“Амазондон” белек тууралуу маалымат — фейк

Жаңы жыл алдында шылуундардын иши кызыды —  чакан сурамжылоодон өтүп, белекке 500 доллар утуп алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгону тууралуу маалымат WhatsApp тиркемесинде желдей тарады.  

Factcheck.kg бул маалыматтын чын-бышыгын текшерип көрдү. 

Эске салсак, WhatsApp тиркемесинен вирустуу, зыян келтирчү билдирүүлөр буга чейин да тарап келген. Алсак, Аdidas жана Nike компанияларынын 95 жылдыгына карата шылуундардын акциялары тууралуу биздин редакция 2019-жылы жазып чыккан

Бирок, ал кездеги акцияларга катышуу үчүн шилтемелердин курамында Аdidas жана Nike компанияларынын аты болгон. Мындан улам көпчүлүк колдоонучулар маалыматтан күмөн санаган эмес эле. Ал эми  “Амазондун” акциясында колдонуучуларга таптакыр башкача шилтеме аркылуу өтүү сунушталат: https://www.mkcp893d.cn/tiaoban.php?app=christmas. 

Биз mkcp893d.cn доменин текшерип, ал 2020-жылдын 9-январында катталганын аныктадык.  Бул домен кытайлык Тан Юань компаниясына катталгандыктан, анын “Амазонго” тиешеси бар экени күмөн жаратты.  

Биз шылуундар сунуштаган шилтеме аркылуу өтүп, “акцияны” текшерип көрдүк. 

 Factcheck.kg маалымат коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул шилтеме аркылуу өтпөөнү сунуштайт. 

Биз шылуундар сунуш кылган шилтемеге киргенде mzf5ag2i.cn аттуу дагы бир сайтка туш болдук.  Бул домен  буга чейинки домен менен бир күндө бир эле адам тарабынан катталган.

Кийинки баракчада 100 компьютер менен телефон жана 50 доллардан 500 долларга чейинки белектер тууралуу маалымат бар. Белгилей кетчү жагдай, белектер тууралуу маалымат баштапкы билдирүүдөгүдөн айырмаланып турат. Суроолорго жооп берип, үч аракет менен кутучадагы белекти табуу сунушталат.

Бул жөн гана көз боечулук — сиз суроолорго кандай жооп берсеңиз да, жооптор “акциянын” жүрүшүнө эч кандай таасир тийгизбейт.  Бул кадам жөн гана колдонуучунун көңүлүн буруу максатында каралган. 

Андан соң жоопторду анализдөө процесси башталат да 16 варианттан турган белеги бар кутуча тууралуу маалыматты табуу сунушталат. 

Андан соң, 3060 доллар өлчөмүндө белек берилгендиги тууралуу кабарланат. Бирок ал белекти алуу үчүн маалыматты WhatsApp тиркемесиндеги 4 тайпага же 20 адамга жөнөтүү талап кылынат. 

Көк түстөгү сызыкча толмоюнча маалыматты ар башка адамга жөнөтүү зарыл. Ал кеминде 20 тайпа же 50-60 колдонуучу болууга тийиш экенин аныктадык. Андан соң каттоону аяктоо керек. 

Каттоодон өтүп, көрсөтүлгөн шилтемеден өткөндө, антивирустук билдирүү олуттуу коркунуч жөнүндө эскертет.

Биз бул акция тууралуу ачык булактардан да маалымат издеп көрдүк. Бирок “Амазон” акциясы жөнүндө эч жерде маалымат табылган жок. 

Жыйынтык: жалган. 

WhatsApp тиркемесинде Жаңы жылдык акция тууралуу тараган билдирүүнүн Amazon компаниясына тиешеси жок.  

Бул билдирүү шылуундардын ишмердүүлүгү. Ал интернеттеги алдамчылык  же фишинг деп аталат.  Телефондон же компьютерден бир катар манипуляцияларды жүргүзүү менен, колдонуучу жеке маалыматтарга, анын ичинде кредиттик карталардын маалыматтарына, алдамчыларга мүмкүнчүлүк ачат.