Пропаганданын анализи: Дмитрий Медведевдин баракчасындагы билдирүү

Дмитрий Медведев “ВКонтакте” социалдык тармагындагы  баракчасында 1-август күнү кечинде чоң резонанс  жаратты. Посттун автору СССРдин ыдырашын “орчундуу ката” деп атап аны Казакстан менен Грузиянын тагдыры менен байланыштырып “оңдолотдеп билдирди. Бул билдирүү көп өтпөй өчүрүлгөн, бирок ошентсе да айрыкча “атап кеткен” өлкөлөрдүн, Украина, Казакстан, Грузия жана Кыргызстандын, жарандарынын нааразычылыгын жаратууга жетишти.

“ВКонтакте”  соцтүйүнүнүн басмасөз-кызматы Медведевдин баракчасына бирөөлөр бузуп кирип пост жарыялагандыгын маалымдады. Бул туурасында Медведевдин аппаратынан да билдиришти. Анын жардамчысы Олег Осиповдун айтымында,”баракчаны бузуп кирип пост жазган жана жарыялаган адамга карата VK администрациясы жана тийиштүү адамдар чара көрөт”. Кийинчерээк Медведев өзү бул окуяны “маалымат согушу” жана “душмандар тарабынан ЖККУ өнөктөштөрүн бири-бирине каршы козутуу”  аракеттери катары баалаган комментарийин калтырган.

Бирок бул сөздөрдүн жана билдирүүлөрдүн авторлугу көптөгөн суроолорду жаратууда, анткени Медведев көбүнчө өзүнүн “жетекчиси” Путиндин сөздөрүн айтып жүрөт. Бул министрлер, партиялаштары жана Орусия башчысынын көз карашын бөлүшкөн депутаттардын көпчүлүгүнө  тийиштүү.

Мындай билдирүүлөрдүн бардыгы Кремлдин “Тарыхый Орусия” идеологиясына  толугу менен шайкеш келет жана империялык кайра жаралууга болгон умтулуунун далили деп айтууга болобу?

Ушул жылдын 24-февралына чейин Грузия менен Украинанын аймагында Орусиянын аскердик катышуусу менен жергиликтүү сепаратисттер басып алган, ошондой эле Крымды аннексиялап алган төрт таанылбаган жалган “мамлекеттердин” түзүлүшүнө байланыштуу болгон болсо, эми тышкы саясий “Орус дүйнөсү”  доктринасы  таптакыр башка масштабдарды кабыл алды.

Эскерте кетсек Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын учурдагы орун басарын буга чейин шовинизм боюнча бир нече жолу айыпташкан.

2010-жылы Лукашенкого кол салуулардан улам, беларус депутаттары аны “улуу орус шовинисти”деп  аташкан.

Украинада “өнөр жай, мамлекет да жок” деп 2016-жылдын  4-апрелинде өкмөт башчы болуп турган кезде билдирген.

Путин болсо 2014-жылы казактардын мамлекеттүүлүгү жок деп айткан.

Медведевдин Украинага карата өтө агрессивдүү пикирин  2021-жылдын октябрь айында “Коммерсант” басылмасында жарыяланган маегинен көрүүгө болот: “Украина өзүнүн иденттүүлүгүн жана өзгөчө жолун издеп, өз тарыхын ойдон чыгарып жазып жатат. Ал эми Украинанын жетекчилери, айрыкча биринчи адамдар — эч кандай туруктуу идентификациясы жок адамдар. Бактысыз адамдар. Алар кимдер, кайсы мамлекеттин жарандары, тамыры кайда, тарыхый өзгөчөлүгү, этникалык компоненти кандай, алар кайсы кудайларга сыйынышат?». Белгилей кетсек, саясатчы билдирүүлөрүнө салмак кошууга аракет кылып, бири-бирине карама-каршы келген көптөгөн “аргументтерди” келтирген.

