(Кыргыз) Акыркы жылдары депутаттардын чыгымдары ондогон миллион сомго өскөн

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Акыркы эки жылда Жогорку Кеңештин чыгымдары 2020-2021-жылдарга салыштырмалуу кыйла өскөн. Factcheck.kg’нин журналисттери парламенттин төрт жылдагы чыгымдарын талдап чыгып, бир депутатка кеткен чыгымдар 48%га өскөнүн (2023-жыл 2020-жылга салыштырмалу), ал эми алардын жалпы суммасы 1 млрд сомго жеткенин аныкташты.

Билдирме: «Ачык бюджет» мамлекеттик порталында мекеменин 2020-жылдан кийинки гана чыгымдары тууралуу маалымат бар. Ошондуктан бул материалда 2020-жылдан 2023-жылга чейинки гана төрт жылдык маалыматтар талдоого алынды. 

2020-жылы парламенттин иш алып баруусун камсыздоого бюджеттен 673.6 млн сом бөлүнгөн болчу. 2021-жылы – 689.5 млн сом. Ал эми 2022-жылы 950.5 млн сом, б.а. бир жылда 261 млн сомго көбөйгөн. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгымдар дээрлик бир миллиардга жеткен – 998.86 млн сом.

Каражат каякка жумшалган

Парламенттин чыгымдарынын дээрлик 80% айлык акыларга жана социалдык төлөмдөргө жумшалган – чыгымдардын бул бөлүмү «кызматкерлердин айлык акылары» деп аталат. Ал жылдык чыгымдардын көлөмү менен бирдей өсүп турган. 

Андан сырткары негизги чыгымдардын дагы үч түрү бар:  

  • Товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана колдонуу 
  • Социалдык жөлөкпулдар жана төлөмдөр
  • Башка чыгымдар

Ошентип «Социалдык жөлөкпулдар жана төлөмдөр» деген чыгымдардын түрү төртүнчө орунда турат жана анын жалпы чыгымдардагы үлүшү 0.02%-0.03% түзөт (ар жыл сайын).

Үчүнчү орунда «башка чыгымдар» турат жана бул каражаттар негизинен толугу менен «резервдик фондго» жумшалат, ар жылда 30-32 млн сом өлчөмүндө (бир гана 2022-жылы 3.4 млн сом «соттун чечимин аткарууга» да жумшалган). 2023-жылы резервдик фонддун суммасы көбөйтүлүп, 37 млн сомго чейин жеткирилген. Чыгымдардын бул түрүнө жыл сайын орточо алганда жалпы чыгымдардын 3.7-4.8% жумшалат.

«Башка кызматтар» – бул эмне?

Чыгымдардын көлөмү боюнча экинчи орунда «Товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана колдонуу» турат – жыл сайын ага жалпы чыгымдардын 16-17% туура келет. 2020-жылы бул максатка 107.4 млн сом коротулса, 2023-жылы анын өлчөмү 155.8 млн сомго жеткирилген (+48.4 млн сом же +45%).

Чыгымдардын бул түрүнө «башка кызматтарды төлөөгө байланыштуу башка чыгымдар» деген чыгымдардын категориясы кирет. Чыгымдардын көбү ушуга туура келет. Бул чыгымдарга иш-чараларды уюштуруу чыгымдары, бланктарды, медалдарды жана төш белгилерди жасоо, маалыматтык-коммуникациялык кызматтар жана «башка чыгымдар» дегендер кирет. Бардыгы болуп бул максаттарга өткөн жылы 110.8 млн сом жумшалган.

Төмөндө көрсөтүлгөн скриншотто «Товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана колдонуу» бөлүмүндөгү 155.8 млн сом өлчөмүндөгү чыгымдардын түзүмү көрсөтүлгөн, анда «башка кызматтарды төлөөгө байланыштуу башка чыгымдарда» 110.8 млн сом көрсөтүлгөн. Сол тилкеде пландаштырылган чыгымдар, оң тилкеде – иш жүзүндөгү чыгымдар:

Скриншотто көрүнүп тургандай, «башка» кызматтарды төлөө боюнча чыгымдардын көп бөлүгү иш-чараларды уюштуруу чыгымдарына туура келет. 2020-жылы бул максатка «Товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана колдонуу» чыгымдарына караштырылган 107.4 млн сомдун 59.7 млн сому (56%) жумшалса, 2023-жылы анын өлчөмү 84.2 млн сом түзгөн, б.а. 2020-жылга салыштырмалуу 25 млн сомго көбүрөөк. 

Ошондой эле бул бөлүмдө «башка кызматтарды төлөөгө байланыштуу башка чыгымдар» деген табышмактуу чыгымдардын түрү бар. Төрт жыл мурда бул максатка 6.35 млн сом колдонулса, быйыл – 16.3 млн сом. «Башка» кызматтарга эмне кирери – белгисиз.

Төш белгилерди, медалдарды жана бланктарды жасоого чыгымдар төрт жыл аралыгында 13.5 эсе өскөн – 2020-жылдагы 424 миң сомдон 2023-жылдагы 5.7 млн сомго чейин. 

Бул бөлүмдөгү чыгымдардын дагы бир түрү – маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды төлөө. 2020-жылы ага 988 миң сом коротулса, быйыл анын өлчөмү 4.6 млн сомго жеткен.

Билдирме: «Товарларды жана кызматтарды сатып алуу жана колдонуу» деген жалпы бөлүмгө иш-чараларды уштуруу жана иш сапары чыгымдарынан сырткары байланыш, транспорт, кароол, коммуналдык кызматтары, оңдоп-түздөө иштери, чарбалык материалдарды сатып алуу ж.б. кирет. Алар менен толугураак «Ачык бюджет» порталынан «Чыгашалар» бөлүмүнөн тааныша алаласыздар.

Иш сапар чыгымдары

Көп каражат жумшалган чыгымдардын дагы бир түрү – иш сапарлары. 2020-жылы депутаттардын жана парламент кызматкерлеринин Кыргызстан боюнча иш сапарларына 1.7 млн сом, ал эми чет өлкөлөргө иш сапарларга – 5.1 млн сом коротулган болчу. 2023-жылы өлкө боюнча иш сапарларга 2.3 млн сом, ал эми чет өлкөлөргө 22 млн сом коротулган. Чет өлкөгө иш сапарларына чыгымдар төрт жылда төрт эсе өскөн.

Кайсы ишке баарынан аз каражат жумшалган.

Акыркы төрт жылда баарынан аз каражат кызматкерлердин окутуусуна жумшалган. Болгондо да окутууга чыгымдар төрт жылдын эки жылында эле болгон. 2021-жылы мамлекеттик кызматкерлердин жана адистердин окутуусуна чыгымдар 12 миң сомду, 2022-жылы 5 миң 200 сомду түзгөн. 

Тыянак

Кызматкерлердин эмгек акысынан тышкары, Жогорку Кеңеш «башка кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө байланышкан чыгымдарга» көп акча коротот – бул иш-чараларды уюштуруу чыгымдары, бланктарды, медалдарды жана төш белгилерди жасоо, маалыматтык-коммуникациялык кызматтар жана «башка чыгымдар» дегендер кирет. Ошондой эле чет өлкөгө иш сапарлар.