Азия News гезитинин макаласына МЕДИАСЫН: каарманды кемсинтүү жана жеке пикир

 2019- жылдын 5-сентябрында Азия News гезитинде «Жасалма түрдө жолборс болгон Мырзакматов коендой коркок тура» аттуу макала жарык көрдү.  

Материалдын баштемасы Мелис Мырзакматовду тескери сүрөттөө менен бирге терс каарманга таандык образ жаратат. 

Макалада Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турганда кадыр-барк топтоп, борбордук бийлик менен тирешүүгө чейин баргандыгы айтылат. Жыйынтыгында мэрге карата кылмыш иштери козголуп, ал өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону баяндалат. 

Андан ары автор Мырзакматовдон башка саясатчыларга да кылмыш иштери козголгонун айтып, алар  өлкөнү таштап кетпей, кесилип кеткендиги, ал эми  эркиндикке чыкканда алардын эл алдында жүздөрү жарык экенин белгилейт. «Мырзакматовдун чет өлкөгө качып жүрүшү жигиттик да, саясатчылык да эрежелерге дал келбей калды го? Эмнеге коркот?», «Жаны өзгөчө таттуубу?», «Ал жасалма түрдө «жолборс» болуп, иш жүзүндө коендой коркок экенин далилдеп атпайбы…», – деп жыйынтыктайт. 

Материалда автор тарабынан «көө жабуу», «тамга басуу» (навешивание ярлыков) деген сымал манипуляция ыкмасы колдонулат. Аталган ыкма аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү алдын ала берип, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Булак- Коул, 1998,  210-312 – беттер. 

Макала каарманын  «коендой коркок», «жасалма жолборс» деп атап,  автор ага өзүнүн жеке баасын берүү  менен,  Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10-беренесин одоно бузган: 

10- берене: Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл. 

Макала каарманына жана анын ишине автор жеке баасын бергени айдан ачык байкалат.  

Мындан тышкары, материал башынан тарта акырына чейин каарманды жана анын кылган ишин каралоого багытталган. “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, 

 Журналист кесиптик ишин жүзөгө ашырууда инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдеттүү. 

Жыйынтык: 

  1.  Макалада Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 10-беренеси жана  “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 7-беренеси бузулган
  2. Автор «көө жабуу», «тамга басуу» (навешивание ярлыков) деген сымал манипуляция ыкмасын колдонгон.