Каржы министри чиновниктердин чыгашасы кыскарат деди эле, бирок чыгаша кыскармак түгүл, өсүшү күтүлүүдө.

Министрлер цифралар менен манипуляция жасоону көнүмүш адатка айлантышкан. Оозу менен бирди айтса, иш жүзүндө башка көрүнүшкө күбө болосуң. Кызык!

Министрлер цифралар менен манипуляция жасоону көнүмүш адатка айлантышкан. Оозу менен бирди айтса, иш жүзүндө башка көрүнүшкө күбө болосуң. Кызык!

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин калпы чыкты. 26-сентябрда өкмөт жыйынында республикалык бюджет тууралуу жасаган билдирүүсүндө ал “2019-жылы министрлик жана ведомстволордо бюджеттеги чыгашаларды 14 млрд сомго кыскартуу пландалып жатат” (цитата – 24.kg МА), – деп билдирген.

«Бул маселе боюнча министрликтер менен макулдашуулар жүрүп жатат. Анткени көпчүлүк министрликтерде бюджет колдонулбаган боюнча калууда. Негизинен,  энергетика, транспорт, соцсектор, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү чыгашалар кыскартылат”, – деп билдирди Адылбек Касымалиев.

Министрдин бул билдирүүсүн текшерүү биз үчүн кыйынга турган жок. Муну ар бир адам жасай алат.

Бул үчүн эмне кылуу керек:

Азыркы, мурунку жылдардын жана бюджеттердин долбоорлору каржы министрлигинин сайтында  «Бюджет» бөлүмүндо жайгаштырылган.

«Бюджеттин долбоору» бөлүмчөсүндө «КР 2019-жылга карата республикалык бюджетинин долбоору» аттуу материалды таап жүктөйбүз.

 «Ведомство боюнча чыгашалардын классификациясы: операциялык чыгашалар, каржы эмес активдер, каржы активдери» аталышындагы №5 тиркемеде министрлик жана ведомстволордун чыгашаларынын көлөмүн көрө алабыз.

Жыйынтыгында, 2019-жылы бул статья боюнча министрликтер 170 млрд 575 млн сом коротууну пландап жатканына күбө болдук. Бул деген азыркы 2018-жылдагыдан 49 млрд сомго көп.

Бүтүм

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин келээрки жылы министрлик жана ведомстволордун чыгашалары 14 млрд сомго кыскартылат деген сөзү – КАЛП.