«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорундагы плагиат жана манипуляция - Factcheck
Factcheck Factcheck в КР

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорундагы плагиат жана манипуляция

15.05.2020

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорундагы плагиат жана манипуляция

14-майда  «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө»   мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.  Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары депутат Гүлшат Асылбаева көрсөтүлгөн.

Factcheck.kg аталган мыйзам долбоорун жана анын маалымкат-негиздемесин тыкыр изилдеп көрүп,  документтердеги тексттин Россиянын мыйзамы жана 2017-жылы сунушталган мыйзам долбоору менен окшоштугун, мындан тышкары, плагиат, манипуляция жана так эмес которууну аныктап чыкты.

Алгач, маалымкат-негиздеменин текстинин кыргыз жана орус тилдериндеги варианттары айырмаланарын белгилейбиз: 

  • Орус тилинде:

Актуальность данного законопроекта обусловлена тем, что действующее законодательство Кыргызской Республики должным образом не регулирует правоотношения, связанные с распространением информации в Интернет пространстве.

  • Кыргыз тилинде 

Бул мыйзам долбоорунун актуалдуулугу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары Интернет мейкиндигинде маалымат жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салбагандыгы менен шартталган

маалымкат-негиздемеден алынды.

 

Башкача айтканда, кыргыз тилиндеги вариантта учурдагы мыйзамдар Интернеттеги маалыматты жайылтуу менен байланышкан укуктук мамилелерди дээрлик жөнгө салбайт, ал эми орус тилиндеги вариантта тиешелүү түрдө жөнгө салбайт.

 

  • Орус тилинде:

В последние годы Интернет стал самым популярным источником информации

  • Кыргыз тилинде:

Акыркы жылдары Интернет популярдуу маалымат булагына айланууда

маалымкат-негиздемеден алынды.

Байшача айтканда, орус тилиндеги вариантта Интернет эң популярдуу маалымат булагына айланса, кыргыз тилиндеги вариантта сын атоочтун күчөтмө даражасы көмүскөдө калган жана Интернет жөн гана популярдуу болуп калган. 

 

Дегенибиз, 2019-жылдын декабрь айында Эл аралык Республикалык Институт тарабынан өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, өлкөдөгү эң популярдуу маалымат булагы – телевидение.

Жыйынтык: так эмес которуу

 

Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, анткени Түйүндө маалымат издөө ыңгайлуу, жөнөкөй жана китепканага баруу, гезиттердин архивдерин окуп чыгуу же телевизор көрүүгө караганда бир топ аз убакытты талап кылат эмеспи.

– маалымкат-негиздемеден алынды.

 

Жыйынтык: жартылай чындык

Маалыматты желеден издөө илимий-изилдөө иштерине мүнөздүү иш-аракеттер менен салыштырылып атат. Мындай логикага таянсак,  жарандардын китепканага баруусу жана архивге кайрылуусу да мыйзам тарабынан жөнгө салынышы керек эле. Чынында бул иш-чаралар китепканалардын жана архивдердин ички эрежелери менен жөнгө салынат.

Телекөрсөтүү менен Интернет айдыңындагы маалыматты салыштыруу дезинформация болуп саналат. Себеби, белгилүү бир шарттарда жаңылыктарды сыналгыдан көрүү аларды сайттан окуп же Интернеттен издеп тапканга караганда азыраак убакытты талап кылат.

Интернет-технологиялардын такай өнүгүп турушуна байланыштуу коомдо Интернеттин пайдалуу экендиги туурасында позитивдүү коомдук пикир калыптанды…

– маалымкат-негиздемеден алынды

 

Жыйынтык: манипуляция

Бул мыйзам долбоорунун негиздемесиндеги талаштуу билдирүү. Айрым изилдөөлөр көрсөткөндөй, коом Интернетти тескеринче, зыяндуу деп эсептейт. Маселен, 2015-жылы ФОМ тарабынан өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, ата-энелердин 49%ы дүйнөлүк желе балага зыян деп жооп берген. Интернет-технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу коомдо ал пайдалуу деп эсептелинет жана позитивдүү пикир калтырат деген билдирүү — манипуляция.

 

… ал эми анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен аудиториясынын кеңейиши көптөгөн маалыматтык сервистер менен ресурстардын жаралышына алып келди

– маалымкат-негиздемеден алынды

Жыйынтык: чындык

Бирок бул билдирүү Интернетти жөнгө салуучу мыйзамды киргизүүгө негиз боло албайт.

 

Интернет аркылуу маалымат издөө катардагы колдонуучулардын гана эмес, мамлекеттик кызматкерлердин, бизнесмендердин жана коммерциялык уюмдардын да өзгөчө укугу (прерогатива) болуп калды.

– маалымкат-негиздемеден алынды  

Жыйынтык: манипуляция.

