(Кыргыз) ЖМКдан коргогон мыйзамбы? Кыргызстанда көз карандысыз прессага кысым көрсөтүүнүн прецеденти жаралды

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

“Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо максатында…”. 2021-жылдын 23-августунда кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам так ушул сөздөр менен башталат.

Мыйзамдын биринчи курмандыгы

Бул мыйзамдын биринчи курмандыгы – Кыргызстандагы тарыхы мол ResPublica гезити болду. Маданият министрлигине даттанган жаран (эмне үчүн бул жакка даттанганынын себеби бир аз кечирээк баяндалат) ага чейин үч жылдан бери Бишкектин сотторун ал тууралуу гезиттеги макала калп деп ишендирүүгө аракет кылып келет. Ал эми соттун чечими боюнча ал күнөөлүү деп табылып, чоң өлчөмдөгү айып пулга жыгылганын ал унутуп калгандай.

Эми мына болгону бир ай аралыгында ал сот аркылуу үч жыл кылалбаганына жете алды. Сайтты Кыргызстанда ачууга мүмкүн болбой калды. Жаңы мыйзамды колдонуу жепжеңил, соттук отурумдарга убакытты коротуунун зарылчылыгы жок, аткаминерлер өзүлөрү бардыгын жасап коет. Арызданган адам туурабы, же жокпу текшерип отурушпайт. Кайсы бир маалымат аны каралап жатат деп билдирсе эсе эле болду, ушул жетиштүү. Ал алдамак беле. Бир гана сайттын ээси андай эместигин далилдеп бербесе.

Ооба, мыйзамда сайт ээсинин укугу да каралган, ал сайтын жабуу боюнча чечимге даттана алат… бирок сот аркылуу гана.

Мыйзамды кантип сүйрөп өткөрүштү

Мындай мыйзамды бир дагы демократиялык өлкөдө кабыл алуу мүмкүн эмес эле. Бизде да башында аны кабыл албай коюшкан. Бир канча жолу аны өткөрүүгө аракет кылышса да. Ал эмес бул мыйзам эч качан кабыл алынбайт деген үмүт бизде пайда болгон эле…

Бирок мыйзамдын жактоочулары Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова, Аккул Бердиев, Шайлообек Атазов, Бактыбек Райымкулов жана Мурадыл Мадеминов ойлорунан кайтышпады, бийлик алмашканда мыйзам долбоорун бат өткөрүп алышты. Добуш берип жаткан депутаттарды бул мыйзам долбоору орустардын «Балдарды алардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамынын көчүрмөсү экени ойлондуруп да койгон жок.

Юристтер, жарандык активисттер жана журналисттер бул мыйзам “чийки” экенин, ал пайда алып келгендин ордуна, тескерисинче, жакпай калган интернет-булакты көп убакыт, күч коротпой эле бат жабып коюу куралына айланаарын жар салып жатышты. Көп талкуулар болду, сындар айтылды, ал эмес таажычан вирустун эпидемиясы учурунда нааразылык митингдер уюштурулду.

Бирок, бирок…

“Шаман ТВнын” видеосу, автору Адиль Турдукулов, оператору Булат Сатаркулов.

Мыйзамды кабыл алууда кандай мыйзам бузуулар болду жана ал эмне үчүн жарым жыл иштебей турду

Жогорку Кеңештин регламентинде “Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн” деп айтылат. Мына так ушул мыйзам долбоорун 2021-жылдын 30-июнунда четке кагышкан болчу, демек аны кайра кароого 2022-жылдын январында гана алып чыгууга мүмкүн эле.

Бирок мыйзам өтө керек болгондуктан, кайра добуш берүүгө 28-июлда алып чыгышкан, б.а. бир ай өтө электе эле. Дептуттардын басымдуу бөлүгү аны колдоп беришкен.

Ал учурда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты боюнча министрдин орун басарынын сөзү боюнча, мыйзамды аткарыш үчүн министрликтин тийиштүү ыйгарым укуктары жок болчу. Ага дагы каржылык жана техникалык каражаттар, штаттык бирдиктер керек эле.

Документке байланышту жобо жарым жыл иштелип, оңдолуп, толукталып жатты. 2022-жылдын 8-апрелинде гана “Сайттын ээсинин аракеттерине даттануу, такталбаган (жалган) маалыматтарды өчүрүү жана сайттын ишин убактылуу токтотуу тартибин бекитүү жөнүндө” жобого кол коюлду.

Жашоо көрсөткөндөй, жарым жыл иштелип чыккан бул “тартип” эч бир тартипти орното албады.

Kloop.kg сайтынын фотосүрөтү, автору Александра Титова.

