нике түнүндө жаракат алып, каза болгон 8 жашар кыздын тагдыры социалдык тармактарда кызуу талкууга алынды.

Айрым колдонуучуулар маалыматтан күмөн санап, Factcheck.kg редакциясына кайрылган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/2ec69ad69f640e4e08352499a7329ad13f1c8480.png?resize=640%2C1046&ssl=1

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/7a51011dbde5933f81b885235189bae914c8a747.png?resize=638%2C111&ssl=1

 

Маалымат буга чейин snopes.com аттуу америкалык фактчек ресурсу тарабынан текшерилгенин ачык булактардан аныктадык. Трагедия тууралуу алгач “Аль-Ватан” аттуу Кувейт басылмасы жазып чыккан. Маалыматка ылайык, 2013-жылдын сентябрь айында Йемендин түндүк-батышында Раван аттуу 8 жашар кыз 40 жаштагы адамга баш кошкон. “Нике түнүнөн кийин Равандын ички органдары канжалап, жыйынтыгында ал көз жумган”, — деп айтылат макалада.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/c551cdc746ef515d75d81849e5761460a51ec98b.png?resize=640%2C246&ssl=1

Окуяны Полит.ру сайты мындай баяндайт:

 «Эркиндик менен укук» тобунун жетекчиси жана жергиликтүү активист Арва Отмандын айтымында кыз оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бирок, доктурлар анын өмүрүн сактап кала алган жок.  Ал эми жергиликтүү бийлик кыздын туугандарына жана 40 жашар жолдошуна карата эч бир чара көргөн жок. Тескеринче, окуяны жашырууга аракет кылган.  

Андан көп өтпөй йемендик укук коргоочулар окуяны иликтегени жана аны төгүндөгөнү тууралуу Дубайдагы Gulf News  басылмасы баяндаган.

Харад кыштагына караштуу жазыктык издөө бөлүм башчысы Мослех Аль Гузи  Gulf News корреспондентине “Раван тирүү”, – деп билдирген.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/25e9f12a8f8f5099e6edc1b18feac719699c0388.png?resize=560%2C370&ssl=1

Image Credit: Saeed Al Batati/Gulf News

Gulf News кабарчылары Равандын атасы Мухаммед Абкар Эбрахим Хаттанды издеп тапкан. Ал кызынын өлүмү тууралуу кабар негизсиз ушак деп билдирген.

Мухаммед Абкар Эбрахим Хаттан өздүгүн тактоочу документтерди көрсөтө алган эмес. Бирок анын өздүгүн Миди жергесиндеги мурдагы кошуналары журналист көрсөткөн сүрөттөн тастыктап берген. Абкар Эбрахим Хаттан Миди жергесинде Раван тууралуу жаңылык жайылып кеткиче жашап, андан соң көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Менин үч кызым жана бир уулум бар. Улуу кызым турмушка чыккан, ал эми калган экөө өзүм менен турат, – деген Мухаммед Абкар Эбрахим Хаттан.

“Менин атым Раван Мухаммед Абкар Эбрахим Хаттан”, – деген кыздардын бири, – менин өлүмүм тууралуу маалымат жалган.

Журналисттер кыздын өздүгүн тактоочу документтерди тапкан эмес. Мындан тышкары, Мидиде жашаган Мухаммеддин мурдагы жакын кошунасы Абду Ахмад Сумеа жана анын уулу Раванды сүрөтүнөн тастыктап берген эмес.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/db14c51ef113f00c074cbbf7eecc32d050bb08cf.png?resize=640%2C422&ssl=1

Gulf News басылмасына Равандын өлүмү тууралуу кабарлагандардын баары кыз чынында эле турмушка чыкканын жана анын сөөгү Харад жергесинде жашыруун коюлганын айтышкан. Бирок, тилекке каршы алар конкреттүү далилдерди келтире албай, окуя тууралуу расмий эмес булактардан укканын айтышкан.

Равандын өлүмүн биринчилерден болуп ЖМКга билдирген жергиликтүү тургун Мохаммад Хассан аль-Хуайди нике Харад отелдеринин биринде болгонун ишенимдүү түрдө тастыктаган.

 «Раван өлгөн соң, Хараддагы өлүкканага жайгаштырылган. Ал эми полиция анын күйөөсүн камакка алып, бирок, бир аздан соң бошотуп жиберген».

Мохаммад Хассан аль-Хуайди

 

Бийлик, полиция кызматы жана Равандын атасы окуяны төгүндөгөн.

CNN, The Guardian, Snope жана башка дүйнөлүк ЖМКлар кыздын өлүмү тууралуу баяндаган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/176002304c9146ac558950baa07c7fdbe8e91b4b.png?resize=640%2C599&ssl=1

2016-жылдын ноябрь айында, окуядан үч жыл өткөн соң, Раван тууралуу Africa Guinea News агенттиги ал эми 2019-жылы апрель айында Opposing Views басылмасы жазып чыккан.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 12-февралында 8 жашар кыздын өлүмүн кайрадан The Asia Times ЖМКсы  чагылдырылган.

The Asia Times —  2019-жылдын февраль айында катталган тажик сайты. Анын хостинги россиялык серверде жайгашкан. Сайт окурмандары негизинен тажикстандыктар менен улуу британиялыктар. Аталган булак жалган маалымат таратканы тууралуу Factcheck.kg буга чейин эки ирет жазган. Кыргызстандагы балдардын өлүмү тууралуу жана кыргызстандык аскерлердин Тажикстанда кармалышы тууралуу макалаларда жалган маалымат табылган.

Жыйынтык:

Маалымат далилденген жок

Snopes.com аттуу амеркалык ресурсунун журналисттери Равандын өлүмү тууралуу маалыматты текшерген, бирок окуяны далилдөөчү документтерди таба алган эмес.

Gulf News басылмасынын кабарчылары кыздын өздүгүн тастыктай алган эмес. Өзүн Раван деп тааныштырган кыздын тиешелүү документтери жок эле.