Төрага менен Анжеликанын кандай байланышы бар?

Төрага Дастан Жумабековдун @za_dzhumabekova аттуу жаңы Instagram баракчасы социалдык тармактарда талкууга алынды.

 

 

 

 

Колдонуучулар кыска аралыкта 142 миң катталуучу чогулткан аккаунттан күмөн санады —айрымдары спикерди даяр аккаунтту сатып алды десе, башкасы анын катталуучулары  чыныгы эмес деп божомолдоду.

 

Twitter колдонуучуларынын өтүнүчү менен Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

 

Белгилей кетсек, Дастан Жумабековдун 2019-жылдын сентябрь айынан тарта иштеп келген dastanbek_djumabekov_official аттуу башка акккаунту бар. Анда катталуучулардын саны 1,5 миңдин тегереги.

 

Жаңы аккаунт үстүбүздөгү жылдын 1-мартында,  алгачкы пост жарыяланган күнү ачылганын Instagram социалдык тармагынын өзүнөн аныктайбыз.

Ушул эле жерден профилдин аталышы ачылгандан тарта өзгөрүлбөгөнүн биле алабыз.

 

Төрагага катталгандардын көбү башка аккаунттарга да катталган:

@kydyrmyshev_ruslan (80%),

@pod_zarplatu (57%),

@aidana_deka_official (53%)

@elite_home_kg (50%).

 

Searchusers.com сервисин колдонуп, профиль тууралуу кеңири маалымат алабыз:

  • жалпы посттордун саны — 101;

  • бир постко “жактыруу” (лайк) белгисинин орточо саны — 1,5 миң;

  • бир постко орто эсеп менен 82 комментарий туура келет.

Мындан тышкары, аталган профилдин көп колдонгон хештег жана тегдерин да көрө алабыз. Кодонуучулар эң көп жактырган жана эң көп комментарий калтырган постторду да көрө алабыз.

 

 

 

Ал эми app.hypeauditor.com кызматы катталуучулар кайсы мезгилде кошулганы тууралуу маалымат берет.

Акыркы 4 жума ичинде жаңы катталуучулардын саны дээрлик 53%га өскөнүн көрсө болот.

“Инстаграмда” колдонуучулардын санын кескин жогорулатуу үчүн түрдүү конкурстар (гивдер)  өткөрүлөрү белгилүү болгондуктан, бул ыкманы төрага да колдонгонбу деген суроо жаралат. Ага жооп издеп, атактуу эстрада жылдызы, Анжелика Кайратованын баракчасына баш багабыз. Анын катталуучуларынын саны 2 миллиондон ашуун болгондуктан, көптөгөн конкурстарды өткөрүп турат.

Ырчы @million_ot_anjeliki аттуу баракчасын активдүү алып барары белгилүү болду. Эрежеге ылайык, колдонуучулар бул баракчада көрсөтүлгөн 169 демөөрчүгө катталуусу керек.

 

Демөөрчүлөрдүн арасынан Дастан Жумабековдун жаңы аккаунтун табабыз. Мындан тышкары, жогоруда айтылган жалпы катталуучулары бар башка аккаунттарды да көрсө болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтык:

  • Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун  za_dzhumabekova аттуу жаңы профили 2020-жылдын 1-мартында ачылган. Дал ушул күнү алгачкы пост жарыяланган;

  • буга чейин ал аккаунттун аты өзгөрүлгөн эмес;

  • спикер конкурстарга демөөрчүлүк кылып 2,5 ай ичинде 142 миң катталуучу чогултканга жетишкен;

  • катталуучулардын санын өстүрүүдө Жумабеков атактуу белгилүү ырчы Анжелика менен кызматташат.

Белгилей кетчү жагдай, парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчылар социалдык тармактарда активдүү иш алып барууда. Бирок, саясатчыларга катталгандардын  саны алардын тарапташтарынын санынан кабар бербейт.