Ушул эле макалада ал Жогорку Рада кабыл алган тамырлуу элдер тууралуу мыйзамын “акмак” («ублюдочный») деп атаган.  Бирок кызыгы буга окшош мыйзам Орусияда 1999-жылдан бери иштеп келет.

Мындан бир нече ай мурда Путиндин  “Орус жана украиндердин тарыхый биримдиги” аттуу макаласы жарык көргөн. Анда ал көз карандысыз Украина жана Белорусь мамлекеттери болбогондугуна басым жасап, дагы бир жолу “жалпы бир тарыхка” кайрылып биригүүнү сунуштаган.

Туруктуу пикирдин бар болгондугу эч кимди таң калтырбайт:  Медведев соцтүйүндөрдөгү кеңири аудиторияга Путин айткысы келген ойду жеткиргиси келет, бирок расмий аккаунттары жок болгондуктан, аны жасай албайт.

2020-жылдын аягында «Единая Россия» партиясынын депутаты Вячеслав Никонов “Казакстан жок болчу” өлкөнүн аймагы бул Орусия жана Советтер Союзунан калган чоң белек деп билдирген.  Анын сөзүн колдоп кесиптеши Евгений Фёдоров Никоновго Казакстандын тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган реакциясына теригип, “мыйзамсыз жол” менен алынган аймактарды кайтарууну талап кылган.  2021-жылдын апрелинде Казакстанга карата терс жана кастык билдирүүлөрү менен белгилүү ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Павлодар шаарында көчөнүн аталышы алмаштырылганына байланыштуу “орус дүйнөсү чек араларын кайра кайтарып тартипке келтирет” деп  айткан. 2022-жылдын башында «Единая Россия» партиясынын дагы бир өкүлү Султан Хамзаев январь окуялары курчуп турган кезде Борбор Азияны “орус жери” деп атап “Казакстанды Орусияга кошуу тууралуу референдумду” колдоорун билдирген. Ал эми Маргарита Симоньян аттуу журналист элдик толкундоолорду талкуулап жатып Казакстандын эгемендигин “күлкүлүү” деп  атаган. Орусия Украинага басып киргенден кийин бир ай өткөн соң КПРФ партиясынан депутат Сергей Савостьянов  «денацификация» зонасына Казакстанды да кошууга чакырган болчу. Дагы бир ай өткөндөн кийин теле алып баруучу Тигран Кеосаян Казакстанда аскердик парад өтпөй калганына нааразы болуп казак элине “Украинаны карап туруп жакшылап ойлонуп көргүлө” деп сунуштаган.

Азыркы орус пропагандасынын негизги векторлорунун бири – өзүнүн агрессивдүү саясатын жана ачык эле баскынчылык  максаттарын актоо үчүн “псевдо-илимий” жана “квази-тарыхый” фундаментин  түзүү максатында тарыхый фактыларды манипуляциялоо болуп саналат. Орусиянын Украинага кеңири масштабда басып кирүүсүнө чейин бир нече жыл мурда Кремлдин пропагандасы украин мамлекетинин тарыхын дискредитациялоо боюнча улуттун өз алдынчалыгы жана эгемендигине болгон укугун жокко чыгарууга багытталган маалымат согушун жүргүзүп келген.  Ушундай эле схема башка коңшу өлкөлөргө карата – Грузия, Казакстан, Балтика өлкөлөрүнө колдонулуп келген жана колдонулууда.

Тарыхый пропаганда мифтерин жокко чыгаруунун татаалдыгы, алардын авторлору илимий фактылар менен эмес, псевдохистордук штамптар менен клишелерди колдонуп, каршылаштарын “кимдин окуясы узунураак”, “ким улуу агасы/кичүү иниси” деп атайлап манипулятивдүү талкууларды жараткандыгында. Пропагандисттер айткандарына салмак кошуу үчүн, эреже катары, төмөнкүдөй  жүйөлөрдү келтирип бекемдейт: “баарына белгилүү факт”, “тарыхый аксиома”, “ушинтип тарыхый калыптанган”, “жалпы кабыл алынган көз караштар” ж. б..

