“АзияИнфо” компаниясы кимдерге таандык? Иликтөө

Макаланын мурдагы баштемасы анын маңызын толук түрдө чагылдырбагандыктан, Factcheck.kg баштеманы өзгөртүүнү туура көрдү. 

“АзияИнфо” компаниясы Кыргызстанда монополист домендик регистратор катары таанымал. Factcheck.kg бул компанияга ээлик кылгандарды изилдеп көрүп, анын Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн бизнес-өнөктөштөрү, “Мекеним Кыргызстан” партиясы жана мурда жоюлган Финансылык полиция менен кыйыр байланышы бар экенин аныктап чыкты. 

Эске салсак, 2017-жылы домен аттарды каттоо жана реестр тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, коомчулукта “АзияИнфонун” домен ысымдары кымбат экени айтылган. 

Депутат Дастан Бекешев “АзияИнфо” монополист экенин белгилеп, монополияга каршы мамлекеттик орган анын кызматынын баасын төмөндөтүп, KG доменинин популярдуулугун жогорулатуунун ордуна, тескеринче, жеке компанияга ашкере кымбат бааны койгонго көмөктөшөрүн айтып чыккан.   

Ал эми OsOO.kg сайты “АзияИнфо” 2020-жылдын жыйынтыгы менен 20 миллион сомдон ашуун киреше таба алганына карабай, болгону 680 миң сом салык төлөгөнүн кабарлаган. Мындан улам, Factcheck.kg “АзияИнфонун” ээлери ким жана алардын кимдер менен байланышы бар экенин иликтеп көрдү. 

Компания тууралуу

Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, ал өлкөдө 27 жылдан бери иш алып барат.  Компания интернетке кирүүгө жол ачып, үн байланышын жана спутник байланыш кызматтарын көрсөтөт. Мындан тышкары, байланыш системаларын долбоорлоо менен алектенет.

Төмөндө домендик аталыштарды бир жылга ижарага алуунун баасы көрсөтүлгөн:

Ал эми мамлекетке төлөгөн салыктар тууралуу болгону 2017-жылдан 2021-жылга чейинки гана маалымат белгилүү. Компания ири салыктарды төлөө менен чектелбестен, мамлекеттик буйрутмаларды да алып турат:

osoo.kg сайтынан алынды

“АзияИнфо” өзү катышкан мамлекеттик тендерлердин дээрлик 40%ын жеңген. Алардын 50%ы – консалтинг кызматтары, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, интернет жана техникалык колдоо менен байланышкан. Ал эми калган кызматтар телекоммуникация кызматтары жана программалык камсыздоого тиешелүү.

 

“АзияИнфо” кимге таандык? 

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, компанияга 1947-жылы туулган Лилия Щербакова ээлик кылат. 74 жаштагы ишкер саякатты жакшы көрөрүн социалдык тармактар айгинелейт. Мындан тышкары,  Щербакова “Бэль Канто” ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Аны менен катар Бэль Канто” ЖЧКсын Замира Мавлянова негиздеген. Опера ырчысы Мавлянова Щербакованын келини жана 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен бирге Жогорку Кеңешке аттанган.

Матраимовдор жана Финпол

Лилия Щербакова 2021-жылдын май айына чейин “Абай Строй Курулуш” компаниясына да ээлик кылып келген. 

Негиздөөчүлөрдүн арасынан Кудайбергенов Адилет Алмасовичтин ысымын да көрсө болот. Белгилей кетсек, ал 2019-жылы Бажы кызматынын кадр резервинин тизмегинде эле. Ал эми курулуш компаниянын дагы бир негиздөөчүсү – Шабданов Марлис Нарыналиевич. Шабданов 2019-жылы “Каганат Инвест” ЖСКчынын курамына кирген “Ихлас” бренди менен белгилүү “Арек Строй” ЖЧКсын да негиздеген. 

 

Марлис Шабданов 2016-жылкы шаардык кеңешке “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмегинде номур биринчи болуп шайлоого аттанган. Бирок шайлоодон соң тизмек алмашып, ордуна Жанарбек Алымов келип, өзү болсо 26-орунга жылдырылып, мандат албай калган. 

Kaktus.media маалыматына ылайык, Шабданов Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаеванын бизнес-өнөктөшү. Алар биргеликте “Пальма и К” и “Ош-Плаза” фирмаларын иштеткен. 

Учурда компаниянын жалгыз негиздөөчүсү жана директору Садырбаева Нуркыз Асылбековна. Садырбаева тууралуу маалымат ачык булактардан табылган жок. Бир гана ал Политехникалык университетте көркөм костюм дизайны боюнча билим алганы маалым

“Абай Строй Курулуш” кайрадан каттоодон өткөн соң, байланыш телефону жана катталган дарек жаңырган. Телефон номерин Getcontact тиркемесинен текшерсек, 35 жаштагы Асылбеков Чынгыз Асылбековичтин ысымы чыкты. Чынгыз Асылбеков менен Нуркыз Садырбаева бир жерде каттоодон өткөнүн көрсө болот. Ал эми   Getcontact тиркемесинде Асылбеков айрым учурда Садырбаев катары белгиленген. 

Ал эми компаниянын жаңы юридикалык дареги боюнча төмөндөгү үйдү көрсө болот:

Бул Бишкектеги үйлөрдүн бири. Үйдүн ээси жакыр эмес экенин көрсө болот. 

