Фактчек. Көпүрө астындагы көк киттер

(Русский) Огромный синий кит проплывающий под мостом впечатлил пользователей. Мы выяснили фейк это или нет.

Июль айынын аягында көз жоосун алган сүрөт социалдык тармактарда жайылды. Анда Канададагы Шамплейн көпүрөсүнүн астында эки киттин сүзүп баратканы тартылган. Сүрөт вертолеттон тартылганы айтылып, анын уникалдуулугу белгиленет.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/b6a878a7f96ea2976f9cf3d73dab41c1ee7f0c17.png?resize=624%2C891&ssl=1

Сүрөт желеде чагылгандай тездик менен тарап, колдонуучулар, анын ичинен кыргызстандыктар арасында өтө популярдуу болот.

Factcheck.kg көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан эки киттин сүрөтү кайдан пайда болгонун жана анын канчалык деңгээлде  чындыкка дал келерин аныктады.

Tineye.com тиркемесинин жардамы менен нукура сүрөттү табабыз. Анда киттердин сөлөкөтү көрүнбөстөн, көпүрө гана чагылдырылган.  Сүрөттүн нукуралыгын көпүрө үстүндө жүрүп бараткан унааларлын өң-түсү жана сүрөт тартылган учурда жайгашкан жери далилдейт. Сүрөттүн автору — @chuttersnap аттуу колдонуучу.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/2ce29f5eae3d78a26a6fbe4f5a25539b9ab6ed71.png?resize=640%2C1002&ssl=1

Ал эми киттердин сүрөтү өзгөртүүгө учурагандыктан, аны табуу кыйла кыйынга турду.  Бирок, коллажды кылдат карай турган болсок, Instagram баракчасынын шилтемесин байкайбыз:

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/f76759f6a34adf195157155c68b844e0d624dca4.jpeg?resize=344%2C120&ssl=1

 

Photoshop программасынын адиси @umutrecberart аттуу колдонуучу бизге белгилүү болгон коллажды кантип жаратканы тууралуу маалымат менен бөлүшкөн. Ал көпүрөнүн сүрөтүн @chuttersnap аттуу колдонуучудан, ал эми киттердикин  Pixabay ресурсунан алып пайдаланганын маалымдаган.

 

 

  Instagram тармагынан кароо

 

 Umut Reçber (@umutrecberart) 1 Авг 2019 в 8:52 PDT

Жыйынтык:

Көз жоосун алган сүрөт — желеде вируска айланган коллаж экенин автор өзү Instagram баракчасында тастыктаган. Ал коллаж жаратууда алдына кандайдыр бир өзгөчө максат койгон эмес.