Отунбаеваны айыптаган постко Жапаровдун аккаунтунан жактыруу белгиси коюлуп, бөлүшүлгөнү чын
ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Экс-Президент Роза Отунбаеваны күнөөлөгөн пост 8-октябрь күнү Чыңгыз Абдумомунов аттуу Фейсбук колдонуучусу тарабынан жарыяланган. Президенттин расмий баракчасында бул пост жок болгону менен, Жапаровдун аккаунтунан аталган постко жактыруу белгиси (лайк) коюлганын көрүүгө болот.
Бул сүрөткө фотошоп жасалып же жасалбаганын билүү үчүн fotoforensics.com сайтынан текшерип көргөнүбүздө, сүрөт өзгөртүүгө учурабаганы белгилүү болду.
Башкача айтканда, Садыр Жапаровдун расмий баракчасынан бул пост бөлүшүлгөн.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаравдун Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы баракчасы 27-мартта верификациядан өтүп, расмий баракча катары белгиленген.
Бирок, буга чейин да Жапаровдун баракчасынан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге “Көзү эле эмес көөдөнү да сокур экен бул акмак- помощниктин” деген билдирүү калтырылган. Кийинчерээк, Президенттин аппараты Садыр Жапаровдун аккаунту чабуулга учураганын билдиришкен.
Чыңгыз Абдымомунов деген ким?
Чыңгыз Абдымомунов активдүү фейсбук колдонуучусу. Ал көбүнчө Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Адахан Мадумаровду колдогон постторду чыгарат.
Чыңгыз Абдымомунов Жалал-Абаддык укук коргоочу катары Kloop.kg маалымат агенттигине бир канча жолу маек берген. Мындан сырткары 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясы менен шайлоого катышкан деген да маалыматтар бар. Бул партияны ошол убакта бизнесмен Аскар Салымбеков жана Адахан Мадумаров жетектеп барышкан.
Жыйынтык: Роза Отунбаеваны айыптаган постко Садыр Жапаровдун аккаунтунан жактыруу белгиси коюлганы чын.