Ошондуктан муну төгүндөө үчүн тезистин манипулятивдүү канвасы аркылуу баруунун кереги жок. Манипуляцияларда камтылган терең маанилерди ачуу алда канча натыйжалуу. Дмитрий Медведевдин баракчасындагы постун анализдөө дал ушул принципке негизделген, анткени аны фейк деп атап, соцтүйүндөгү аккаунтун бузуп киришкен деп коюшту.  Бул маалымат бир нече өлкөлөрдүн – Украина, Казакстан, Грузия, Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде активдүү жайылып кеткендигине  жана мындай агрессивдүү шовинисттик риторика бул каарман тарабынан биринчи жолу айтылып жатпагандыгына байланыштуу фактчекерлердин командасы посттун тезистерин анализдеп чыкты.

МЕДВЕДЕВ УКРАИНА ТУУРАЛУУ

РФ Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведевдин Украина жөнүндө псевдотарыхый мессеждерин төгүндөө үчүн LikБез. Тарыхый фронт” ресурсунун материалдары колдонулат. Бул коомдук агартуу долбоору 2014-жылы Украинанын тарыхын жайылтуу, пропаганда жана тарыхый мифтерди жокко чыгаруу максатында түзүлгөн. Долбоордун катышуучулары кесипкөй тарыхчылар менен саясат таануучулар. Долбоордун үстүнөн жалпы Украинанын профессор жана докторунан баштап илимдер кандидатына чейин жалпы өлкө боюнча  70тен ашык илимий адис иштейт.              

Билдирүү: “… Киев жана Малороссияны улутчулдардан бошоткондон кийин, алар ойлоп тапкан украинчиликке  үгүттөө…”

МАНИПУЛЯЦИЯ / ЖАЛГАН 

ТӨГҮНДӨӨ

Бул тезисте Медведев бир нече тарыхый клишелерди колдонгон. Мисалы, Киев – бул Малороссиянын бир бөлүгү жана украинчилик (б.а. украин этносу) ойлоп табылган нерсе, мындай эл/аймак болгон эмес.

“Малороссия” термини  тууралуу айтып кетсек, Русь-Украина аймагынын аталышы катары бул түшүнүк Московия тарабынан таңууланып, псевдотарыхый колдонууга киргизилген жана Орусия деп аталып калган мезгилде эле “бекитилген”.

“Малороссия ” деп мурда азыркы Украинанын аймагы, ошондой эле украиндер же алардын ата-бабалары жашаган жерлер аталган эмес. “Малороссия” аталышы – “Украинага” караганда кийинчерээк пайда болгон.

“Малороссия” “Кичи Русь” деген сөздөн келип чыккан,  ал XIV-XV-кылымдарда Галиц жана Киев митрополияларын,  ал эми XV–XVI-кылымдарда Литов жана Польский ханчылыгынын Улуу княждыгынын курамындагы Русь жерлерин түшүндүрүп келген. XVII-кылымдын биринчи жарымында бул аталыш Киев митрополиясын Москва патриархатынан айырмалап турган.

Бирок “Малая” деген аталыштын өзү кенже сиңди / ини  дегенди түшүндүрбөйт.  “Кичи Русь” бир кезде чоң нерсенин бөлүгү, башкача айтканда чоң “Байыркы орус мамлекетинин” бир бөлүгү катары башка мааниге ээ болгон.

XVII-кылымдын экинчи жарымында, 1654 — жылы Гетьман Украина менен Московиянын (Россия ошол кезде жок болчу) ортосунда Переяславск келишиминен кийин “Кичи  Русь” аталышы Украинанын сол жээгиндеги Гетманшина жерлери менен байланышкан “Малороссияга” айланат. Бара-бара Орусия империясы Гетманшинанын автономиясын жокко чыгарды. Гетмания болгон жерде Малороссиялык губерния (1764-1781) түзүлгөн.

