(Кыргыз) Польшанын бийлиги бомбадан баш калкалоочу жайларды текшере баштадыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

11-октябрда орусиялык ЖМКлар Польшанын бийлиги өлкөдөгү бомбадан баш калкалоочу жайлардын абалын текшере баштады деген жаңылыкты жарыялашты.

“Польшанын бийлиги өлкөдөгү бомбадан баш калкалоочу жайлардын абалын текшере баштады. Коопсуздук үчүн жоопкерчиликтүү органдар 60 миңден ашык бомбадан баш калкалоочу жайларды инвентаризациялап жатышат”, – деп айтылат жаңылыкта.

Бул жаңылыктын аныктыгын Factcheck.kg редакциясы текшерип көрдү.

Биз тактагандай, Польшанын бийлиги чынында эле өлкөдөгү бомбадан баш калкалоочу жайларды текшере баштаган. Бул маалыматты польшалык ЖМКлар Польшанын Ички иштер министринин орун басары Мацей Вансикке таянуу менен тастыктады.

Эмне үчүн текшерүүлөр жүргүзүлө баштады?

Вансиктин сөзү боюнча, бул дайыма эле жүргүзүлүп келген кадыресе текшерүү болуп саналат жана анын Украинадагы жаңжалга эч тиешеси жок, ракеталык же авиациялык соккулар коркунучу эч байкалбайт. “Биз НАТОдобуз, Европа Биримдигинин бөлүгүбүз. Биз Украинаны баардык жактан колдогонубуз менен, бул согуштун катышуучусу эмеспиз. Польша коопсуз. Бул кадыресе иштерден, аны жасоону мурда эле белгилегенбиз”, – деп кошумчалады ал.

Бирок министрдин орун басары не дебесин, өзөктүк куралдан баш калкалоочу жайлар тууралуу маселе так ушул Украинадагы согуш башталгандан кийин жана Путиндин өзөктүк коркунуч тууралуу сөздөрүнөн кийин актуалдуу боло баштады. Белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин бомбадан баш калкалоочу жайлар тууралуу маселе 2014-жылы Крым аннексияланып, Донбасста согуш башталганда көтөрүлгөн болчу.

Польшадагы баш калкалоочу жайлардын көбү 1989-жылга чейин курулган. 1990-жылдан тарта Польшанын мыйзамдары өзөктүк баш калкалоочу жайларды башкаруу, тейлөө жана жаңыларын куруу маселелерин жөнгө салбайт. Ушуга байланыштуу баш калкалоочу жайларды жергиликтүү бийликтер тейлебей калган, алардын айрымдары же тарыхтык жана туристтик объектилерге айландырылган, же акырындан талкалана баштаган.

2014-жылы польшалык журналисттер өлкөдө канча бункер бар, алар каякта жана кандай абалда деген суроолоруна бийлик өкүлдөрүнөн маалымат ала албагандарын жазып чыгышкан. Көзөмөлдөгөн жана тейлеген адамдар жок болуп чыккан.

Эмне үчүн орусиялык ЖМКлар бул жаңылыкты тарката башташты?

Украинадагы согушта эң чоң коркунучтардын бири – бул орус тараптын өзөктүк куралды колдонуу мүмкүндүгү. АКШнын президенти Джо Байдендин пикиринде, 1962-жылдагы Криб кризисинен кийинки өзөктүк апокалипсис коркунучунун эң чоң деңгээли бүгүн байкалып жатат.

Ал эми европа өлкөлөрүнүн пикиринде анын ыктымалдуулугу төмөн, ошондой болсо да Байдендин кырдаал өтө коркунучтуу дегендери менен макул.

“Анын ыктымалдуулугу төмөн, бирок Кансыз согуш аяктаган 1980-жылдардан бери өзөктүк согуш башталып кетүү коркунучу ушунчалык чоң болгон эмес. Кырдаал кооптуу, Батыш саясатчылары буга олуттуу мамиле кылышы керек”, – дейт Лондондогу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери Франц-Стефан Гади.

Украина европалыктардын көз карашын карманат. Ал баардык керектүү даярдыктарды жана коопсуздук иш чараларды көрүп жатканы менен өзөктүк соккунун болушу күмөн деген ойдо.

Ошол эле кезде, Орусиянын расмий өкүлдөрү (Путин жана ТИМдин өкүлү Захарова), тескерисинче, Батышты “өзөктүк шантажды” колдонууда күнөөлөп келет. Алар баардыгын Орусия өзөктүк конфликттин курмандыгы болуп калышы мүмкүн деп ишендиргиси келет.

Бирок да өзөктүк коркутууну алгач Путин колдонгон. 21-сентябрда мобилизацияны жарыялап жатып, ал атомдук куралды колдонуу мүмкүндүгү тууралуу эскертип, “бул блеф эмес” деп тактаган. Орустардын өзөктүк коркутуусу тууралуу орус депутаттары, федералдык каналдардагы ток-шоунун алып баруучулары да билдиришкен.

Демек НАТОго кирген өлкөлөрдүн бири өзөктүк согушка даярдык көрө баштагандыгы тууралуу жаңылыкты жарыялоо орус пропагандасынын негизги багыттарынын бирине дал келет.

Тыянак: көз жазгыруу. Көз жазгыруу орус ЖМКларынын аракеттеринде да, польшалык аткаминердин сөзүндө да байкалат. Польшанын Ички иштер министринин орун басары чынчыл болгондугу күмөн. Путиндин коркутууларынан кийин гана өлкөдөгү бомбадан баш калкалоочу жайларды эстеп жатышат.