(Кыргыз) Сурабалдиеванын суукта коронавирус басаңдайт деген маалыматы далилденген жок

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Суук аба ырайы коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берет. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева эпидемиологдорго шилтеме берип, өзүнүн  Twitter  баракчасына жазып чыккан

Factcheck.kg Сурабалдиеванын сөзүн текшерип көрдү.  

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында күндүн ысышы менен коронавирустун жайылышы басаңдары тууралуу көптөгөн басылмалар белгилеген.  Ал кезде бул божомолду бышыктоо да, төгүндөө да мүмкүн эмес эле.  Учурда ысык температуранын вируска тийгизген таасири тууралуу изилдөө аягына чыга элек. Ал эми вирустун Азия аймагына жайылышы тууралуу изилдөө Гарвард медициналык мектебинин адистери тарабынан жаз айларында жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында окумуштуулар аба ырайынын өзгөрүшү коронавируска анчейин таасирин тийгизбей турганын аныкташкан.  

Мындан тышкары, суук түшкөн мезгилде пандемиянын экинчи толкуну башталышы мүмкүн деген маалымат жайында пайда болгон. Маалыматтардын жетишсиздигине карабай, жаңылык дүйнө жүзүндөгү өкмөттөрдүн саясатына түздөн-түз таасир эте баштаган.

Бул көйгөй өтө курч болгондуктан, Бүткүл дүйнөлүк метерологиялык уюм (БДМУ) аба ырайы, климат жана экологиялык факторлордун COVID-19дун жайылуусуна тийгизген таасири тууралуу үч күндүк симпозиум өткөргөн. Симпозиумга 20 өлкөдөн 450дөн ашуун окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышып, 150 докладды карап чыгышкан. Жыйынтыгында БДМУ климат менен COVID-19 ортосундагы байланыш тууралуу ар кандай дооматтарды айтуу али эрте экендигин дүйнөлүк лидерлерге эскерткен.

«SARS-CoV-2 вирусу жана COVID-19 оорусу боюнча рецензияланган  басылмалар температурага, нымдуулукка, шамалга, күндүн радиациясына жана башка  метеорологиялык жана экологиялык факторлорго ишенимдүү жана ырааттуу жооп бербейт. Чечим кабыл алуучулар алдын-ала текшерилген документтерге же жеке изилдөөлөрдүн натыйжаларына көз каранды болбошу керек. Маалыматтын туура эмес чечмеленишинен жана туура эмес колдонулушунан сактануу үчүн, бардык изилдөөлөр кылдаттык менен жана контексттке ылайык чагылдырылышы керек».

Симпозиумдун демилгечилеринин бири— Джон Хопкинс университетинин адистеринен турган окумуштуулар. Алардын бири климатолог Бен Зайчик мындай деген:

“COVID-19 сыяктуу респиратордук вирустук оорунун  кыштын суук, кургакчыл шарттарында көбөйүшү мүмкүн деп күтүүгө негиз бар, бирок учурда далилдер ар башка болуп атат”.

 

 

Окумуштуунун айтымындаизилдөөчүлөрдүн келечектеги климаттын, аба ырайынын жана айлана-чөйрөнүн факторлорунун COVID-19га болгон татаал таасирин мыкты өлчөөгө мүмкүндүк берген стандарттардын үстүндө симпозиумдун илимий комитети учурда иштеп жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун такталган маалыматына ылайык,

  • 25°C дан ашуун температура жана күндүн организмге тийгизген таасири COVID-19ду алдын албайт;
  • COVID‑19 нымдуу, ысык климаты бар жайларда да тарай берет;
  • суук аба ырайы жана кар жааган мезгил коронавирустун жайылбашына кепилдик бере албайт.

Жыйынтык: суук аба ырайы коронавируска каршылык көрсөтөрү далилденген жок. Бул тууралуу маалыматты так кесе айтуу үчүн кошумча изилдөөлөр талап кылынат.