Алдамчылык жана “адал акча табууну” убадалоо. Улуттук банк каржылык жардам таратпай эле

Facebook коомдук тармагында Кыргызстандын Улуттук банкы элге “расмий жардам” көрсөтүп жатат имиш деген жарнамалык билдирүү кеңири таркатылууда. 

Иллюстрацияда таанымал ырчы Нурсан Насипти сүрөтү, “Өзүңдүкүн ал!” деген чакырык жана банк картасына акча келип түшкөндүгу тууралуу Улуттук банктын атынан келип түшкөн имиш SMS-билдирүүлөрдүн скриншоттору колдонулган.

Factcheck.kg’нин журналисти расмий комментарий алуу максатында КР Улуттук банкынын басма сөз кызматына кайрылганда, таркатылып жаткан жарнама фейк экенин, ал эми банк мындай “жардамды” көрсөтпөгөнүн билдиришти.

«Адал» бизнес

Журналисттер жарнамалык акция уюштурулган Facebook’тагы Credential деген аталыштагы баракты табышты. Баракта расмий дарек катары Киев шаарынын Киото көчөсү, 12-үй көрсөтүлгөн. Мындай көчө Киев шаарында чынында эле бар.

Credential барагында белгиленгендей, ал оюн-зоок контентти таркатат, ал эми барактын лентасындагы жаңылыктар негизинен жапайы жаныбарларга жана спорттук иш-чараларга тийиштүү. Материалдар англис тилинде гана жарыяланат. 

Бул бир караганда. Бирок журналисттер жарнамалык кабинетине кирип, акча которууларга, акчаларды жеңил табууга байланыштуу дароо төрт активдүү жарнаманы табышты, алардын бардыгы Кыргызстанга багытталган болуп чыкты. Жарнамалык плакаттарда Бактыгүл Бадыева (Instagram’да ага 1.2 млн адам жазылган) жана Тимур Файзиев (ишкер) сыяктуу белгилүү адамдар тартылган. Ал эмес “Адал” («Халяль») деген да белги бар:

Белгилүү кыргызстандыктардын сүрөтү бар үч жарнама Facebook’та, ал эми Бадыеванын сүрөтү менен жарнама Instagram’да таркатылууда. Бардыгы бир күндө 2022-жылдын 13-декабрында башталган.

Жарнамага бекитилген Telegram мессенджериндеги топко шилтеме “Адал акча табуу” («Заработок халяль») деген 24 миң адам катталган топко алып барат. Журналисттер топтогу билдирүүлөрдү талдап чыгып, Орусиянын жараны болуп эсептелген, Марат деген атты колдонгон бирөө (кардарларга орусиялык паспортун жана орусиялык банк картасынын номурларын жиберет) бардык каалоочуларга “инвестиция кылуу” жана “адал акча табуу” курстарын сунуштап келээрин аныкташты. Топто жарыяланган кардарлары менен кат алышуунун скриншттору боюнча, ал ага чоң эмес суммадагы каражатты жиберүүнү сунуштайт, кийин ал бул каражаттарды баалуу кагаздарды сатуу биржаларында же крипто-биржаларда “айлантмакчы”. 

Factcheck.kg редакциясынын журналисти кардар катары ага кат жөнөтүп, акча табуу боюнча нускама алган. Жаш жигит ага 6 миң сом өлчөмүндөгү каражатты которууну сунуштап, кийин аны жети эсе көбөйтүп берүүнү, башкача айтканда 42 миң сом кылып берүүнү убадалаган. Кардарлар менен кат алышуунун скриншотторуна ишенсек, ал ар бир келишимден 25%ын алат.  

Марат өзүн “мусулман трейдер” деп атап, анда “биржалык адал индекстерге” жетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин, ал кардарлардын акчаларын шариаттын талаптарына жооп берген компаниялардын акцияларына салаарын билдирет. Алар кайсы компаниялар экенин айтпады. Ошол эле кезде ал кат алышуусунда диний лексиканы кеңири колдонот, ал эми аватарында намазга чыгылган адамды сүрөтү турат, кат алышуулардын фонуна мечиттин сүрөтү коюлган, ал эми ысымында Каабанын эки сүрөтү колдонулат.

Эмне үчүн анын “адал” ишмердүүлүгүндө ал чоочун барактагы фейк жарнаманы жана белгилүү адамдардын сүрөттөрүн колдонот деген суроого Марат эч нерсе жооп берген эмес, кийинчирээк кат алышууларынын бардыгын өчүрүп койгон. Редакцияда аны менен кат алышуулардын скриншоту жана “мусулман трейдердин” видео-нускамасы сакталып калды.

Тыянак: белгилүү адамдардын сүрөттөрү жана КР Улуттук банкынын “расмий жардамы” колдонулган жарнама фейк болуп эсептелет. Фейк жарнама Telegram-каналга алып барат, анын ээси өзүн “мусулман трейдермин” деп тааныштырат жана ага акча которууну сунушайт. Ошол эле кезде ал фейк жарнама тууралуу суроолорго жооп бергиси келбей, жеке кат алышууларын өчүрүп салат.  

Factcheck.kg редакциясы жана КР Улуттук банкы текшерилбеген шилтемелер аркылуу өтпөөгө, белгисиз адамдарга каражаттарды которбоого жана эч качан банк карталарынын маалыматтарын, өзгөчө, картанын арткы бетиндеги CVV/CVC коддорун бербөөгө чакырат.