Asia Mall соода борборунан акция тууралуу маалымат – фейк

WhatsApp тиркемесинде Asia Mall соода борбору төрт жылдыгына карата белектерди ойнотуп атканы тууралуу маалымат тарады. Байгени утуу үчүн шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруу сунушталат. 

Эске салсак, Factcheck.kg буга чейин Аdidas, Аmazon, Disney жана башка компаниялардын аты аталган “акцияларды” текшерип көрүп, чынында ал шылуундардын иши экенин аныктаган.

Asia Mall соода борбору ойнотуп аткан акцияга катышуу үчүн crownbroken.xyz аттуу шилтеме аркылуу өтүү керек. Белгилей кетсек, бул шилтеме Asia Mall (asiamall.kg) деген жазуу болбогон соң, күмөн жаратат.

Шилтемеден өткөн соң, төрт суроого жооп берүү сунушталат. Колдонуучуларды ишендирүү үчүн анкетанын төмөн жагында башка колдонуучулардын белектерди утуп алганы тууралуу комментарийлери калтырылган. Бирок алардын ысымдары кыргызстандыктардыкындай эмес.

Суроолорго кандай гана жооп болбосун, акциянын жүрүшүнө таасир этпейт. Андан соң, кутучадагы белектерди табуу үчүн мүмкүнчүлүк берилет.

 

Белекти алуу үчүн WhatsApp тиркемеси аркылуу 20 адамга же 5 тайпага акциянын шилтемесин жөнөтүү сунушталат. Улам бирөөгө шилтеме жөнөткөн сайын индикатор толо баштайт. Чынында шилтемени 50-60 колдонуучуга жөнөтүү керек. Андан соң каттоону аяктоо сунушталат.

«Каттоону аяктоо» бөлүмүнө өткөндөн кийин коопсуздукка олуттуу коркунуч жөнүндө антивирустук эскертүү пайда болот.

 

Белгилей кетсек, AsiaMall соода борборунун расмий сайтында акция тууралуу эч кандай маалымат жок. Ири соода борбору 2017-жылдын 31-августунда ачылган жана быйыл 31-августта төрт жылдыгына карата чоң концерт уюштурду.

Жыйынтык: кезектеги шылуундук, интернет-фишинг. WhatsApp тиркемесинде кеңири тараган акциянын AsiaMall соода борборуна тиешеси жок.