Медиасын: журналисттик материалда макал-лакап менен метафораларды колдонуу — манипуляциянын бир түрү

NazarNews.kg маалымат агенттигинин сайтынын “аналитика” рубрикасында «“Жылкыга карап ышкырган” жылкы мүнөз Жылкыбаевдин “жылымтык” осурагы Ошту жыргатабы?» аттуу макала жарык көргөн.

Автор материалдын аталышында макал-лакап менен метафораларды колдонуп, Ош облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаевдин аты-жөнүнө уйкаштырган. Чындыгында  макаланын аталышы каарманды кемсинтип, анын ишине шек келтирет. КР Конституциясына ылайык, ар бир адам ар-намысынын корголушуна укуктуу. “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамда журналист чыгармачылык ишинин жүрүшүндө адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдетүү деп жазылган.

Ал эми без кеп кылган макалада аталган мыйзамдардын бузулушуна күбө болобуз.

Материладын мазмунунда автор Узарбек Жылкыбаевдин ишинин тазалыгына шек келтирип, Ысык-Көл жана Ош облустарын башкарып турганда мыйзамсыз байыганы тууралуу кеп козгойт: “Жылкыга карап ышкырып, акчага карап иш кылган” Жылкыбаев Бостерини боздотуп, “бүргөнүн майын сызгырып, кумурсканын ичегисин артып жүрүп” элдин байлыгын топтоп алган.

«…бирок Жаныш Рустенбеков, Бекболот Талгарбеков, Узарбек Жылкыбаев сыяктуу акча дегенде чалкасынан жата калып, капчыгын толтура тургандар Ош жакта деле табылса керек.»

Бул айыптоолоруна автор бир да далил келтирген эмес. Ал Ош облусунун губернаторун каралап аткан учурда “ассоциация түзүү” аттуу манипуляциянын бир түрүн колдонгон. Жыйынтыгында “Жылкыбаев” деген ысымды көргөн соң, окурманда дароо мыйзам бузган, таза иштебеген, ач көз адамдын образы калыптана баштайт.

Каарманды каралоо үчүн метафоралар (салыштыруулар) колдонулат. Анын негизинде каарманга жасалма жол менен начар мүнөздөмө берилип, массалык аң-сезим аны терс, начар деп кабыл ала баштайт. – Виктор Сороченко. Пропаганда ыкмаларынын экнциклопедиясы.

(Как нас обрабатывают СМИ, политики и реклама).

Журналисттин милдети — күнөөсүздүк жоромолу принцибин так сактоо. Ал принцип Конституцияда да бекитилген.  Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексине ылайык, соттун чечими чыкмайынча журналист адамды кылмышкер деп атай албайт (13-берене). Мындан тышкары, ошол эле кодекстин 10-беренесине ылайык, фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Албетте, Узарбек Жылкыбаев сыяктуу чоң кызматты аркалаган саясатчылар ар дайым элдин назарында болгонун түшүнүп турабыз. Алардын ар бир кылган иши, жасаган кадамы жана элдин алдына чыгуусу көпчүлүк учурда сынга кабылып, коомчулук жана журналисттер тарабынан талкууга алынат. Бирок, кандай болгон күндө  да, Жогорку соттун Пленумуна макаланын авторунун көңүлүн бурууну туура көрдүк. Анда мындай деп айтылат:

– Мамлекеттик кызматтагылар өз милдеттерин аткаргандыгы тууралуу ЖМК тарабынан сынга алынат. Себеби, сын-пикир мамкызматтагылар өз ишин ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү аткарышына түрткү болот.

– Коомдук адамдар сүйлөгөн сөзүн жана жүрүм-турумун чагылдырууда ачык болушу шарт.

– Ошол эле учурда, конструктивдүү сын менен кемсинтүү, каралоо максатында колдонулган негизсиз жалаа, кадыр-баркка жана абройго шек келтирген ыкмаларды айырбаштоо зарыл.

Материалда регион аралык касташууну күчөткөн жана саясатчыларды бири-бирине каршылаштырган сөз айкалыштарын кезиктирсе болот: «Ошко Үсөн Сыдыков, Сооронбай Жээнбеков сыяктуу бийликтин кулагын чойгон жигиттери түгөнүп калгансып дайыма түндүктүн жигиттерин алып баруу модасы бар.»

КР Конституциясынын  ылайык,  эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, 16-беренесине ылайык, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес. Кыргызстанда  адамдын туулган аймагына жараша пропагандалоого же кодулоого тыюу салынган.

Журналисттин Этикалык кодексине ылайык, журналист коомдун демократиялашуу процессине, Кыргызстандын көп улуттуу элинин ынтымагына, ошондой эле өлкөдөгү экономикалык жана социалдык өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө тийиш (1-берене).

Совет доорунда колдонулган ар түрдүү рангдагы мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо ыкмасын президент Сооронбай Жээнбеков да колдонуп атканын  ачык булактардан алынган маалыматтар тастыктайт.

Бул ыкма регион аралык ынтымакты бекитүү максатында киргизилгенине карабай, макаладаны окуган соң, жыйынтык тескери натыйжа берет.

NazarNews.kg маалымат агенттиги макаланы “аналитика” рубрикасына киргизген. Бирок, материалда фактылар, далилдер жана анализдер жок болгон соң, жагдайды жакшыртуунун жолу берилбей, мисал келтирилбесе, аны аналитика деп атоо канчалык деңгээлде туура болот?