Падышалар убагында украиндер үчүн “малоросса” деген аталыш бекем калыптанып калган.  Бул түшүнүк жасалма империялык тарыхый саясаттын “үчилтик орус эли” – улуу росстор  – орустар, малоросстор – украиндер жана белорустардын канвасына туура келет.

Башкача айтканда, Медведев 200 жыл мурун пайда болгон “орус  элинин улуктугу” жөнүндөгү түшүнүктөрдүн артында тарыхый манипуляцияны билдирген.

Украинчилик тууралуу айтып кетсек, “Украина” деген түшүнүк биринчи жолу 1187 — жылы Киев жылнаамасында айтылып, Переяславль аймагын – ” тектүү Русьтун” бир бөлүгүн билдирген. Узак убакыт бою “Русь” жана “Украина” деген аталыштар азыркы борбордук Украинанын аймагында XVII-кылымга чейин, бир убакта аймакты жана элди түшүндүрүп келген. Ошентип, “украинчиликке” болжол менен 800 жыл, ал эми Медведевдин түшүнүктү “ойлоп табышкан” деген дооматы –  жалган болуп чыкты.

Билдирүү«Русь кайрадан миң жыл мурдагы Быйыркы орус мамлекетиндей бирдиктүү, күчтүү жана жеңилбес болуп калат …»

ЖАЛГАН 

ТӨГҮНДӨӨ

Байыркы орус  мамлекети, Киев Русь түшүнүктөрү, бийликтин так вертикалы бар бирдиктүү монолиттүү мамлекеттик түзүмдөр катары XVIII- XIX-кылымдарда Московия/0русия тарабынан таңууланган  жасалма клишелер болгон. Московия / Россия империяны башкаруу тутумун байыркы мамлекеттерге өткөрүп берген, анткени башка системаны башкарууга тажрыйбасы жок болчу.

Заманбап тарых ” Байыркы орус мамлекетин” бирдиктүү славян улуту негиздеген княздыктардын Союзу деп атоого болот деп божомолдойт. XII-кылымда Рурикович династиясынын княздарынын ээликтери княздыктардын конгломераты жана алардын ар бири өз борбору менен өз алдынча мамлекет болгон. Бирок, Киевдеги Улуу княждык стол бардык княздарды өзүнө тартып турган, анткени аларга ээлик кылуу “үй-бүлөнүн” башка мүчөлөрүнө шарттуу “аксакалдар”статусун берген.

Ал эми жеңилбестик тууралуу кеп кылсак, бул дагы клише. Ооба, бириккен княздыктар күчтүү күч болгон. Бирок  ар бир мамлекеттин өзүнүн күчтүү жана алсыз болгон мезгилдери бар. Русь көпчүлүк учурда батыш кошуналары менен ийгиликтүү жана ийгиликсиз согуштарга дуушар болгон, 1238-1240-жылдары монгол-татарлар тарабынан жеңилген, бирок 1241-жылы славян аймактарынын бир бөлүгүн сүрүп, ордындарды талкалаган.

Ошондуктан Медведевдин бул тезиси көбүнчө ураанга окшош жана мааниси жагынан туура эмес.

Билдирүү“Москванын бирдиктүү колу астында славян эли жетектеген эч кайсы тарабынан Мекенибиздин чексиз чек арасын калыбына келтирүү үчүн кезектеги сапарга чыгабыз. Бизден тартып алынган бардык аймактар ата-бабаларыбыздын каны менен сугарылган жана кылымдарга созулган салгылашууларда басып алынган жерлер…”

ЖАЛГАН / МАНИПУЛЯЦИЯ

ТӨГҮНДӨӨ

Бул тезисте Медведевдин империялык дымагы чектен ашып жатат – Путиндин “орус  жерлерин  чогулткуч” лаврлар үчүн анык атаандашы бар экени көрүнүп турат. Бирок тезисте байкалган негизги манипулятивдик месседж – бул Москва, байыркы (же Киев) Русь мураскер катары  “орус жерлерин” бир жерге чогулткан. Новгород Республикасынын же Смоленск, Тверь, Чернигов, Киев жерлери жөнүндө славян аймактарынын контекстинде айтууга болот, мисалы, Казань, Астрахань, Касимов княздыгын мындай деп атоо кыйын. Сибирдин, Ыраакы Чыгыштын жерлери да ушул сыяктуу.

