(Кыргыз) Орусиянын жарандары Европанын кайсы өлкөлөрүнө бара албайт?  

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-августта  The Washington Post  басылмасына берген интервьюсунда Батыш өлкөлөрүнө кайрылып Орусиянын жарандарына кирүүгө тыюу салуу боюнча чакырык жасаган.  

«Алар өздөрүнүн философиясын  өзгөртмөйүнчө өз дүйнөсүндө жашай берсин»,деп билдирди Зеленский.

Кийинки күнү эле Евробиримдик шенген визасын орусиялыктарга берүүгө тыюу салуу жөнүндө бир катар өлкөнүн  демилгесин талкуулай баштаган.

Бирок Евробиримдик орусиялыктарга туристтик виза берүүдөн баш тартуу боюнча чечим чыгара алабы деген  суроого Евробиримдиктин эрежелери Орусиянын жарандарына виза берүүгө толук тыюу сала албай турганын жана Евробиримдиктин санкциялары “биринчи кезекте жана конкреттүү түрдө” Орусиянын өкмөтү менен экономикалык элитасына багытталганын билдиришкен.

Factcheck.kg  Европанын кайсы өлкөлөрүндө Орусиянын жарандарына виза берилбей калганын текшерип көрдү:

Дания 

Даниянын Орусиядагы тышкы иштер министрлигинин  маалыматына таянсак,  Москва шаарында расмий иш сапарларды эске албаганда, Данияга баруу үчүн кыска мөөнөттүү виза жана жашоого уруксат берүү түрүн алууга арыздарды кабыл алуу процесси токтотулган.

Элчиликтен билдиришкендей, кыска мөөнөттүү виза жана жашоого уруксат берүү түрүн алууну каалаган адамдар башка өлкөлөрдөгү виза борборлоруна кайрылышы керек.

Латвия

Латвия Орусиянын жарандары үчүн виза берүүнү Украинада согуш башталган күндөн тартып, тактап айтканда 24-февралда эле токтоткон.  Ошентсе да саясатчы жана башка активисттерге бул чектөө тийешелүү эмес. Азыркы учурда визаны жакын адамы каза болгондо  да бере баштады.

Литва

Литва мамлекети орусиялыктарга туристтик максаттагы виза бербейт.  Визага арыздар Евробиримдик жана Литванын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнөн гана кабыл алынат. Ошондой эле литвалык тегин күбөлөндүргөн документи бар жана Литва жарандыгын калыбына келтирүүнү каалаган адамдар гана кайрылышы керек.

Эстония 

Эстониянын өкмөтү  18-августтан баштап орусиялыктарга өлкө аймагына Эстония тарабынан берилген шенген визасы менен кирүүгө, ошондой эле туризм, жумуш, билим алуу жана бизнес жасоо максатындагы визаларды да берүүгө чектөө киргизген.

Чехия 

Чехиянын элчилигинин маалыматы боюнча Орусия жана Белорусь мамлекеттеринин жарандары үчүн виза берүү токтотулган. Бирок бул чектөөлөр Евробиримдик же Чехиянын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп кыска мөөнөттүү шенген визаларына арыз бергендерге тийешелүү эмес. Мындан тышкары арыз берүүчүнүн өлкөгө келиши Чехиянын кызыкчылыгына жооп бериши шарт.

Нидерланды 

Үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен тарта Нидерланды элчилиги Орусиянын жарандарына кыска мөөнөттүү виза берүүнү токтоткон.

Ушул эле учурда гуманитардык себептер же убактылуу жашоого уруксат берүүчү түрүнө (MVV), ошондой эле эки тараптуу макулдашуулардын алкагында артыкчылыктуу деп эсептелген сурамдар үчүн өзгөчө учурларда бул чектөөлөр эске алынбайт.

Бельгия 

1-июлдан тарта бул өлкөдө да орусиялыктарга кыска мөөнөттүү визалар берилбей калган.  Виза берүү борборлору визалардын төмөнкү түрлөрүнө гана арыздарды кабыл алат:

  • Студенттик виза, Бельгияга 15-сентябрга чейин барууну пландаган арыз берүүчүлөр үчүн;
  • Жайгаштыруу келишими боюнча кабыл алынган изилдөөчүлөр үчүн виза(Бельгияга 15-сентябрга чейин бара тургандар үчүн);
  • Жумуш визасы, (“Бирдиктүү уруксат ”) Бельгияга 15-сентябрга чейин барууну пландаган арыз берүүчүлөр үчүн;
  • Үй-бүлөнүн биригиши үчүн виза (Бельгияга 15-сентябрга чейин барууну пландаган кардарлар үчүн)
  • Au Pair (Бельгияга 15-сентябрга чейин барууну пландаган кардарлар үчүн)

 

Тыюу салуу жок, бирок шарттары бар

Словения

Словениянын элчилиги словениялык авиакомпаниялар үчүн Орусиянын үстүндө аба мейкиндигин, ошондой эле өлкө үстүндө аба мейкиндигин орусиялык авиакомпаниялар үчүн жаап салган. Ушул жылдын февраль айынан тарта Орусиянын жарандары  арызына башка авиаташуучунун билетин тиркеп көрсөтө турган болсо виза алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Норвегия 

Норвегиянын Москвадагы Элчилиги  2022-жылдын март айынан баштап шенген визасына арыз кабыл албайт.

Виза берүү борборунун маалыматына ылайык “Бул жалпысынан техникалык көйгөйлөргө, анын ичинде Норвегиянын порталында төлөм жүргүзүү жана акыркы кездеги окуяларга карата башка күтүлбөгөн чектөөлөргө байланыштуу болуп жатат.

Ал эми буга чейин визага тапшырылган арыздар иштетилип кайра VFS аркылуу кайтарылып берилет. Ушул эле себептерге байланыштуу шенген визасын тариздөөгө да адаттагыдан көп убакыт кетүүдө.

Бүтүм: Орусиянын жарандарынын киришине Евробиримдиктин жети өлкөсү тыюу салып, дагы экөөсү чектөө киргизген.