Кытай ТИМи Орусияга каршы санкциялар тууралуу сандарды анын кызыкчылыгында кантип бурмалап жатат

epa09083374 Chinese Foreign Ministry spokesman Zhao Lijian gestures during a daily media briefing in Beijing, China, 19 March 2021. Canadians Michael Spavor and Michael Kovrig, detained by Chinese authorities in 2018 and accused of espionage, will go on trial on 19 and 22 March 2021. EPA/ROMAN PILIPEY

Кытай ТИМинин өкүлү Чжао Лицзянь өзүнүн Twitter баракчасында дүйнөнүн 85% калкы Орусияга каршы санкция киргизген эмес деп жазган. Айтканын тастыктаган тегерек диаграмманы постуна тиркеген, бирок эсептөө жолдорун түшүндүргөн эмес. Орусияны жактаган ЖМКлар менен Telegram-каналдар бул билдирүүнү кеңири колдоно башташкан.

Factcheck.kg айтылган маалыматты текшерип көрдү.

24-февралдагы окуядан кийин дүйнөнүн бир катар мамлекеттери жалпы Орусияга жана анын айрым жарандарына каршы санкцияларды киргизишкен. Орусия Федерациясына каршы санкцияларды киргизген, аны айланып өтүү жолдоруна бөгөт койгон жана экономикалык блокаданы киргизүүдөн карманып жаткан өлкөлөрдүн картасы учурда төмөнкүдөй:

Дүйнөдөгү 197 мамлекеттин 60ы санкцияларды киргизген. Алар: Европа Шериктештиги толугу менен (446.77 млн адам), АКШ (336.6 млн), Жапония (126.2 млн), Улубритания (68.8 млн), Украина (43.44 млн), Канада (38.6 млн), Австралия (26.4 млн), Норвегия (5.58 млн). Саналган өлкөлөрдүн эле калкынын саны 1 млрд 92 млн адамды түзөт (countrymeters.info кызматынын маалыматтары боюнча), алар биригип Жер калкыныны 13.6%ын түзөт. Эгер санкцияларды киргизишкен калкы аз башка өлкөлөрдү да кошо турган болсок, чынында эле бул сан 15%дын айланасында болот.

Бирок да санкцияларды айланып өтүү жолдоруна бөгөт койгон өлкөлөрдүн катарында Китай (1.45 млрд), Мексика (132.9 млн), Түркия (87.65 млн), Түштүк Африка (60.2 млн), Өзбекстан (34.55 млн), Казакстан (19.43 млн), БАЭ (10.33 млн), Тажикстан (9.99 млн), Израиль (8.97 млн), Сербия (8.65 млн), Гонконг (7.63 млн), Никарагуа (6.79 млн), Кыргызстан (6.76 млн), Сингапур (6.13 млн), Армения (2.99 млн) жана Кук Аралдары (16.2 миң) бар. Бул жер шарынын дагы 23%ы (1 млрд 853 млн адамдан бир аз көбүрөөк). Бул жерде, жогорудагы картага аталган өлкөлөрдүн айрымдары азырынча киргизиле электигин айта кетишибиз керек.

Чжао Лицзян бурмалоо кылгандыгын айгинелеген дагы бир жагдай – Орусияга каршы экономикалык блокадаларга кошулбаган Африка жана Түштүк Америка өлкөлөрү, Монголия жана дагы башка өлкөлөр – саясий майданда салмагы аз өлкөлөрдүн катарына киришет.

Тыянак: манипуляция. Чындыгында, Орусия менен Беларуска санкцияларды киргизген өлкөлөрдүн калкынын саны 15%ы түзгөнү менен, алар саясий майданда салмактуу, экономикасы өнүккөн өлкөлөр болуп эсептелет.