ПРЕРОГАТИВА — Өзгөчө укук, мамлекеттик органдын, кызмат адамынын артыкчылыгы. Бийликтин ыйгарым укуктары.

Ожеговдун, Шведованын сөздүгү. Интернет аркылуу маалымат издөө эч кимдин өзгөчө укугу эмес, айрыкча расмий же мамлекеттик органдын артыкчылыгы эмес болгонуна байланыштуу, жогорудагы сүйлөмдүн маңызы жок. 


Анткен менен Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес.

– маалымкат-негиздемеден алынды  

 

Жыйынтык: чындык

 

Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейин, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт.

 – маалымкат-негиздемеден алынды  

Жыйынтык: манипуляция.

Сүйлөмдүн курамында логикалык ката бар, бул бүдөмүк фраза.  Логикалык жактан алып караганда, «кызыкчылыктардын чөйрөсү» деген сөз айкалышынан соң, ага тиешелүү субъектилер тууралуу айтылышы керек эле. Бирок, анын ордуна объектилер же сапаттык мүнөздөмөлөр келтирилген. Башкача айтканда, «кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсү» — «жарандардын кызыкчылыгы», «саясатчылардын кызыкчылыгы», «коомдун жана улуттун коопсуздугун камсыз кылган органдардын кызыкчылыктары» деп айтылышы керек эле.


Эл аралык тажрыйба

Маалымкат-негиздемеде Германия, Франция жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдөгү социалдык тармактарды «жөнгө салуу» жаатындагы эл аралык тажрыйба мисалдары келтирилген.

Factcheck.kg аталган мамлекеттердин бирөөсүндөгү тажрыйба менен бул мыйзам долбоорунун окшоштугун текшерип көрдү.

Германияда социалдык тармактардагы укуктарды коргоо боюнча мыйзам чынында эле кабыл алынган.

Бирок, депутат Гүлшат Асылбаева сунуш кылган мыйзам долбоору менен Германиянын мыйзамдарынын максаттары жана көз караштары такыр дал келбейт, ошондуктан Германия тажрыйбасын мыкты мисалы катары кароонун өзү туура эмес. Германиянын мыйзамына ылайык, жаңы эрежелер эки миллиондон ашык колдонуучулары бар социалдык тармактарга карата колдонулат.

Германия Федеративдик Республикасы эң популярдуу жети социалдык тармакты аныктаган (Facebook, YouTube, Instagram, Twitter, Google+, Pinterest и Soundcloud). «Мыйзамсыз маалымат жарыяланып, ал ачыктала турган болсо», социалдык тармактардын ага карата колдонулуучу чаралары так жазылган.

Эң башкысы, зыян контентти жайылтуудагы жоопкерчилик колдонуучулар менен жеке жактарга эмес, социалдык тармактардын өзүнө илинген. Социалдык тармактар өз платформасынын модератору катары контент (мазмун) үчүн жооптуу.

Мындан тышкары, маалымкат-негиздемеде эл аралык тажрыйбанын терс жактары белгиленбегенин айта кетели.

«Репортеры без границ» аттуу Эл аралык уюмдун маалыматына ылайык:

Германияда Интернеттеги укуктарды менчиктештирүү мыйзамдаштырылган. Тигил же бул билдирүү мыйзамсыз экенин сот чечиши керек. Бирок, бийликтин жазасынан кутулуу үчүн Facebook жана башка компаниялар күмөн жаратуучу контентти териштирбей туруп өчүрөт.

 

 Мыйзам долбоору

Гүлшат Асылбаева  сунуштаган жаңы мыйзам долбоорунун тексти 2017-жылы март айындагы коомдук талкууга чыгарылган Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» жана  «Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө»  мыйзамына 64% дал келет.

Гүлшат Асылбаева сунуштаган мыйзам долбоорунун 1-беренесинде мындай деп айтылат:

 

Интернетте таратылып жаткан маалымат көпчүлүк алдындагы, жарандык жана башка укуктук мамилелердин объекти боло алат. Эгер мыйзамдарда маалыматка жетүү боюнча чектөөлөр же болбосо аны берүүгө же жайылтууга башка талаптар белгиленбесе, маалымат каалаган адам тарабынан эркин колдонулуп, бир адамдан экинчи адамга берилсе болот.

Орусча вариантында: Информация, распространяемая в Интернете, может являться объектом публичных, гражданских и иных правовых отношений. Информация может свободно использоваться любым лицом и передаваться от одного лица другому лицу, если законами не установлены ограничения по доступу к информации либо иные требования к порядку ее предоставления или распространения.

