КЫРГЫЗСТАНДА ЧЫНДЫГЫНДА ЭЛЕ ӨЛҮМ ДЕҢГЭЭЛИ ЕАЭБ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ САЛЫШТЫРМАЛУУ ТӨМӨН

Инфографикада көрсөтүлгөн цифра анык.

Sputnik.kg сайты “Кыргызстан ЕАЭБ ичинде 9 рейтингдин сап башында” аттуу инфографика жарыялады. Журналисттер Евразиялык экономикалык комиссиянын 2017-жылдагы маалыматына таянган. Factcheck.kg үчүн ЕАЭБ мамлекеттери арасында Кыргызстан өлүм деңгээли боюнча эң төмөнкү орунда жайгашканы шектенүүнү жаратты. Мында Кыргызстанда өлүм деңгээлинин көрсөткүчү миңге алты адам деп көрсөтүлгөн.

Бул маалыматты текшерүү үчүн биз Улуттук статистикалык комитеттин сайтына кайрылдык. 2017-жылда өлүм деңгээли боюнча көрсөткүчтөрдү текшерип,33 160 адам каза болгондугун аныктадык. Кыргызстанда калктын саны 6 миллион 140 миң 200 адам болгондуктан, 1000 адамга 5,4 адам туура келет. .

Бүтүм: Инфографикада көрсөтүлгөн цифра анык.