(Кыргыз) Садыр Жапаровдун жакындары кандай бизнес менен алектенет?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Президент Садыр Жапаров пресс-конференцияда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: “Менин үй-бүлөм саясатка аралашпайт”, – деп билдирген болчу.

Садыр Жапаровдун жакын туугандары эмне менен алектенерин Factcheck.kg редакциясы тактап чыкты.

Жубайы

Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова экс-депутат Жунус уулу Алдылдын (Садыр Жапаров аны мурда досум дейт эле, – ред. түш.) мурдагы жубайы Турсун кызы Туран менен биргеликте ишкерлик кылышат – алар 2021-жылы “Ак-Үмүт” ЖЧКсын негиздешкен.

Компаниянын директору Рыспек кызы Жазгүл. Ишмердүүлүгүнүн түрү – “Бизнес жана башкаруу маселелери боюнча кеңеш берүү”.

Журналисттер бул компания тууралуу уюштуруу документтеринен тышкары башка маалыматты таба алышкан жок. Анын расмий сайты же социалдык түйүндөрдө баракчалары жок экен.

Учурда өлкөнүн биринчи айымы “Эне-балага тирек” фондун жетектейт. Анын расмий баракчасындагы маалымат боюнча, фонд көп балалуу үй-бүлөөлөргө, ишкерлик кылган аялзатына жана интернат-мектептерге жардам берет. 2022-жылдын 13-августуна чейин Жапарова “Үмүт булагы” фонду аркылуу кайрымдуулук кылаар эле.

Уулу

26 жаштагы Рустам Жапаровдун бир нече компаниясы бар. Osoo.kg’нин маалыматтары боюнча, ага “Сапар Энерджи” ЖЧКсы катталган. Компания ишмердүүлүгүн 2023-жылы баштаган, жеңил автоунааларды техникалык тейлөө жана оңдоо менен алектенет. 100 сом өлчөмүндөгү салык төлөгөн.

Башка компаниясы – ”Софт Харвест” ЖЧКсы. Фирма Садыр Жапаров президент болуп шайланганына бир жарым жыл болгондо, 2022-жылдын 3-августунда катталган болчу. Ал программалык камсыздоо менен алектенет. Анын директору катары 26 жаштагы Казиев Байказы Темирбекович көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, директору болуп эсептелген Байказы Казиевдин дагы бир нече компаниялары бар: “Бай жана Ко” ЖЧК, “Бишкек 24” ЖЧК. Акыркы фирма “коомдук пикирди изилдейт”, ал президенттик шайлоодон бир ай өткөндөн кийин 2021-жылдын 2-мартында иштей баштаган.

Бир туугандары

Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров “ПИЛОН” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Фирма “бетон буюмдарын өндүрүү” менен алектенет. Аны менен бирге фирманын негиздөөчүсү катары Джумабаева Роза Несипбаевна көрсөтүлгөн, ал Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республиканын ардактуу консулу болуп эсептелет.

Андан сырткары Сабыр Жапаров “Трест-Ойл” (ИУ-Россия) Кыргыз-орусиялык компаниянын директору жана “Жыргалаң шахтасы” ААКтын башкы директорунун орун басары болот.

Эжеси Райкүл жана инилери Эркинбек менен Дөөлөтбек ““Аска” микрокаржы компаниясынын” негиздөөчүлөрү болуп эсептелет. Салык төлөмдөрү жана СИН (салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру, которм. түш.) тууралуу маалыматтар жок. Эскерте кетсек, 2015-жылы Бишкек шаардык сот Райкүл Жапарованы үй-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратып, банктык ишмердүүлүк менен алектенгенге 3 жылга тыюу салган. 2021-жылдын февралында Жогорку Сот президенттин эжеси боюнча соттук чечимди жокко чыгарган.

Эскерте кетсек, Жапарова “Ысык-Көл” банкынын башкармалыгынын төрайымы болгон. Бирок банктын мурдагы төрагасы Болот Байкожоев банктын рейдерлик жол менен басып алынышы жөнүндө арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган. Ага байланыштуу кылмыш иши козголгон болчу.

Карындашы Салтанат Жапаровага “Брикет-Жыргалаң” ЖЧКсы таандык. Фирма бышырылган чоподон кышты, черепицаны жана башка курулуш буюмдарын өндүрөт. Компаниянын директору – агасы Сабырдын уулу Жапаров Азат Сабырович.

Салтанат Жапарова ошондой эле Ысык-Көл мамлекеттик университеттин Математика, информатика жана окутуулардын технологиялары кафедрасынын жетекчиси.

Тыянак: Садыр Жапаров он бир бир тууган. Алардын бешөөсү ишмердүүлүк менен алектенет. Президенттин туугандарынын айрым компанияларынын СИН жана салык төлөмдөрү көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле президенттин жубайы жана уулу Садыр Жапаров президент болгондон кийин ишмердүүлүк менен алектене башташкан.