Эгерде мураскерчилик тууралуу сөз кыла турган болсок, анда манипуляция менен клишелердин кулагы да ошол эле XVIII- XIX-кылымдарга таандык мезгилге алып барат.

«Киев Русь» жана «Москва Русь» терминдери  X–XIV-кылымдарда колдонулчу эмес жана алар XIX-кылымда пайда болгон орус империясынын кызыкчылыгын камсыз кылган идеологиялык ойдон чыгарылган нерсе болуп саналат.

«Киев Русь» термини XIX-кылымда орус тарыхый илимде  Русь “Москвага чейинки” тарыхый мезгилде “Русь борборун Киевден Түндүк-Чыгышка которуу” теориясынын нугунда пайда болгон. Анын милдети Киев жана монголдорго чейинки Русьтун мурастарына Москва княздарынын/падышаларынын/орус  императорлорунун өзгөчө укуктарын негиздөө болгон. Чындыгында, “Русь борбору” эч жакка “көчүрүлбөшү” керек. Москва сыяктуу “борборлору” бар жаңы мамлекеттер пайда болду. Бирок алардын идеологиясы Киевден “мураскерликти” жана ошол эле Киевди “кайтарып берүү” “орус жерлерин бириктирүү” ролун аткарууну талап кылган.

Бүгүнкү күндө Русьтун “борборун көчүрүү” идеясы ошол  доордун  заманбап илимий көз караштарына дал келбейт. ХХ-кылымда илимий көз караштардын бул системасы алгач популярдуу адабиятка, кийинчерээк орус  улутчул публицистикага, андан ары – пропаганда чөйрөсүнө өткөн.

МЕДВЕДЕВ КАЗАКСТАН ТУУРАЛУУ

Билдирүү: Советтер Союзу ураганга чейин Түндүк Казакстан калкынын  65.2 пайызын славяндар түзгөн.

Бүтүм: Манипуляция

Казакстан Республикасынын Улуттук статистика бюросунан алынган маалыматка ылайык, 1989 — жылдагы Бүткүл союздук эл каттоонун жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:  Казакстандын түндүгүндөгү негизги этностордун калкы (азыр 4 облустун аймагы: Түндүк-Казакстан, Костанай, Акмола жана Павлодар) 3 981 936 адамды түзгөн; алардын ичинен 60 пайызы— славян калкы (орустар, украиндер жана белорустар). Орус калкы – 47 пайыз, казак калкы – 25 пайыз.

Бирок Казакстандын мамлекеттүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө шек туудурган билдирүү мааниси жагынан жалпылап айтканда манипуляция болуп саналат. Муну түшүнүү үчүн төмөнкү суроого жооп беришибиз керек:

Эмне үчүн Казакстандын түндүк аймактарында (жана жалпысынан өлкөдө) Советтер Союзу ураганга чейин славяндардын саны (айрыкча орустардын) көп болгон?

19-кылымдын экинчи жарымынан баштап орус империясы ошол кезде дээрлик толугу менен колониялаштырылган казак жерлерине дыйкандарды массалык түрдө отурукташтыра баштаган.  Айрымдардын пикири боюнча көчүрүү алгач пландуу мүнөздө болгон жана дыйкандарды крепостнойлук жоюлгандан кийин көтөрүлүштөрдөн алаксытуу, ошондой эле жер-жерлерде социалдык таянычтарды түзүү үчүн жасалган болчу, кийинчерээк ал стихиялуу болуп калды; дагы башкалардын пикиринде –  ал алгач ыктыярдуу түрдө болгон жана мамлекет тарабынан кайрадан колониялаштыруунун каражаты катары колдоого алынган.

