Сакал-мурут таажычан вирусту жуктуруп алуу тобокелдигин миң эсе жогорулатабы? Текшеребиз

Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу коомдук тармактарда сакал-мурут таажычан вирусту жуктуруп алуу тобокелдигин миң эсе жогорулатат деген маалымат кайра таркатылууда. Белгилей кетсек, бул маалымат ЖМКларда 2020 жана 2021-жылдарда да жарыяланган болчу.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Жаңылык сайттары билдиргендей, Ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу боюнча америкалык борборлор (US Centres for Disease Control and Prevention — CDC) ушундай жыйынтыкка келишкен. Ден соолук саркечтик тенденциалардан маанилүүрөк деп кошумчалашкан.

“Сакал-мурутка байланыштуу ооруну жуктуруп алуу тобокелчилигинин себеби – коргоочу беткаптын бетке жакшы отурбагандыгы. Жылчыктар пайда болуп, алар аркылуу вирустар жеңил эле өтүп кетет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, сакал-мурутун таза кырынып жүргөндөргө караганда сакалчандардын ооруну жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору. Кээде миң эсе жогору”, – деп бөлүшөт ЖМКлар.

Бул жаңылык беткап бетке жакшы отурушу үчүн сакал-мурут кандай болушу керектигин көрсөткөн инфографика менен коштолот.

Ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу боюнча америкалык борборлордун сайтынан биз бул сүрөттү таап алдык. Ал 2017-жылы тартылган экен. Башкача айтканда таажычан вирустун эпидемиясы башталганга чейин.

Бул макалада N95 респиратордук беткап бетке жакшы отурушу үчүн медицина кызматкерлерине гана сакал-муруттарды кыруу боюнча кеңештер берилген.

2021-жылы Ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу боюнча америкалык борборлор аба жана суюктук аркылуу тараган коркунучтардан сактануу үчүн медициналык персоналга гана №95 респиратордук маскаларды тагынууну сунуштаган.

“Бул респираторлор медициналык мекемелерден сырткары колдонулбайт жана ага муктаждык жок. Респираторлорго таңсыздык байкалса аны стерилдик шартта, же кандын, биологиялык суюктардын чачырашы мүмкүн болгон операция залдары менен процедура бөлмөлөрү сыяктуу жерлерде иштеген медицина кызматкерлери гана тагынышы керек. COVID-19 менен ооруган же ага шектелген бейтаптар менен иштеген медициалык кызматкерлердин көбү N95 хирургиялык респираторлорду колдонбой койсо болот”, – деп айтылат уюмдун сайтында.

Белгилей кетүүчү нерсе, медициалык мекемелерде иштебегендерге кадимки эле беткаптарды колдонуу жетиштүү.

Тыянак: калп. Ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу боюнча америкалык борборлор медицина персоналына гана сакал-мурутту кырууну сунуштаган.