“Өлүк жандар” үчүн квитанция. Миллиондогон каражатты энергетиктер бюджеттен кантип алышат?

Энергетика компаниялары коррупциялык схемалар аркылуу мамлекеттик бюджеттен миллиондогон акчаларды кантип чыгарып алышаарын MediaHubдын журналисттери жаңы иликтөөсүндө айтып беришти.

 “Өлүк жандар”

Журналисттер энергетиктер эки схема аркылуу карыздарын кечип жатканын, анын бири Гоголдун «өлүк жандары»  аркылуу максаттарына жетээрин ачыкка чыгарышты.  Бул схема боюнча электр энергиясы үчүн төлөмдөр такыр эле жок абоненттерге – эч ким жашабаган үйлөргө же туура эмес дарекке келет.

Журналисттер ири суммадагы эсептерди алып жаткан абоненттерди, ондогон коррупциялык фактыларды ачыкка чыгарышкан.

Маалым болгондой, 2 млн сом карыз бар үйдө эч ким жашабаганын, дагы бир үйдө үч жүз миң сомдон ашык карызы бар, бирок ал урап калган, зымдары үзүлгөн абалда экендигин 74 жана 27 миң сом карызы бар дагы эки үйдө эч ким жашабаганын айтышып, 52 даректин 27си шектүү экенин билдиришкен.

 

 “Сол чөнтөккө түшкөн акча”

Журналисттер “өлүү жандар” схемасынан тышкары, акчаны эсептен чыгаруунун башка жолдорун аныкташты. MediaHub сайтынын редакциясына Башкы прокуратуранын жана УКМКнын жетекчилеринин аракетсиздиги боюнча даттануулар келип түшкөн.  “Түндүк электр” ААКнын Талас облусундагы  филиалындагы шектүү процесстер тууралуу энергетика тармагында иштеген кызматкер айтып берген.

Журналисттер анын айткандарын текшерип, 2019-жылдын февраль айында Талас районундагы Покровка айыл өкмөтү электр энергиясы үчүн 115 миң сом төлөгөнүн аныкташкан.  Бирок, каражаттын жарымы гана айыл округунун балансына түшкөн, калганын РЭСтин кызматкерлери жана абоненттер бөлүп алган.

Дагы бир булак 2020-жылы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевге арыз жазганын билдирди. Прокуратурадан сотко чейинки өндүрүш иштери башталды деп жооп беришкен.

“Түндүк электр” ишканасы бул иш боюнча иликтөө жүрүп жаткандыктан журналисттерге маалымат бере албастыгын билдирди. Тергөө жүрүп жатканын Талас прокуратурасы тастыктады.

Журналисттер 2020-жылы түзүлгөн актыны укук коргоо органдары эки жылдан бери иликтеп жатарын белгилеген.