Өзгөчө  Столыпин агрардык реформасы кабыл алынгандан кийин көчүрүү иш-чарасы катуу жанданган жана Сибирден тышкары, казак Акмола, Торгай, Семипалатинск, Семиречье жана Сырдарыя облустары дыйкандардын бара турган жерлери болгон. Советтер Союзунун убагында чек аралар жалпылаштырылгандыктан жарандардын кыймылы кадимки процесс болуп калды жана ар кандай себептерден улам (индустриялаштыруу, аймакты өздөштүрүү) орустардын Казакстанга көчүшү уланып жатты.

Казакстандын демографиясынын өзгөрүшүнө башка да тарыхый окуялар таасирин тийгизди: 1930-жылдардын башындагы ачарчылык 1,5 миллиондон 4 миллионго чейинки адамдын өмүрүн алып кетти.  Тарыхчылардын маалыматтарына ылайык, 1937-1938-жылдардагы репрессиялар учурунда 120 миңден ашуун казакстандыктар куугунтукталып, алардын 25 миңге жакыны атылып өлтүрүлгөн.

Ошентип Түндүк Казакстандын аймагында “славяндардын” (посттун автору орус этносунун өкүлдөрү тууралуу айтып жатса керек) басымдуулук кылышын падышалык, андан кийин советтик саясаттын таасиринен деп эсептесе болот.

Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча 2022-жылдын башында Түндүк Казакстандын төрт облусунда орус этносунун үлүшү 38 пайызды түзгөн.

Билдирүү: Казакстан – жасалма мамлекет, мурдагы орус аймактары, мисалы, Гурьев, Семипалатинск, ал тургай Алмата шаарлары 1924-жылга чейин Верный деп аталып келген.

Өкүм: Жалган жана Манипуляция

Казакстан – көз карандысыз, эл аралык коомчулук (анын ичинде Орусия) тарабынан таанылган мамлекет, 1992-жылдан бери БУУнун толук  кандуу мүчөсү.

Айрым орус  саясатчыларынын мурунку орус аймагы деген ой жүгүртүүсү алгач манипулятивдүү, анткени алар татаал тарыхый процесстерди жөнөкөйлөтүп, ” керектүү” тарыхый мезгилге көңүл бурушат. Гурьев (азыр Атырау), Семипалатинск (азыр Семей шаары) жана Верный (азыр Алмата шаары, ал 1924 — жылы эмес, 1921 — жылы өзгөртүлгөн) шаарлары падышалык аскерлер тарабынан мурда казак хандыгына таандык империя колониялаштырган жерлерде тургузулган. Ошол эле учурда Семипалатинск жунгар шаары Доржинкиттен алыс эмес жердеги  жети Будда калмык чиркөөлөрүнүн ордуна тургузулган, ал эми Верный шаарынын ордуна бир кезде орто кылымдагы Алмата шаары болгон. Ошентип азыркы Казакстандын аймагында орус империясы жана казак хандыгына чейин башка мамлекеттик бирикмелер болгон. Ал эми мамлекеттердин чек аралары согуштардын жана мамлекеттер аралык мамилелердин натыйжасында дайыма өзгөрүп турган. Эгер тарыхка кайрыла турган болсок, анда Казакстандын айрым шаарларынын аймагын, ошондой эле Орусиянын айрым аймактарын да башка көптөгөн мамлекеттер доо коюп кайра өздөрүнө кайтарууну талап кыла алат.

