Дипфейктер: кантип сактанса болот?

Буга чейин “Дипфейктер деген эмне жана эмнеси менен алар коркунучтуу?” деген макаланы даярдаганбыз. Бул жолкуда биз аларды кантип аныктаса боло тургандыгы тууралуу сөз кылабыз.

Эскерте кетсек, дипфейк — бул жасалма интеллектин жардамы менен даярдалган, жасалма экендигин аныктоо оор болгон аудио же видеоролик. Ушундай жол менен саясатчыларга, белгилүү адамдарга каалаган сөздөрдү сүйлөтүп, алар кылбаган нерсени кылгандай кылып көрсөтүп койсо болот.

Дипфейкти кантип аныктаса болот?

Дипфейктер пайда болоору менен америкалык окумуштуулар аларды аныктоонун үстүндө иш алып бара башташты. 2018-жылы алар жасалма видеолордогу каармандар көзүн эч качан ирмебей тургандыгын, ирмесе да кызык ирмей тургандыгын аныкташкан.

Ошол эле жылы Корнелл университетинин адистери адам жүзүнүн бурмаланышына (бузулушуна) көңүл бурууну айтып чыгышты. Алардын маалыматы боюнча, дипфейктердин учурдагы алгоритми сүрөттү чектелүү сапатта гана жарата алат, андан сырткары өзгөртүлүп жаткан адамдын жүзүнө дал келтириш үчүн аны бир аз өзгөртүүгө туура келет. Мындай өзгөртүүлөрдөн кийин видеодо айрым артефакттар сакталып калат.

2019-жылы Google менен Microsoft компанияларынын колдоосунда макала жарыяланган, анда алгач кайсы бир адамга мүнөздүү мимикалар менен башынын кыймылын талдап чыгып, дипфейк менен салыштырып көрүшкөн, ошондо жакшы байкалган айырмачылыктарды табышкан.

2020-жылы изилдөөчүлөрдүн тобу адам бетинин, мурунунун четтерине жана эрин жактарына көңүл бурууну сунуштаган. Ушул жерлерде дипфейк экендиги ачык байкалат. Ошол эле кезде алардын айтымында, биринчи муундагы дипфейктерди 100% тактык менен аныктаганга мүмкүн болсо, экинчи муундагы дипфейктерди 15-30% тактык менен гана аныктаса болот.

2021-жылы Буффало университетинин окумуштуулары жасалма видеону аныктоонун ыкмасын иштеп чыгышкан. Адистер чыныгы жана дипфейктеги адамдардын көздөрүндөгү жарыктын чагылышын изилдеп чыгышып, жасалма интеллект жарыктын чагылышын так жасай албай тургандыгын аныкташат. Алардын айтымында, бул ыкма менен дипфейкти аныктоонын тактыгы 94%ды түзөт.

Дипфейктерди аныктаган программалар барбы?

Бүгүнкү күндө Deepware сканери жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Видеону текшериш үчүн ага шилтемени атайын формага коюу керек. Программа видеону талдап чыгып, анын жасалмалыгын пайыздык көрсөткүч түрүндө берет.

Аталган программанын жардамы менен Telegraf Владимир Путин Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр “ийгиликтүү аяктады” деген видеону талдап, анын жасалма экендигин аныктаган.

Жалган маалыматты аныктаганга жардам бере турган көндүмдөр

Биз байкагандай, технологиялар бир орунда турбайт. Кызыкдар тараптар жасалма интеллектини өнүктүрүп жатышат. Аны менен катар жасалма видеолордун сапаты да жакшырууда, алардын жасалмалыгын аныктоо улам оорлоп барат. Ошол эле кезде, сынчыл ой жүгүртсөңөр жана фактчекинг аспаптарын колдонгонду билсеңер жалган маалыматтардын курмандыгы болуу ыктымалдыгы кескин азаят.

Дипфейктерди таркатуу каналдары

Адатынча, чындыкка жатпаган маалыматтар, биринчи кезекте, көп адамдар отурган коомдук тармактарда жана мессенджерлерде жарыяланат. Бул фейк аккаунттар аркылуу жасалат.

Мессенджерлер жана коомдук тармактар аркылуу таркатылып жаткан калп маалыматтарды ЖМКлар дагы колдонгон учурлар аз эмес. Ага адатынча сенсация жаратуу максатында маалыматтын такталганына көңүл бургусу келбеген сайттар барат.

Кыргызстанда жалган маалыматтар негизинен үч канал аркылуу таркатылат:

– WhatsApp мессенджериндеги топтор аркылуу;

– Facebook тармагындагы фейк аккаунттар аркылуу;

– Facebook тармагындагы топтор аркылуу.

Сайт тууралуу маалыматтарды алгыңар келсе төмөнкү кызматтарды колдонгула:

  • WHOIS – домен боюнча маалыматтарды, ал кимге тийиштүү экенин, сайттын IP-дарегин билгенге жардам берет;
  • 2ip – IP жана домен боюнча маалыматтарды тапканга жардам берет.

Окшош видеолорду издөө

Google издөө кызматы мүнөздүү сөздөр (ключевые слова) боюнча видеону тапканга жардам берет. Издөө кызматы Google Video-дон сырткары YouTube тармагында жайгашкан видеолор арасында издөө жүргүзөт. Жыйынтыгында сиз көргөн видеону интернетте жайгаштырылган окшош видео менен салыштыра аласыз.

Андан сырткары InVID платформасын колдонсо болот. Ал коомдук тармактар аркылуу таркатылып жаткан видеонун аныктыгын билгенге жардам бере алат.

Эмки макалада дипфейктер менен күрөшүүнүн кандай мыйзамдык жолдору бар экендигин айтып беребиз.