Бул текст «Административдик укук» (5-бас, авторлор: Лев Попов, Сергей Тихомиров, Юрий Мигачев китебинин 308-бетиндеги текст менен шайкеш келет:

https://factcheck.kg/froala/uploads/0873ff49cc4384d36b508d675fd8e4eab7d57c5a.png

 

4-берене:

Маалымат жайгаштырыла турган Интернет сайтынын (же) Интернет түйүнүндөгү баракчанын ээси аталган маалыматты жайгаштырууда же аны пайдаланууда, анын ичинде аталган маалымат ушул сайтка же сайттын баракчасына Интернет түйүнүнүн башка колдонуучулары тарабынан жайгаштырылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, анын ичинде төмөнкүлөр сакталышын камсыздоого милдеттүү:

Орусча вариантында:

Владелец сайта и (или) страницы сайта в сети Интернет, на которых размещается информация, при размещении и использовании указанной информации, в том числе при размещении указанной информации на данном сайте или странице сайта иными пользователями сети Интернет, обязан обеспечивать соблюдение законодательства Кыргызской Республики…

 

Бул берене «Маалымат, маалыматтык технологиялар жана маалыматты коргоо жөнүндө» Федералдык Мыйзамынын 10.2 беренесинен алынган:


https://factcheck.kg/froala/uploads/d3a71bfed9874691bf4474dfdeb2034d0a14aad3.png

4-беренеде айтылган дагы бир сүйлөм Россиялык мыйзамдан алынган:

Интернет түйүнүндөгү сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ээси ага юридикалык жактан маанилүү билдирмелерди жөнөтүп туруу үчүн Интернеттеги өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына фамилиясы менен инициалдарын, электрондук дарегин жайгаштырууга милдетүү.

Орусча вариантында:

Владелец сайта и (или) страницы сайта в сети Интернет обязаны разместить на своем сайте или странице сайта в сети Интернет свою фамилию и инициалы, электронный адрес для направления ему юридически значимых сообщений.

Россиялык мыйзамда:

https://factcheck.kg/froala/uploads/ea893e3ea9e2e67ea199bd78374df9e82b76025a.png

3-пункт:

Интернет түйүнүндөгү сайттын, сайттын баракчасынын ээси жана Интернет колдонуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каалагандай ыкма менен маалыматты эркин издөөгө, алууга, берүүгө жана жайылтууга;
  2.  мындай тексттерди жана (же) башка материалдарды жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Интернет түйүнүнүн башка колдонуучуларынын тексттерин жана (же) башка материалдарын Интернет түйүнүндөгү өзүнүн сайтына же сайттын баракчасына жайгаштырууга же жайгаштырууга жол берүүгө.

 

Орусча вариантында:

Владелец сайта, владелец страницы сайта и пользователь в сети Интернет имеет право:

1) свободно искать, получать, передавать и распространять информацию любым способом в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

2) размещать или допускать размещение на своих сайте или странице сайта в сети Интернет текстов и (или) иных материалов других пользователей сети Интернет, если размещение таких текстов и (или) иных материалов не противоречит законодательству Кыргызской Республики.

 

Кайрадан россиялык мыйзамдын сөзмө-сөз көчүрүлгөнүнө күбө болобуз:

https://factcheck.kg/froala/uploads/3950e95b0ac0ad1ba5eb6649b53901cd791854ca.png

7- берене:

Провайдер Кыргыз Республикасынын аймагында Интернет түйүнүнүн колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалыматтарын, жазуу тексттерин, сүрөттөрүн, добуштарын же башка электрондук маалыматтарын кабыл алуу, берүү, жеткирүү жана (же) иштеп чыгуу фактылары жөнүндө маалыматты жана ушул колдонуучулар жөнүндө маалыматты мындай иш-аракеттер аяктаган учурдан тартып алты ай ичинде сактап турууга, ошондой эле аталган маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда сот органдарына, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун коргогон же ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга берүүгө милдеттүү.

Орусча вариантында:

Провайдер обязан хранить на территории Кыргызской Республики информацию о фактах приема, передачи, доставки и (или) обработки голосовой информации, письменного текста, изображений, звуков или иных электронных сообщений пользователей сети Интернет и информацию об этих пользователях в течение шести месяцев с момента окончания осуществления таких действий, а также предоставлять указанную информацию судебным органам, уполномоченным органам, осуществляющим оперативно-розыскную деятельность или обеспечение безопасности Кыргызской Республики, в случаях, установленных законодательством Кыргызской Республики.

Ал эми Россиянын мыйзамына ылайык:

 

https://factcheck.kg/froala/uploads/3d5ad30761a14952eb57cce7482e6dbee2419930.png

Жыйынтык: 

  • Маалымкат-негиздемеде стилистикалык жана логикалык каталар бар;
  • «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору

    Россия Федерациясынын «Маалымат, маалыматтык технологиялар жана маалыматты коргоо жөнүндө» федералдык мыйзамынын беренелерин көчүргөн жана Жогорку Кеңеште 2017-жылдын март айында сунушталган мыйзам долбоорунун 64%ын кайталайт;

  • «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинин өзүндө манипуляция камтылат;
  • маалымкат-негиздеменин текстинин кыргыз жана орус тилдериндеги варианттары айырмаланат.