Негизги сөздөр боюнча издөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, орус  тилдүү  маалымат  чөйрөсүндө “жасалма мамлекет” түшүнүгү көбүнчө тигил же бул мамлекеттин өзүнүн тарыхы (маданияты ж.б.) жок экендигин жана башка күчтүү мамлекет тарабынан түзүлгөндүгүн көрсөтүү үчүн колдонулат. Мисалы бул термин орус пропагандасы тарабынан  Украинага карата колдонулган (мисалдар:  булбул жана бул жерде). Ошондой эле Интернеттен КосовоАзербайжан жана керек болсо АКШ мамлекеттеринин да жасалма экендиги жөнүндө маалыматтарды табууга болот. Бирок бул түшүнүккө так аныктама берилген эмес.

Англис тилдүү интернет сегментинде да artificial state  (б.а. жасалма мамлекет) деген сөздөр эмнени билдирээрин аныктоо аракеттери болгон. Мисалы, Уильям Истерли жана анын кесиптештери жасалма мамлекеттер – бул саясий чек аралары калктын каалаган улуттардын бөлүнүшүнө дал келбеген мамлекеттер деп жазышат. Эксперттер, мындан тышкары чек аралар этникалык топторду эки коңшу өлкөгө кандайча бөлүштүрөөрүн жана түз чек аралар жасалма болушу мүмкүн деген божомолдун негизинде кургак жерлердин чек аралары канчалык түз экендигин карап чыгууну сунушташат. Албетте, Казакстан бул дефиницияга туура келбейт.

Кандай болбосун  жасалма тууралуу баардык сүйлөшүүлөр жалпыга белгилүү бир фактыга барып такалат: казактардын эл катары өзүнүн тарыхы жана маданияты бар, ошондой эле көз карандысыз Казакстан Республикасы түзүлгөнгө  жана орус империясы Борбор Азияга келгенге чейин эле өз мамлекеттүүлүгү болгон. Казак хандыгынын толук кандуу өз укуктук системасы бар мамлекет катары эл аралык тарыхый илимий коомчулук, анын ичинде Орусия тарабынан да таанылып келет.

Белгилей кетүүчү жагдайХандык — бул мамлекеттин (уруулар союзунун) башында хан наамы бар жогорку башкаруучу турган түрк монархиясынын салттуу формасы.

Билдирүү:  Азыркы кылымда Казакстан бийлиги республиканын ичинде ар кандай этникалык топторду көчүрүү боюнча демилгелерди ишке ашыра баштады, муну орус геноциди  деп атоого болот.

Өкүм: Манипуляция жана Жалган

Казакстандын ичинде ар кандай этникалык топторду көчүрүү иш-чарасын (дегеле кайсы бир башка өлкө болсо да) орустардын геноциди деп атоого болбойт.

БУУнун конвенциясы боюнча “геноцид деп кандайдыр бир улуттук, этникалык, расалык же диний топту толугу менен же жарым-жартылай жок кылуу максатында жасалган төмөнкү иш-аракеттерди түшүнсө болот:

  1. мындай топтун мүчөлөрүн өлтүрүү;
  2. мындай топтун мүчөлөрүнүн денесине олуттуу зыян келтирүү же психикалык бузуу;
  3. аны толугу менен же жарым-жартылай жок кылуу үчүн иштелип чыккан жашоо шарттарын ойлоп табуу ;
  4. мындай топтун чөйрөсүндө тукум улоону токтотууга багытталган иш-чаралар;
  5. балдарды бир адамдардын тобунан экинчисине мажбурлап өткөрүп берүү”.

Жогоруда саналып өткөндөрдүн бири да, бактыга жараша, Казакстанда байкалган эмес. Ал эми ички миграцияны, ыктыярдуу түрдө болобу же өкмөт тарабынан колдоого алынабы, айтор орустардын геноциди же Казакстанда жашаган башка этноско карата геноцид деп атоого болбойт.

Геноциддин мисалдары: ХолокостРуандадагы геноцидКамбоджадагы геноцид.

Материал Factcheck.kg, Factcheck.kz, “Без Брехни” редакциялары менен биргеликте даярдалган.