Атамбаевдин үй-бүлөсү турак-жайсыз калдыбы? Текшеребиз

(Русский) Во второй части расследования изучаем квартиры и дома, указанные (или скрытые) в декларации бывшего президента в графе “имущество близких родственников”.

 

Өткөн аптада укук коргоо органдары тарабынан мурдагы президенттин 120 мүлкү камакка алынган. Алардын көбү Алмазбек Атамбаев менен анын жакындарына катталганы белгилүү болду.

Буга чейинки иликтөөбүздө Атамбаевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү тууралуу айтылган. Экинчи бөлүмдө мурдагы президенттин жакындарына катталган мүлктүн тизмеги, анын ичинен Салык кызматына ачык тапшырылганы жана декларацияда көрсөтүлбөй калганы тууралуу баяндайбыз.

Белгилей кетчү жагдай, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» мыйзамда декларанттын жакын туугандары катары жубайы, жашы жете элек балдары, анын багуусунда же болбосо толук камкордугунда турган, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларант тарабынан багылууга укугу бар адамдар, жашоосуна, билим алуусуна, саламаттыгын сактоосуна чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө декларанттар финансылык сарптоолорду тарткан жашы жеткен балдары, ата-энелери, бир туугандары айтылат.

Көчөдө калдык 

16-августта мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаева журналисттерге интервью берип, Кой-Таштагы турак-жай үй-бүлөсүнүн каражатына салынганына карабай, камакка алынышы ыктымал экенин белгилеген. Атамбаева башка турак-жайы жок экенин айтып, үй-бүлөсү менен көчөдө калышы мүмкүн деп санаасын билдирген.

Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылы тапшырган декларациясына ылайык, анын жакындарына эки батир жана унаа токтотуучу жай катталган. Ал эми 2016-жылдын документтеринде турак-жай тууралуу маалымат жок.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/6453cd5e1cac6adf0ade7940957746744ffe5dfb.png?resize=640%2C474&ssl=1

2015-жылы тапшырылган декларация

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/774168ff84fd2abacfa254820426531b283f869e.png?resize=640%2C493&ssl=1

2015-жылы тапшырылган декларация

Киев көчөсү, 80 дарегинде жайгашкан, аянты 133,3 чарчы метрди түзгөн Атамбаевдерге таандык батиринин дайыны кайда?

Аталган даректе Бишкектин чок ортосунда тогуз кабаттуу элиталык үй жайгашкан. Андагы батирлердин бири 2012-жылдан тарта 2016-жылдын 15-августуна чейин Раиса Атамбаевага катталган. Ал батирди Алмазбек Атамбаевдин туугандарынын бири Бүбүмайрам Шаршеновадан сатып алган. Мыйзамга ылайык, мурдагы президент жубайынын батирин өз декларациясында белгилөөсү керек эле.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/91421a5334a190ed1877c5e92b9632b702425eff.png?resize=640%2C362&ssl=1

Раиса Атамбаева батири менен унаа токтотуучу жайын кызы Шагиева Алия Алмазбековнага белекке бергенин тиешелүү документтер тастыктайт.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/cdc88e477fafc3b618ce0b3ab24b1fda55eed8d4.png?resize=640%2C243&ssl=1

Ошол эле күнү Атамбаева аянты 51,3 чарчы метрди түзгөн батирди экинчи ирет Бүбүмайрам Шаршеновадан сатып алат жана 2016-жылдын 6-декабрына чейин турак-жайга ээлик кылат. Бул мүлктү дагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылкы Салык кызматына тапшырган  документтеринде белгилөөнү туура көрбөйт.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/f175e8cdd1c2be9404d3562215d19b859787ceda.png?resize=640%2C369&ssl=1

Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан батир 2016-жылы Шагиева Луиза Фаритовнага, 2018-жылдын февраль айында – Кутлубаева Альбина Рафиковнага сатылат. Factcheck.kg  Кутлубаеванын Атамбаевдин үй-бүлөсүнө  тиешеси бар экенинин далилин тапкан жок.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/95eef9aeb8a99326d337d4703ef6cd05b2a1e5ee.png?resize=640%2C238&ssl=1

Ал эми Алмазбек Атамбаев Арашан айылындагы турак-жайга 2013-жылга чейин ээлик кылып, андан соң уулу Сеидбек Атамбаевге каттаган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/f4c223a93e8ed178c1830b6f25b14d1753538f3e.png?resize=640%2C299&ssl=1

Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаев менен Раиса Атамбаеванын наамына кандайдыр бир турак-жай катталган эмес. Ал эми Кой- Таштагы  үй документтерде турак-жай эмес, “ден-соолукту чыңдоо борбору” катары көрсөтүлгөнү иликтөөнүн биринчи бөлүмүндө белгиленет.

Раиса Атамбаеванын бизнеси

2016-жылдын 1-августунан бери мурдагы президенттин жубайына таандык болгон «Ден-соолук жана узак жашоо» аттуу медициналык-окутуучу илимий борборунун үлүшү ( “Медико-образовательный научный центр “Здоровье и долголетие”) 2016-2017-жылкы декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Раиса Атамбаева аталган бизнестин негиздөөчүсү гана эмес, бүтүндөй башкаруучусу экени белгилүү.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/b441c3f2fd98ff4eff7d5bbd6abe096f93669caa.png?resize=640%2C501&ssl=1

Ысык-Көлдөгү курорт

Раиса Атамбаева ээлик кылган кыймылсыз мүлктүн катарында Ысык-Көлдөгү жер тилкеси. 2018-жылдын январь айында Атамбаев көлдүн тегерегиндеги 2,63 гектар жерди ижарага алат. Аталган жер Кой-Таштагы окуялардын соңунда эмес, 2019-жылдын 28-июнунда камакка алынганын тиешелүү документтер тастыктайт.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/039b13d3b4b3b3470e30f7fbaad656bcd72bdbc4.png?resize=640%2C496&ssl=1

 

Буга чейин ал жерди иштетүү укугуна “Фрунзе-Резорт” компаниясы ээлик кылган. Атамбаевдин колуна майлуу-сүттү жер кантип өткөндүгү тууралуу Kaktus.media ресурсунунун макаласында кеңири айтылат.

Жыйынтык:

  • Алмазбек Атамбаев ижарага алган жер тилкелерин декларациясында көрсөткөн эмес;
  • 2016-жылкы декларацияда Раиса Атамбаева ээлик кылган турак-жайлар тууралуу маалымат жок;
  • Атамбаевдин жубайынын бизнеси да Салык кызматына тапшырылган мүлктүн тизмегинде көрсөтүлгөн эмес.

Президенттик мөөнөтү аяктаган соң, Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу 5700 гектар жайыт жерди жана 2,63 гектар көл жээгиндеги курорттук аймакты ижарага алган.