(Кыргыз) Сууга кулап түшкөн кыз тууралуу видеону текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда дарыянын үстүндөгү устунда физикалык көнүгүүлөрдү жазап аткан жеринен сууга кулап, агып кеткен кыз тууралуу видеотасма жайылды.

Колдонуучулар тасмадагы кызды 23-июнда «Теплые ключи» эс алуу борборунда каза тапкан 15 жашар бишкектик кыз менен байланыштырган. Ал өзүн өзү видеого тартып аткан жеринен кырсыкка учураган деп божомолдошкон.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/0b4a7d725bcea63a9dc18a3412325972cf58381f.jpg?resize=640%2C562

Factcheck.kg тасманы изилдеп көрүп, анын алгачкы булагын тапты.

Алгач бизге берилген маалымат менен тасмадагы кадрлардын дал келбестигин байкайбыз:

1. Чүй облусунун шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) башкармалыгынын маалыматына ылайык, каргашалуу окуя эс алуу борборунда кечки маал болгон. Ал эми биз изилдеген тасма күндүз тартылганы даана көрүнүп турат.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/944ced94c70f5ca2f83ee66249dfc31a63cd49d4.jpg?resize=640%2C239

Аламүдүн капчыгайы кечки убакта 

2. Тасмада күндүн нуру көрүнбөй булут каптап турат. Ал эми метеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, окуя болгон күнү, 23-июнда Бишкекте жана анын тегерегинде асман ачык болгон.

3. Айлана-чөйрө. Тасмадагы табигат менен Аламүдүн капчыгайынын айланасындагы бак-дарактар, жана жер жүзү кыйла айырмаланат.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/182f89ec6eec57f316ef7bc920613fcfce014181.jpg?resize=640%2C231

4. ИИБ маалыматына ылайык, 9-класстын окуучусу сууга чөкөндө жалгыз эмес, классташы менен бирге болчу. Кыздар сүрөткө түшүп аткан эле. Ал эми тасмада видеокамера бир орунда кыймылдабай турганын байкаса болот. Тасманын үчтөн эки бөлүгүндө кыз тартылбаганын көрсө болот. Экинчи кыздын үнү же жүзү видего түшкөн эмес.

Андан соң, тасманын булагын издейбиз. Аны скриншотко тартып издөө салсак, көптөгөн шилтемелер пайда болду.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/aefe79a8eda2a86200caa3a7b82a30e9f4650a58.png?resize=640%2C1146

Алардын арасында Лос-Анджелестин тургуну, Chisamariee аттуу кыздын твиттер баракчасына да шилтеме чыкты. Тасманын автору 2017-жылдын 17-майында мындай деп жазган: «Эгер мен бул ролик менен America’s Funniest Home Videos ресурсуна кирбесем, анда аракетим текке кеткен болот». Андан соң Chisamariee тасма тартуу учурунда  колун гана тыттырганы болбосо, башка жабыр тартпаганы тууралуу жазып чыккан. Ал эми бо окуяны тамаша катары кабыл алган.

Жыйынтык:

– Тасманын автору америкалык Chisamariee аттуу кыз. Окуя 2017-жылдын май айында тартылган.  Chisamariee йога менен кызыгат жана физикалык көнүгүүлөрүн жаратылышта тартууну жактырат. Видеонун 23-июндагы Аламүдүн капчыгайында болгон каргашалуу окуяга эч кандай тиешеси жок.