Мыйзам кантип иштей баштады

“Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо” маховиги июнда иштей баштады. Бул айда ResPublica гезитинин “сайтынын ээсине” каршы арыз келип түшкөн. Юристтер мурда бир нече жолу эскертип келген абсурд эми даана байкала баштады.

Мыйзам боюнча, сайттын ээси ага карата келип түшкөн арыз тууралуу электрондук почта аркылуу кабардар кылынышы мүмкүн. Ооба, азыр 21-кылым, бул көп жагынан ыңгайлуу. Бирок да редакция акыркы эки жыл иштебегенин жана анын почтасы менен эч ким колдонбой калганын аткаминерлер аныктаганга аракет кылып да коюшкан эмес. Алар жазган катка бир ай эч ким жооп бербегени да аларды ойлондурган эмес. Бир айдан кийин, сайт жеткиликтүү болбой калганда гана алар телефон аркылуу “чындыкка жатпаган” маалыматты алып салуу керектигин, болбосо сайт блокко коюла тургандыгын билдиришкен. Сайт жеткиликтүү болбой калса андагы маалыматты кантип алып салса болот – бул тууралуу алар ойлонуп да коюшкан эмес.

Тилекке каршы, бул тууралуу мыйзамда эч нерсе жазылган эмес, ал эми өзүлөрүнүн иш билгиси, билими жана кызыгуусу жетишпейт. Тагыраак айтканда, аткаминерлердин кызыгуусу бар, бирок башкага – кандай гана жол менен болбосун Маданият министрлигин чечимин ишке ашырууга жана “каралаган макаладан” арылууга.

Чындыкка жатпаган маалымат үчүн ким жооп берет?

Мыйзам боюнча, чындыкка жатпаган маалымат үчүн сайттын ээси жооп берет. Маданият министрлигинин чечими боюнча да сайттын ээси жалган маалыматты алып салышы керек. Бирок “сайт” деген эмне жана “сайттын ээси” деген ким?

Мыйзамдын 2-беренесинин 3-пунктунда: “Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигиндеги сайт – Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде жеткиликтүү болгон маалыматтардын жыйындысын өзүнө камтыган Интернет тармагындагы орун”, – деп жазылып турат.

Ал эми ушул эле беренин 5-пунктунда мындай деп жазылган: “Интернет тармагындагы сайттын ээси – сайт менчик укугунда таандык болгон жеке же юридикалык жак”.

Болду, башка эч нерсе жок. Калганын өз алдыңча чечип ал дегендей.

Ошондуктан Санариптик өнүктүрүү министрлиги көп кыйналбай эле жеңил жолду тандап алды: домен кимге жазылса, демек сайттын ээси ошол болот.

Иш жүзүндө домендик ысымга ээлик кылган адам сайтты башкаруу системасынын файлдары, маалыматтар базасы жаткан серверге дайыма эле жеткиликтүү боло бербейт. Ошондой эле анын сайтты администрациялоо панелине киргенге, материалды жайгаштырганга же өчүрүп салганга укугу болбошу мүмкүн.

Ошондуктан, дагы бир жолу суроо узаткыбыз келет: чындыкка жатпаган маалымат үчүн ким жооп берет?

Кунарсыз келечек

ResPublica гезитинин редакциясын байланыштуу прецедент бир заматта кыргызстандык бардык интернет-сайттарды коргоосуз калтырып салган бул мыйзам ЖМКлардын кандай коллапсына, сөз эркиндигине байланыштуу кандай чегинүүлөргө алып келээрин даана көрсөтүп койду. Өзгөчө көз карандысыз ЖМКларга чоң коркунуч жаралды.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери маал-маалы менен ИИМдин жана УКМКнын өкүлдөрү менен жолугуп, мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөрдү жана аны жакшыртуу жолдорун талкуулап турушаарын билдиришет. Бирок мыйзамдын эмнесин жакшыртуу керек? Аны жакшыртуунун жана өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок, бийликтегилер үчүн ал идеалдуу.

Бул мыйзамды жокко гана чыгарыш керек. Болгондо да тез арада, башкалар ал тууралуу жакшы биле элек кезде. Маданият министрлигин арыздар менен көмүп сала турган “кемсинтилип, басынтылгандар”, ЖМКларга “таарынгандар” четтен чыга турганын эстесек, келечектен коркуп кетесиң.

Ярослав Тартыков

P.S. Бир ай өтө электе эле “24.kg” сайтынын редакциясы да бул мыйзамды колдонуу аракетине туш болду. Бактыга жараша, сайтты блокко салуу чечими кайтарылды.