ОЛЕГ ПАНКРАТОВ ЧЫНЫГЫ КӨРСӨТКҮЧТӨРДҮ ЖАШЫРДЫ

Көрсөткүчтөрдү азайтып көрсөтүүнүн себептери – калктын кооптонуусун жаратпоо үчүн күйүүчү майлардын баасынын кескин кымбатташын жашыруу

КР экономика министри Олег Панкратов 2018-жылдын 25-июнунда “Вечерний Бишкек” гезитине берген интервьюсунда төмөндөгү маалыматтарды берген:

– “Азыркы учурда күйүүчү майлардын баасы 5-7%га гана кымбаттаган. Буга объективдүү себептер бар. Биз жыл сайын ушуга күбө болобуз, анткени Россиянын өндүрүүчүлөрү сезонго жараша бааны көтөрүп турушат. Эгерде отун баасы бекитилген чектен аша турган болсо, анда биз мамлекеттик тескөөнү киргизүүгө бардык ыйгарым укуктарыбыз бар. Бирок менин оюмча буга негиз жок. Атаандаштыктын айынан күйүүчү майга болгон баа түщүшү керек. Андыктан эч кандай кооптонуу болбошу абзел. Жакында баанын төмөндөшү күтүлөт”.

Бүтүм: Келтирилген цифралар чындыкка дал келбейт.

Фактчек: Биз 2018-жылдын 5-январына карата күйүүчү майдын үч түрүнө болгон баа менен 2018-жылдын 26-июнуна карата бааны салыштырып көрдүк (сайт akchabar.kg).

5.01 дельта %

Дизель 40,3 4 9,925558

АИ92 40 3 7,5

АИ95 42,2 3,3 7,819905

корзина 122,5 10,3 8,408163

Буга ылайык, күйүүчү май 7,5-9.9 %га же орто эсеп менен жыл башынан бери 8,4 %га кымбаттаганын аныктадык.

Экономика министри балким узак мөөнөттүү көрсөткүчөрдү келтирди дейин десек дагы цифралар окшошкон жок. Таблицада көргөндөй, бир айдын ичинде эле күйүүчү майды нбаасы 4,2-4,8%га көтөрүлгөн.

28.05 дельта %

Дизель 42,2 1,8 4,265403

АИ92 41,2 1,8 4,368932

АИ95 43,4 2,1 4,83871

корзина 126,8 5,7 4,495268

Экономика министрлигинин сайтында баалардын анализи даталар боюнча көрсөтүлгөн. 11- январда жана 13-июндагы маалыматтарды карасак, бензиндин баасы 2,5%дан (АИ 92 Талас облусунда) 13,51%га чейин (АИ80 в Бишкекте) көтөрүлгөн.  Бул маалыматтар да Панкратов билдирген цифрадан айырмаланат. Рсепублика боюнча күйүүчу майларга болгон баа жыл башынан бери орто эсеп менен 7,54%га өскөн(экономика министрлигинин сайтындагы маалыматтар боюнча). Ал эми өткөн жылды дагы кошкондо орто эсеп менен 14,88%га жогорулады.

Көрсөткүчтөрдү азайтып айтуунун себептери: күйүүчү май анчалык кымбаттаган эмес деп элди жооткотуу жана мамлекеттик контролдун элементтерин киргизбөө чаралары.

Булактар:

https://www.akchabar.kg/news/bishkek-fuel-05-01-2018/

https://www.akchabar.kg/news/bishkek-fuel-26-06-2018/

https://www.vb.kg/…/371656_y_kyrgyzstana_poiavitsia_alterna…