(Кыргыз) «Реформа» партиясынын 41%ын жаштар түзөрү жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg редакциясы түз эфирде өткөн теледебаттардагы билдирүүлөрдү текшерүүнү улантат.  

14-сентябрда «Реформа» партиясынын өкүлү Эркин Нурбаев партия курамында 41% жаштар бар экенин айтып чыккан.  Белгилей кетчү жагдай, Нурбаев жаштарга берилчү квота тууралуу эмес, жаштар тууралуу айтып өткөн.  

 2011-жылдын 2-июлунда кабыл алынган “КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 60-беренесине ылайык, саясий партиялар тизмелерди түзүп жатканда “жаштар квотасын” сактоо үчүн тизмеде 15% дан кем эмес жашы 35тен ашпаган талапкерлердин болуусу шарт.

Бирок, 35 жашка чейинки жарандарды жаштарга киргизүү же киргизбөө тууралуу жогорудагы мыйзамда айтылган эмес. 

 Ал эми 2009-жылдын 31-июлунда кабыл алынган “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамында 14 жаштан 28 жашка чейинкилер жаштар деп белгиленген.

“Реформа” партиясынын тизмегинде мындай талапкерлер 16,7%ды түзөт.

Жыйынтык: жалган. Партиянын тизмегинде жаштар 41% эмес 16,7%ды түзөт. 

Factcheck.kg редакциясы «Реформа» партиясындагы жаштардын тизмеги менен чектелбей, каттоодон өткөн ар бир партиянын тизмегиндеги жаштардын санын эсептеп чыгууну чечти.