(Кыргыз) Ширшовдун айдоочусу болгон жаңы министр тууралуу эмне белгилүү?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

6-январда президент Садыр Жапаров санарип өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу кылып Талантбек Имановду дайындады.

Имановдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүү тууралуу токтом кылынды.

Factcheck.kg министрдин милдетин аткарган жаңы чиновниктин өмүр баянына көз чаптырды.  

Билими

35 жашар министрдин милдетин аткаруучу Ысык-Көл облусуна караштуу Үч Кайнар айылынан. Ал Каракол шаарындагы №14 кесиптик техникалык окуу жайында гид адистигин бүтүргөн. Андан соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жогорку билимге ээ болгон.

Кесиби 

Талантбек Иманов 22 жашында “Дастан” корпорациясында коопсуздук кызматкер болуп эки жыл эмгек өтөгөн. 2010-жылдан тарта “Газпром Нефть Азия” ЖЧКсында, “Дастанга” караштуу “Улан” ААКта, “Полигон” ЖАКта иштеген. Ал эми 2020-жылдын март айынан тарта “Дастан” компаниясын жетектеген.

2020-жылкы парламенттик шайлоого Талантбек Иманов Жээнбековдорго таандык делген “Биримдик” партиясынын курамында аттанган. 

Талапкер партиянын шайлоо фондуна 1.5 млн сом каражат которгон.

 

Ширшов менен болгон байланыш

Талантбек Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Максим Бакиевдин тарапташы Алексей Ширшовдун жеке айдоочусу болгон. Апрель окуяларынан кийин Ширшов өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү. Ал эми Иманов 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин 2013-жылы мародерчулук боюнча иште күбө болгон. Сотто ал төмөнкүдөй билдирүү жасаган:

Тергөөдө Ширшовдун апасы 2010-жылдын апрель айында үй тонолгондугу тууралуу билдиргени, бирок эмне жоголгонун так билбейт деп айтылат. Ошондой эле «Дастан» ААКтын күзөт кызматынын кызматкери Талантбек Иманов да суралып, ал 7-апрель күнү Ширшовдун үйүнө 10го жакын адам келип,  уруксатсыз кирип, үйдү тегеректей баштаганын айткан.

Андан телевизор менен приставканы алып чыгышты. Анын бирөөнүн мүлкүнө тийбегиле деген эскертүүсүнө эч ким көңүл бурган жок. Эртеси үйдүн эшигин бекитип, үйүнө кетти. Болжол менен 2010-жылдын сентябрынын башында Ширшовдун атасы телефон чалып, коргоо үчүн ушул үйдө жашоону сунуштаган. Ал макул болуп, ушул күнгө чейин Ширшовдун үйүндө жашайт. Үйдө болгон мүлктүн баары чыгарылып кеткен, бирок ким тарабынан экени белгисиз”.

Жыйынтык: жаңы министр гид адистигин окуган, 22 жашында күзөтчү болгон, ал эми 24 жашында “Газпром Нефть Азия” ЖЧКсынын технологиялык транспорт бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, андан бери жалаң жетекчилик кызматтарды аркалап келген.