“Апрель ТВ” Т. Матсаковдун ордуна А. Бешимовдун сүрөтүн көрсөтүп, катуу жаңылды

“Апрель” телеканалы жаңы кызматка келген сот-мед эксперт Т.Матсаковду Бакиевдин учурунда президенттин администрациясын жетектеп турган Садыркуловдун өлүмүнүн чыныгы себептерин жаап-жашырган деп айыптап, анын сүрөтүнүн ордуна элчи болуп иштеген Аскар Бешимовдун сүрөтүн көрсөткөн.

Эскерте кетсек, Табылды Матсаков Бакиевдин бийлиги учурунда Республикалык сот-мед экспертиза бюросунун жетекчиси болуп турган. Убактылуу өкмөт бийликке келээри менен аны Бакиевдердин үй-бүлөсү менен байланыштырып кызматтан алышкан.  2018-жылдын июль айында аны Мамлекеттик сот-эксперттик кызматтын жетекчисинин орун басары кылып дайындашты.  “Апрель” телеканалы аны кызматка жетекчи болуп келди деп бир эле жаңылыштык кетирбестен, анын сүрөтүнүн ордуна элчи Аскар Бешимовдун сүрөтүн көрсөтүп катуу эки жолу жаңылды. Аскар Бешимовдун сүрөтүн көрсөтүү менен гана чектелбестен, Т. Матсаковду адискөйлүгүнө шек келтирип, убагында президенттин администрациясынын жетекчиси болуп иштеген Медетбек Садыркуловдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн сот-мед эксперт катары жаап-жашырган деп айыпташкан.