800 миң доллар чыгым тарткан инвестор менен Садыр Жапаровдун байланышы

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев дагы бир чуулгандуу окуяга кабылды. Анын жакын туугандарынын бири алдамчылыкка шектелүүдө. Германия жараны 800 миң доллар өлчөмүндө чыгым келтирилди деп, Финансы полициясына арыз менен кайрылган. Жумалиевдин тууганы камакка алынды.

Factcheck.kg бул окуянын 12 жыл мурда Кыргызстанда болуп өткөн башка окуя менен окшоштугун байкады. 

Эмесе сөз башынан болсун. 2008-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде Садыр Жапаров коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары эле. Дал ошол мезгилде соттук иштердин сайтында жайгаштырылган документ журналисттердин көңүлүн бурду.

800 миң долларлык иш

“Эктесад Новин” банкы, ошол эле учурда ирандык инестор 800 миң долларды кайтарып берүү арызы менен сотко кайрылган. Бул документ соттук иштердин сайтына кирип, “Адыл Жунус уулу” деп издөө салганыбызда табылды. Эске салсак, Адыл Жунус уулу — “Республика – Ата-Журт”  фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты жана жаңы президент Садыр Жапаровдун досу.

Документте 2008-жылдын 19-августунда доогер менен жоопкердин ортосунда Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндө жайгашкан курулуш аяктаган соң, имаратты сатып алуу тууралуу келишим түзүлгөнү айтылат.

Курулуш аяктаган соң, анын ар бир чарчы метри 13.30 долларды түзөрү тууралуу эки тарап макулдашкан. Анын ичинде курулуш жүргөн жер тилкесинин 49 жылга чейинки ижара баасы да камтылган. Келишимге ылайык, Иран жараны, кийинчирээк доогер сатуучуга алдын ала 300 миң доллар  төлөгөн.

Кийинчирээк, Иран тарап сатуучу Адыл Жунус уулуна дагы 500 миң доллар берген. Акчаны бөлүп бергенинин себеби, сатуучу айтылган мөөнөткө бир нече милдеттенмелерин өз убагында аткарууга үлгүрбөй калган. 2008-жылдын 17-октябрында келишимге толуктоолор киргизилип, сатып алуучу сатуучуга кошумча каражат төлөп берүүгө милдеттендирилген.  Сатуучуга “Ысык-Көл” банкына болгон карызды төлөө үчүн каражат керек болгон. Жалпысынан кыргыз тарап ирандыктардан 800 миң доллар алган. Бирок, ирандык инвестор өзүнүн имаратын ала алган эмес. 

Сатуу-сатып алуу документине ылайык,  сатуучу негизги келишимден баш тартса, ал төлөнгөн каражатты эки эсе, же болбосо 1 млн 600 миң доллар өлчөмүндө кайтарып берүүгө тийиш эле. Бирок, эл өкүлү келишимдин талабын бузуп, «Эктесад Новин» банкына курулуш иштеринин аяктагын тууралуу кабарлаган эмес.  

Сатуучунун амалы

Көрсө, 2012-жылдын май айында Адыл Жунус уулу ирандык инвесторлорго акчаны кайтарып бербөөнүн айласын таап койгон экен. Ал кандай амал болду экен?

Курулуш иштери бүткөн соң, имаратын сатмак болгон эл өкүлү инвестордун өзүн  сотко берген экен. Болгондо да, ага айтпай туруп. Свердлов районунун соту ишти сыртынан карап, бардык сатуу-сатып алуу келишимдерин жана аларга кошумча келишимдерди жараксыз деп тапкан. Ошентип, Иран тарап төлөп берген 800 миң доллар да жокко эсе болуп калган эле.

Ишти ким жана кантип караган?

2015-жылы иш Свердлов райондук сотунда да каралып, ага судья Эльвира Жаркеева төрагалык кылган. Эки жыл мурун ал кылмыштуу топ менен тил табышып, бир катар мыйзамсыз чечимдерди кабыл алган деп айыпталып, кеңири таанымал болгон.

 «Эктесад Новин» банкынын иши боюнча судья Жаркеева 2012-жылкы соттун чечимин туура деп таап, келишимдердин жана ага кошумча документтердин күчүн жокко чыгарган. 

Соттун чечими 2012-жылы күчүнө киргендиктен, 2015-жылы арыз мөөнөтү өтүп кеткен жана калыбына калтыруу мүмкүн эмес болгон.

Жыйынтыгында, сот банктын депутатка койгон талабы — аталган сумманы өндүрүү боюнча жарандык процессти токтотуу жөнүндө чечим чыгарган.

Садыр Жапаровдун бул ишке кандай тиешеси бар?

Ибраимов, 100 дареги боюнча жайгашкан имараттын курулуш иштери аяктаган соң, ал Иран инвесторунун колуна тийген жок. Бул имарат депутат Адыл Жунус уулунун жубайына катталган. Ал эми Садыр Жапаровдун буга кандай тиешеси бар деп атсаңыз керек.  Эмесе, фактыларды келтирсек:

Биринчи факт. Садыр Жапаров Кара-Суу эли менен болгон жолугушууда бир нече досу менен имарат куруп, аны 2010-жылы бүтүргөнүн айткан эле.  

“Бишкектеги республикалык штабым жөнүндө айтып атпайбы. Ал имарат 2010-жылы “Ата Журт” партиясынын штабы болгон. Бул имаратты 2007-жылы 2-3 дос салдык эле. 2010-жылы бүткөн. Революциядан кийин “Ата Журт” менен шайлоого катышалы деп, республикалык штаб кылганбыз. Жетинчи апрелчилер келип маңдайындагы плакатты сыйрып алып, өрттөгөн. 2010-жылдан бери мен оппозицияда жүргөндөн бери бир күн иштетпей койгон. Арендага да берилбей, иштебей турган. 10 жылдан бери каралбай калган. Мен түрмөдөн чыккандан кийин, актап, сырдап, штаб кылып койдук”. 

Садыр Жапаров бул сөзүн Адыл Жунус уулун “кытай агенти” эмес деп, актанган учурда айткан эле. Анын айтымында, Жунус уулу “китепкананын жана өлкөнүн жерин саткан Жеңиш Молдокматовго караганда мамлекетке 100 эсе, 1000 эсе көп пайда алып келген”. 

Садыр Жапаровдун Бишкек шаарындагы штабы дал ушул Ибраимов, 100 дареги боюнча жайгашканын белгилей кетсек. 

 

Төмөндө Иран банкы менен Жунус уулунун соттошконуна себепкер болгон имараттын сүрөтү:

Экинчи факт. 2015-жылдын 7-декабрында жоопкер Адыл Жунус уулунун ишенимдүү өкүлү Александр Сергеевич Мощин болгон.

 

Ал эми президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү да Александр Мощин болгон. 

Жыйынтык:  тиешелүү мамлекеттик органдар бул материалда келтирилген фактыларга көңүл буруп, иликтөө жүргүзүшү керек.