(Кыргыз) Жаш муун үчүн кам көрүүбү же адам укуктарын бузуубу? Депутаттар жаштардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө чектөө киргизүү керек дешет

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Бул сүрөт Midjourney нейротармагынын жардамы менен даярдалды

24-майда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жаш кыргызстандык кыздардын чет мамлекетке чыгып кетүүсүнө чектөө киргизүү керектигин дагы бир жолу билдирди. Бул тууралуу ал “Аялдар жана миграция: себептери, чакырыктары, кесепеттери” деген аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндө айткан. Депутат айымдын айтымында, чет жакка чыккан кыздар ар түрдүү маселелерге дуушар болушат, кийин алар бул жашоодон көңүлү калып, үй-бүлө кургулары келбей калышат. Нарматованын пикиринде, 23-25 жашка чыккандарга гана миграцияга кеткенге уруксат бериш керек.

Эки күндөн кийин Нарматованын кесиптеши, TikTok коомдук тармагын жактырбагандыгы менен белгилүү болгон Шайлообек Атазов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында өлкөдөн чыгып жаткан 18 жашка чыккан жаштардан өлкөдөн чыгуунун максатын билдирүүсүн талап кылуу керек деген сунушун айтты. Атазов түшүндүргөндөй, азыр көп жаштар Казакстанга, Орусияга жана АКШга чыгып кетип жатышат, бирок өзүбүздө толтура бош жумуш орундары бар. Ошондой эле Атазов мигранттардын балдары ата-энесин көп жыл көрбөй, куса болушаарына тынчсызданганын билдирди.

10 жылдан бери парламентте айтылып келген сунуш

Ыргал Кадыралиева

Эскерте кетсек, кыздардын өлкөдөн чыгып кетишин чектөө сунушу мурда да айтылып келген. Биринчи жолу мындай сунуш 2013-жылы айтылган болчу. Анда азыркы экс-депутат Ыргал Кадыралиева 23 жашка жете элек кыздарга өлкөдөн чыгып кетүүсүнө чектөө киргизүүнү сунуштаган. Ал бардык чет өлкөгө чыгуулар ата-энелер менен макулдашылып, мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнүшү керек деген.

Жогорку Кеңеш 2013-жылдын июнунда кабыл алган токтомдо 22 жашка жете элек ар бир кыз чет өлкөгө чыгыш үчүн ата-энесинен кат түрүндөгү уруксат алышы керек деп айтылган. Бул документти кабыл алуунун демилгечиси Ыргал Кадыралиева болгон. Бирок токтом андан ары колдонулган эмес.

Турсунбай Бакир уулу

Эки жылдан кийин, 2015-жылы Кадыралиева мурда көтөрүп келген маселе парламентте дагы бир жолу көтөрүлгөн. Депутат Турсунбай Бакир уулу жаш кыздар 70 жаштагы улгайып калгандарга турмушка чыгып жаткандарын, кийин алар кыздарды үйлөрүнөн кууп, чыгарып салып жаткандарын айтып, Кадыралиеванын сунушуна кайрылууга чакырган.

Былтыр, 2022-жылдын 9-июнунда, жогоруда ысымы аталган Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында кыздарга чет мамлекетке ата-энесинин коштоосунда же күйөсү бар болсо гана чыгууга уруксат берүү керек деп сунуштаган. Анда Атазовдун сунушу коомдук тармактарда катуу сынга алынган болчу. Эртеси “Ак үйдүн” алдында Атазов мандатын тапшырсын деген митинг өткөн.

Деги эле ушундай демилгелерди көтөрүүгө болобу?

Коомдук тармактардын көп колдонуучулары Надира Нарматованын сунушуна нааразылычыктарын билдирип, анын сунушу адамдын эркин жүрүү укугун бузат деп белгилешкен.

Чынында, Бириккен Улуттуар Уюму кабыл алган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 13-беренеси боюнча:

  1. Ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө жана ар бир мамлекеттин чегинде өзүнө жашаган жерди тандап алууга укуктуу.
  2. Ар бир адам ар кандай өлкөдөн, анын ичинде өз өлкөсүнөн да чыгып кетүүгө жана өз өлкөсүнө кайтып келүүгө укуктуу.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы БУУга 1992-жылы мүчө болуп кирген. Андан сырткары, Кыргызстан 1994-жылы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка кошулган. Аталган пакттын 12-беренесинин 2 жана 3-пункттарында мындай деп айтылат:

  1. Ар бир адам каалаган өлкөдөн, анын ичинде өзүнүн өлкөсүнөн чыгып кеткенге укуктуу.
  2. Жогоруда көрсөтүлгөн укуктар мыйзамда каралган улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун же адеп-ахлагын, же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн зарыл болгон жана  ушул Пактта таанылган башка укуктар менен шайкеш келген чектөөлөрдөн сырткары башка эч кандай чектөөлөргө дуушар болбошу керек.

