Жаңы жылга белек. Садыр Жапаров учак сатып алганы жатат

Президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Эрбол Султанбаев учурда жеке менчик учакты лизингге алуу процедурасы аяктап калганын билдирди. Бул же Bombardier Challenger, же Embraer Legacy болот.

Factcheck.kg редакциясы мурда мамлекет башчы кайсы учактарда учканын эстеп чыкты.

“Бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен” Embraer Lineage 1000

Жылдын башында, 6-февралда Садыр Жапаров жеке менчик бизнес-класстагы Embraer Lineage 1000 учагы менен Пекинге учуп барган. Ижаранын чыгымдары бюджеттик эмес каражаттардан жабылган. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирген.

“Бардык чыгымдар бюджеттик эмес каражаттардын жабылды, республикалык бюджеттен эч нерсе коротолуган жок”, – деп айтылат пресс-катчынын билдирүүсүндө.

Жеке менчик учак үчүн каражаттар кайсыл жактан алынганын пресс-катчы билдирбеди. Бул жерде кызыкчылыктардын кагылышы же коррупциялык көрүнүш барбы, азырынча белгисиз.

Temirov Live журналисттеринин маалыматы боюнча, бул учакта учуунун бир сааты болжолуу түрдө $11 700 турат. Бишкектен Пекинге учак 4,5 саат учкан, демек бардыгы болуп $52 650 (4 400 000 сомов) айланасында каражат кеткен.

“Акысыз учуп барды” Bombardier Global Express XRS

Нью-Йорктогу БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Садыр Жапаров 20-сентябрда АКШга Bombardier Global Express XRS учагында учуп барган.

Анда пресс-катчы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаров жетектеген кыргызстандык делегация АКШга тесттик режимде акысыз учуп барганын айткан.

“Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады”, – деген Эрбол Султанбаев.

Ошондо эле пресс-катчы билдиргендей, эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учак лизингге сатып алынмакчы.

Кошумчалай кетсек, учактын ижарасы саатына 6 400 евродон башталат. Бишкектен Нью-Йоркко чейин учак 16 саат 5 мүнөт учат. Демек бир тарапка гана учуунун баасы €100 миң түзөт.

“Бортту акысыз беришти” Embraer Legacy 600

Астанага иш сапар менен барыш үчүн 27-октябрда Жапаров Казакстанга кайра Embraer Legacy 600 бизнес-джети менен учуп барган. Муну Temirov Live долбоорунун иликтөөчү-журналисттери аныктап чыгышкан.

Бул учактын бир саатынын ижара акысы болжолдуу түрдө €5 200 түзөт.

Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев Kloop.kg медиасына Жапаров Астанага жеке менчик бизнес-джетте учуп барганын тастыктаган. Ал билдиргендей, компания бортту акысыз берген.

“Биз азыр бир бортту лизингге алуу маселесин караштырып жатабыз. Биз сүйлөшүү жүргүзүп жаткан компания бул бортту Астанага учуп барганга акысыз берди. Биз бир гана күйүүчү майын төлөп бердик. Жакынкы убакта борттордун бирин лизингге алуу маселеси чечилет”, – деди ал.

“Бул мамлекеттик зарылчылык”, Embraer Lineage 1000

Кыргызстандык ЖМКлар Садыр Жапаров 2021-жылдын 31-октябрында Глазгого (Шотландия) учканын билдиришкен. Ал БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 26-конференциясынын ачылыш аземине катышты.

Анда Factcheck.kg редакциясынын журналисттери Air X Charter авиакомпаниясынын  9H-NYC номурлуу Embraer Lineage 1000 учагы колдонулганын аныктап чыгышкан.

Белгилүү болгондой, Embraer Lineage 1000 (E190) – бизнес-класстагы реактивдүү учак. Ал Embraer авиакурулуш компаниясы тарабынан Бразилияда чыгарылат. Жогорку ылдамдыгы саатына 890 км, учуу алыстыгы 8344 км түзөт жана ичине 19 адамды батыра алат. Учактын баасы болжолуу 43.7 млн долларды түзөт.

Мындай учактын ижара баасы болжолуу саатына 12 000 евродон жогору, же 1.2 млн  сомду түзөт (КРУБ курсу боюнча). Бишкек-Прествик рейси 8 саатка созулат. Андыктан бир тарапка учуунун болжолуу баасы  96 000 еврону түзүүдө  (9.5 млн. сомго жакын). Ал эми учак менен кайра кайтуу жолун эсепке алсак, сапар болжолуу 190-200 миң еврого (19.8 млн сом) бааланат.

Бул иш сапардан кийин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов өзүнүн Twitter баракчасында Шотландияга учуп барыш үчүн жеке менчик учакты ижарага алуу зарыл болгонун билдирди.

“Тилекке каршы, британдык тарап коопсуздук себептерин айтып ТУ-154 учагын кабыл алууга макулдук бербеди. Иш сапардын үзгүлтүккө учуроо каркунучу жаралды. Бир нече күн мурун делегация үчүн бортту ижарага алганга аргасыз болдук. Бул мамлекеттик зарылчылык! Бул кооз жашоону жактыргандан эмес”.

“Күйүүчү майы үчүн гана чыгымдар” Embraer Legacy 600

18-декабрда Садыр Жапаров жеке менчик Embraer Legacy 600 бизнес-джетинде Катарга учуп барды. Kaktus.Media редакциясынын журналисттери аныктагандай, Бишкектен Дохага жана кайра артка учуп келүү болжолуу 50-60 миң доллар турат.

Эрбол Султанбаев билдиргендей, “кыргыз тарап авиациялык күйүүчү майга гана чыгымын көтөрдү, анын ичинде Президент Жапаровдун Катар Мамлекетине болгон бүгүнкү иш сапары дагы”.

Президенттин аппараты билдиргендей, мамлекет башчы Катарга иш сапар менен барды. Бирок ошол эле кезде катардык ЖМКлар Садыр Жапаровдун иш сапары тууралуу жазып жатышып, кыргыз мамлекет башчысы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта болуу үчүн учуп келгенин билдиришти.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан башчысынын учуулары Flightradar24 кызматы менен катталбайт жана аларды аныктоо кыйынчылыкты жаратат. Материалда журналисттерге белгилүү болгон гана учуулары келтирилди.