(Кыргыз) Африкада орусча сүйлөгөн киши жегичтердин табылганы фейк

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда орус тилинде таза сүйлөгөн киши жегичтердин уруусу Африкада табылгандыгы тууралуу маалымат пайда болду.

Маалымат кызуу талкуга алынып, ага ишенгендер да болду. 

 Factcheck.kg окуянын чоо-жайын териштирди. 

Жаңылыкты Zerkalo басылмасы “Неопознанное паранормального альманаха”  аттуу сайтка таянып, жазып чыккан. Аталган сайтка баш багып, макала 2015-жылдын 27-майында жарык көргөнүн биле алабыз. Бирок маалыматтын алгачкы булагы кайсы? Издеп көрөлү. 

Издөө системаларынан тиешелүү сөздөрдү терип, текшерсек, SMIXER аттуу сайттагы маалымат табылат. Алгач жаңылык 2010-жылдын 5-июнунда жарык көргөнүн аныктайбыз.  

Сайттын мүнөздөмөсүндө төмөндөгүдөй эскертүү жазылган.  

“Биздин жаңылыктарыбыздагы каармандар жана окуялар биздин гана макалаларга тиешелүүЖаңылыктар үчүн кадимки маалыматтык компонент биздин билдирүүлөрдө жок. Ал адабий-чыгармачыл компонент менен алмаштырылган. Ал айрым учурда заманбап маалымат талаасындагы чындыкка негизделет. Демек, биздин жаңылыктагы адамдардын жана фактылардын оффлайндагы адамдарга жана фактыларга ошкоштугу —  бул жөн гана окшоштук. Жаңылыктарды жасоо – бул биздин кесибибиз”.

Биз маалымат ойдон чыгарылганына дагы бир ирет ынануу үчүн макалада айтылган Желтов Александр Юрьевич аттуу окумуштуу жөнүндө да билип көрөлү дедик. 

Көрсө, ал филология илимдеринин доктору, доцент, профессор жана Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин африканистика кафедрасын жетектейт экен. Окумуштуунун көптөгөн илимий эмгектери, басылмалары бар, бирок анын экспедицияларынын тизмесинде орус тилдүү африкалык жегичтер жөнүндө “Африка шакеги – 2010” экспедициясына катышуу жөнүндө бир дагы болгон эмес.

Бул экспедиция тууралуу  2009-жылдын 20-апрелинде өтүлгөн форумдагы маалыматтан башка бир да булакта айтылган эмес.  Учурда бул форум берген шилтеме иштебей калган.

Бул форумдун билдирүүлөрүнүн арасынан каржы кризисинен улам долбоор ишке ашпай калганы айтылат. Мындан башка экспедиция тууралуу маалымат табылган жок. 

Жыйынтык: киши жегичтер тууралуу жаңылык — SMIXER сайтында жарыяланган фейк.