Ошондой эле депутаттардын сунуштары 2000-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамына каршы келет. Ага ылайык:

Тышкы миграцияны жөнгө салуу төмөнкү принциптерге негизделет:

     – Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген адамдын жашаган жерин эркин тандоо, ишмердиктин түрүн жана кесипти эркин тандоо, жүрүү эркиндигин камсыз кылуу.

     – Теги, жынысы, расасы, улуту, тили, дини, саясий жана диний ынанымдары боюнча же башка себептер боюнча ар кандай басмырлоого, укуктарды жана эркиндиктерди бузууга жол берилбестиги.

 

Аягында, өлкөбүздүн башкы мыйзамында – Конституцияда, анын 31-беренесинде мындай деп айтылат:

  1. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.
  2. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. Чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын тоскоолдуксуз кайтып келүү укугуна эч кандай чектөө коюлбайт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын ар бири жараны эркин жүрүү укугуна ээ, ошондой эле ал кайсы бир көрсөткүчтөр боюнча, анын ичинде жынысы боюнча басмырлоодон корголушу керек. Бул Конституцияда да, эл аралык документтерде да бекитилген.

Миграцияны жаман көрсөтүү аракети жакшылыкка алып келеби?

ЖКнын депутаты Надира Нарматова жумушка орношуу боюнча чет мамлекеттер менен келишимдерди түзүүнү колдобойт, ал эми Атазовдун билдирүүсүндө, Кыргызстанда бош жумуш орундары бар. Башкача айтканда депутат жаштарды сыртка чыгып кетпей, Кыргызстанда иштөөгө чакырат.

2023-жылдын мартында Миграция боюнча эл аралык уюмдун Кыргызстанга тийиштүү сайттагы барагында “Базалык баалоо жана изилдөө: Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттары, 2022-жылдын ноябрь-декабры” деген изилдөө жарыяланган. Орун которууларга байкоо жүргүзүү матрицасы (ОБМ) чет мамлекеттерден кайтып келген 1434 мигранттын арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын көбү Орусия Федерациясынан кайтып келген – 81% же 1168 адам. Ошондой эле Казаксатандан (8%), Түркиядан (4%), Германиядан (1%) жана Корея Республикасынан (1%) кайтып келгендер болгон.

Сурамжылоого катышкандардын 34% аялзаты болгон, калган 66%ы – эркектер. Экөөнүн тең орточо жашы – 36 жашты түзгөн. Респонденттердин 70% үй-бүлөлүү экендерин билдиришкен. 45% үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу экенин айткан.

Респонденттердин көбүндө кайтып келгенге чейин туруктуу жумуштары болгон (67%), өз алдынча иштегендердин үлүшү 10%ды түзгөн, ал эми 9% күндө эмгек акысын алып тургандарын айткан. Кыргыз мигранттары эмгектенген эң популярдуу тармактар төмөнкүлөр болгон: мамлекеттик/социалдык жана жеке кызматтар тармагы; курулуш; транспорт, склад жана байланыш.

Кыргызстандыктардын 76% тапкан каражаттарын Кыргызстанга жиберип тургандарын билдиришкен, алардын 37% айлык акыларынын жарымынан көбүн жиберип турган. 66%нын билдирүүсүндө, алар жиберген каражаттар Кыргызстанда калган жакындарынын негизги киреше булагы болгон.

Кайтып келген кыргызстандыктардын 63% акыркы 6 айда ар түрдүү кыйынчылыктар менен кезиккендерин айтышат. Респонденттердин басымдуу бөлүгү (83%) баалардын өсүшү, жумуштун жоктугу, айлык акылардын аздыгы, карызга баткандыгы сыяктуу экономикалык кыйынчылыктар болгонун билдиришет.

Белгилей кетүүчу жагдай, калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызматтын порталындагы маалымат боюнча, 2023-жылдын 1-январына карата өлкөнүн экономикалык жактан активдүү калкы 2.5 млн адамды түзгөн, алардын 142 миңи жумушсуз болгон, бирок расмий түрдө мамлекеттик органдарда 74.7 миң жумушсуз гана катталган. Ошентип, өлкөдө жалпы жумушсуздуктун деңгээли 5.3%ды түзгөн.

Улуттукстаткомдун маалыматы боюнча, 2022-жылы жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында байкалган.

Ошондой эле расмий маалыматтар боюнча, жумушсуз эркектер менен аялдардын үлүшү дээрлик бирдей болгон – 55% эркектер жана 45% аялдар:

Жумушсуздардын көбү 30-39 жаш курагындагылар болгон – 30 748 адам:

Тыянак: Депутаттар Нарматова менен Атазовдун жаш кыргызстандыктардын чет мамлекетке чыгып кетүүлөрүнө чектөө киргизүү тууралуу демилгеси өлкөнүн Конституциясына жана эл аралык пактыларга каршы келет.