БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө мыйзамдын беренесин сынга алды

Алып баруучу Амантур Шергазиев БШКнын расмий билдирүүсүнө таянып, дебаттын жүрүшүндө кайсы бир талапкердин дарегине ага каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга тыюу салынарын билдирген. Ал президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамынын 22-беренесине шилтеме кылган. Биз бул маалыматты текшерип көрүп, анын чын экенин тастыктадык

Мындан тышкары,  БШК мүчөсү Гүлнара Журабаевадан комментарий алдык. Анын айтымында жогоруда айтылган чектөө 2019-жылы депутаттар тарабынан кабыл алынган: “Бул акылга сыйбаган чектөө.  Алар (депутаттар – ред.) өздөрүн сын-пикирден сактоо иретинде бул норманы кабыл алган. Эркин, демократиялык өлкөдө бул үгүт иштеринин бир бөлүгү болушу керек. Эгерде эл оппонентти тандаса, анын аягы эмне менен бүтөрүн айтуу керек”, — деди ал.