Мындан тышкары, 2012-жылкы документте, Финполдун ага кызматкери “Кыргызтелекомду” текшергендердин жумушчу тобунун мүчөсү болуп, “одоно бузууларды” таап чыккандыгы тууралуу маалымдалат. Бирок кандай бузуулар экени тууралуу ачык булактарда маалымат табылган жок. 

Кыскасы, “АзияИнфонун” ээси ким?

Лилия Щербакованын 51 жаштагы Дмитрий Дмитриевич Щербаков аттуу уулу бар. 2019-жылы Щербаковдун “Росинбанкта” (учурда “Кереметбанк”, мамлекеттик үлүш – 97.45%  ) жалпы акциянын 10.0866% үлүшү бар эле

 Osoo.kg Щербаковго үч фирма катталганын маалымдайт. Алардын экөө ишин токтоткон, ал эми үчүнчүсү 2012-жылы негизделген “АзияИнфо” “Телекоммуникациялык ишкана. Ишканага ээлик кылгандардын арасында дал “АзияИнфо” ЖЧКсы да бар. Эки фирма тең Абдрахманов көч, 175 дароеги боюнча каттоодон өткөн. 

Ишкана таштанды үчүн гана жылына 100 сомдон төлөп турат. 

osoo.kg

 

2021-жылдын март айында Щербаков “АзияИнфонун” директору катары башкы директор Александра Самойленко менен бирге Өкмөт тарабынан чогултулган Кыргызстандын Санарип кодексинин долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко кошулган.

Мунайдын изи

Лилия Щербаковага чейин “АзияИнфого” Гончаров Антон Николаевич ээлик кылып келген.  Бүгүнкү күндөГоначорвдун  2008 -жылы негизделген “SvRich LTD” ЖЧКсынын тазаланган мунай продуктыларын өндүрүүчү компаниясы бар. Ал Таш-Көмүрдөгү мунайды кайра иштетүүчү завод.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын директору Айтбаев Бакытбек Садыгалиевич. Ал тууралуу маалымат ачык булактардан табылган жок. Бирок жаңылыктарда жана Экономика министрлигинин сайтында компаниянын директору катары Дмитрий Щербаковдун ысымы айтылат. Мындан тышкары, “SvRich LTD” компаниясы “Росинбанктан” насыя алганы тууралуу маалымат бар. 

 2016-жылы “Росинбанк” өзү дагы ийгиликтүү кардарлар тууралуу билдирүүсүндө мунай заводу тууралуу кеп кылган.

“Росинбанк” дагы, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети сыяктуу эле компаниянын жетекчиси катары Дмитрий Александрович Шумиловдун ысымын атайт. Ал эми Дмитрий Щербаков  менен Санкт-петербургдагы “Резерв” коампаниясы ( Гончаров менен тең негиздөөчү) алгачкы инвестор катары айтылат. 

“АзияИнфо”  домендик ысымдарды катттоону кайра карап чыгабыз деп убадалаганына жана бийликтин Кыргызстанга андан башка дагы бир нече каттоочу компаниялырды киргизүүнү белгилегенине беш жылдын жүзү болду. 

2017-жылы компания тарабынан мындай билдирүү таратылган:

“Жыйынтыгында домендик аталыштардын реестрин жүргүзүү жана каттоо функциялары ажыратылат, бул бир нече каттоочу компаниянын рынокко чыгуусуна мүмкүндүк берет. Ал эми ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн, ошондой эле жогорку класстын окуучулары үчүн үчүнчү деңгээлдеги каттоо домендер бекер болот “.

Долбоор 2017 -жылдын август-сентябрь айларында ишке ашырылмакчы болгон. 

Учурда бул убадалар канчалык деңгээлде ишке ашканы белгисиз.

Доменди каттоочу  BORNEO.KG, “Хостинг KG”, HOSTER.KG, WebHost.kg, ProHost.kg ж.б. компаниялар бар, бирок алар дагы “АзияИнфо” аркылуу иштейт. 

Аталган фирмаларды сайттарына баш багып көрдүк. BORNEO.KG сайтынан дарек жана телефон номерин өчүрүп, жалаң аралыктан иштөө чечимин кабыл алган экен. Сайтта компаниянын электрондук дареги гана жазылган. Ал эми ачык булактарда фирма 2012-жылы иштебей калганы тууралуу маалымат бар.  

Белгилей кетсек, “Хостинг KG” компаниясынын сайтында көрсөтүлгөн номер Сергею Федотов аттуу адамга катталган. Getcontact тиркемесинде  “Сергей Хостинг Кг”“Сергей Менеджер Азияинфо” деп белгиленгенин көрсө болот.

Юстиция министрлигин сайтында компания тууралуу маалымат бар. Компаниянын номери аркылуу анын “АзияИнфо” менен байланышы бар экенин биле алдык. 

Ал эми фирманын юридикалык дареги Аламедин-1 микрорайонунда көрсөтүлгөн, расмий сайтында дарек тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Ачык булактарда эки даректи белгиленет:  Элебаев көч, 2 жана Совет көч, 175. Совет көчөсүндөгү дарек “АзияИнфонун” дарегине туура келет.

 

Ал эми башка хостингдердин “АзияИнфо” менен байланышы табылган жок. 

Башкы сүрөт: osoo.kg