Internet-кайгуул. Тыюу салынган уюмдардын фейктери. Хизб ут Тахрир. 1-бөлүм

Facebook социалдык тармактарындагы топ жана баракчаларга, керек болсо укуккоргоочу атайын кызматтарга да жардам катары Кыргызстанда тыюу салынган Хизб-ут Тахрир уюмунун идеясын жайылткан фейк аккаунттарын аныктап жатабыз.

Facebook социалдык тармактарындагы топ жана баракчаларга, керек болсо укуккоргоочу атайын кызматтарга да жардам катары Кыргызстанда тыюу салынган Хизб-ут Тахрир уюмунун идеясын жайылткан фейк аккаунттарын аныктап жатабыз.

Facebook социалдык түйүнүндө, дегеле жалпы Интернет мейкиндигинде Хизб – ут Тахрир аттуу Кыргызстанда ишмердүүлүгү тыюу салынган уюмдун идеяларын ар колдонуучуга түрдүү темада “алдына аш менен кошо аралаштырып” бергендей, пропагандалоо менен алектенген фейк аккаунттары жигердүү иштерин улантып келишет.   Анализ көрсөткөндөй, бул уюмдун фейк аккаунттары дайыма эле уюм тууралуу маалыматтарды жаза беришпейт. Фейк аккаунттардын баракчаларында Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу, динге арналган маселелер боюнча маалыматтар бар.

Бирок, ошондой болгон күндө дагы, биринчи кезекте  Хизб ут Тахрир уюмунун мүчөлөрү Туркистон терминологиясын колдоноорун эстеп алышыбыз керек.  Анткени, бул тыюу салынган уюмдун мүчөлөрү Борбор Азиянын аймагында Туркистон аттуу мамлекетти курууну максат кылышат.

Кыргызстанда Фейсбукта бул уюмга кайсы баракчалар жана топтор иштешет?

Биз алгач turkiston белгиленген баракчаларды анализге алдык.

1)  Turkiston-KG  барагы кыргыз тилдүүлөр үчүн.  3023 колдонуучу бул бетке жазылган жана 2394 адам бетке “жагатты” баскан экен. Бул баракча менен “Последние новости” аттуу топтун байланышы бар. Топтун администраторлору төмөндөгү фейк аккаунттар:

– Омур Жолдошов : – 539 киши жазылган.

– Кантемир Ташболотов : 1675 киши жазылган.

– Максат Каракозу : 83 киши жазылган. Белгилей кетсек, аватаркасында Эмиль Зайнабидинов аттуу жигиттин сүрөтү илинип турат.

2) Фейсбукта кийинки баракча Turkiston  Хизб ут Тахрир уюму тууралуу маалыматтарды өзбек тилинде таратып келет.  Ал менен WWW.TURKISTON.NET тобунун байланышы бар. Топтун администраторлору:

Абдуллах Умар Усманович : 662 киши жазылган.

Асан Усон Уулу 1084 киши жазылган.

Ансор Ансор :3574 досу бар жана 276 киши жазылган

Али Юлдашев :4538 досу бар жана 248 киши жазылган

Кыргызстанда ишмердүүлүгү тыюу салынган Хизб ут Тахрир тууралуу макалабыздын 1-бөлүмүндө Фейсбукта уюмдун идеологиясын кеңири жайылтып келишкен баракчалар, топтор жана администраторлору тууралуу маалыматты ачыктадык.  Бирок бул субъектилердин артында ким тургандыгын аныктоо мүмкүн болгон жок. Кийинки макалаларыбызда да бул уюм үчүн иштеген фейк аккаунттарынын бетин ачуу ишин улантмакчыбыз.