«Реформа» партиясынын 41%ын жаштар түзөрү жалган
Factcheck.kg редакциясы түз эфирде өткөн теледебаттардагы билдирүүлөрдү текшерүүнү улантат.
14-сентябрда «Реформа» партиясынын өкүлү Эркин Нурбаев партия курамында 41% жаштар бар экенин айтып чыккан. Белгилей кетчү жагдай, Нурбаев жаштарга берилчү квота тууралуу эмес, жаштар тууралуу айтып өткөн.
2011-жылдын 2-июлунда кабыл алынган “КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 60-беренесине ылайык, саясий партиялар тизмелерди түзүп жатканда “жаштар квотасын” сактоо үчүн тизмеде 15% дан кем эмес жашы 35тен ашпаган талапкерлердин болуусу шарт.
Бирок, 35 жашка чейинки жарандарды жаштарга киргизүү же киргизбөө тууралуу жогорудагы мыйзамда айтылган эмес.
Ал эми 2009-жылдын 31-июлунда кабыл алынган “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамында 14 жаштан 28 жашка чейинкилер жаштар деп белгиленген.
“Реформа” партиясынын тизмегинде мындай талапкерлер 16,7%ды түзөт.
Жыйынтык: жалган. Партиянын тизмегинде жаштар 41% эмес 16,7%ды түзөт.
Factcheck.kg редакциясы «Реформа» партиясындагы жаштардын тизмеги менен чектелбей, каттоодон өткөн ар бир партиянын тизмегиндеги жаштардын санын эсептеп чыгууну чечти.