Нуржигит Кадырбеков, “Ыйман нуру”: “Жылына мигранттардан өлкөгө 3 млрд доллар түшөт” – жалган

Бүгүн 24-ноябрда коомдук телеканалда парламентке аттанган талапкерлердин арасында дебат өтүүдө. 

Дебатта “Күчтүү Регион”, “Ордо”, “Ата Мекен” жана “Ыйман Нуру” партияларынын өкүлдөрү беттешти. 

“Ыйман нуру” партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков жылына мигранттардан Кыргызстанга 3 млрд доллар түшөрүн билдирди.

Factchek.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

2019-жылы Орусиядан Кыргызстанга мигранттардан которулган каражат 2,4 миллиард долларды түздү  2020-жылы бул сумма 2,3 миллиард долларды түзсө, 2021-жылы сегиз айда 1,7 миллиард долларды түздү, деп билдирет 24.kg маалымат агенттиги. Акыркы 10 жыл арасында 2018-жылы эң көп каражат – 2,6 миллиард доллар которулган.

 

Жыйынтык: жалган. Акыркы он жылда мигранттардан эң көп каражат 2018-жылы которулуп, 2,6 миллиард долларды түзгөн.